Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Британ премьери Кремлден сак болууну эскертти


Тереза Мэй
Тереза Мэй

Батыш Орусия менен кызматташууга, ошол эле маалда сак болууга тийиш. Мындай оюн Британиянын премьер-министри Тереза Мэй АКШдагы республикалык партиянын конференциясында ортого салды. Мэй жума күнү президент Дональд Трамп менен жолугушмакчы.

- Орусия жөнүндө кеп кылганда президент Рональд Рейгандын акылман мисалын эстен чыгарбоо зарыл. Ал СССРдин лидери Михаил Горбачев менен сүйлөшүүлөрдө "ишен, бирок текшерип тур" деген учкул сөзгө таянчу. Ал эми Путин менен мамиле курууда кызматташуу менен бирге сак болуу да зарыл, - деди Тереза Мэй.

Премьер Орусия бийлигин, асыресе Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алышын катуу сындап, башка өлкөнүн аймагын басып алуу “мыйзамсыз” деди.

Мэй Британия менен АКШнын алакаларын бекемдөө зарылдыгы жөнүндө сөз кылып, чет өлкөлөрдө аскердик биргелешкен узак операцияларды өткөрүү доору өткөн чакта калганын белгиледи.

- Британия менен Америка дүйнөнү өздөрү көргөндөй кылып өзгөртүү аракетинде суверендүү мамлекеттерге кийлигишкен күндөр артта калды. Бирок бул – биз чечкиндүү аскердик аракеттерди талап кылган реалдуу коркунучтарды унчукпай карап отура беребиз дегенди билдирбейт, - деп кошумчалады премьер.

Мэй Дональд Трамп бир жума мурун кызматына киришкенден кийин жолугушуп жаткан биринчи чет өлкөлүк жетекчи.

АКШнын жаңы президенти терроризмге каршы күрөшүү, Сирия жаңжалын жөнгө салууда Москва менен кеңири кызматташтыкты жактайт. Шайлоо алдындагы кампания учурунда Крымдын аннексиясынан кийин Обама администрациясы киргизген санкцияларды алып салуу ыктымалдыгын да айтып келген.

Британ премьери Орусияга коңшулаш өнөктөштөргө колдоосун кайталап, Батыш ал региондогу коопсуздукка коркунуч жаралбайт деп ишенимдүү ишара кылууга тийиш деди:

- Президент Путиндин аймак эми анын таасир чөйрөсүндө деген талаптарына көнүү менен президент Рональд Рейган менен премьер Маргарет Тэтчер Чыгыш Европага алып келген эркиндикти кооптуу абалга кептебешибиз керек.

Мэй ошондой эле Трамп администрациясын Иран менен ядролук келишимден чыкпоого, НАТО, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду өңдүү уюмдарды колдоого үндөп, алар реформага муктаж деп моюнга алды.

Ал тапта Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Лондондун Сирия боюнча позициясын кайра карап чыгууну, президент Башар Асаддын отсавкасын талап кылуудан баш тартууну сунуш кылды.

26-январда Британ парламентинде сүйлөгөн министр Сирияда Улуттар уюмунун көзөмөлү астында шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрдү.

Асаддын шайлоого катышуусун жокко чыгарбаган Жонсон Лондондун “эски позициясы” жаңжалды жөнгө салууда жемиш бербегенин белгиледи.

Буга чейин Британия Асаддын кызматтан жана саясаттан кетүүсүн талап кылып келген. Британ башкы дипломаты сунуш кылган вариант Орусия жана Ирандын позицияларына жакын жана Түркиянын вице-премьер-министри өткөн жумада жасаган билдирүүгө үндөш болуп кетет.

Мехмет Шимшек Сириянын экинчи ири шаары Алеппо өкмөттүк күчтөр тарабынан кайтарылгандан кийин Асаддын келечеги боюнча маселеде реалдуулукка жакын болууга чакырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG