Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:52

"Венгрияга ишке барып ара жолдо калдык"


Венгриядагы заводдордун бири.
Венгриядагы заводдордун бири.

Венгрияга заводго иштегени барган 200дөн ашуун кыргызстандык бир эле күндө "завод жабылды" деген негиз менен жумушсуз калышканын айтып, "Азаттыкка" кайрылышты.

Алар ишке жиберген ортомчу компания жумушчуларга иш берүүчүлөрдүн талаптарын түшүндүрбөй жибергенине даттанышууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул маселени көзөмгө алганын билдирүүдө.

"Бир күндө эле 220 кыргыз ишсиз калдык"

49 жаштагы Сабина Элет кызы (аты-жөнү өзгөртүлдү) 7-мартта өзү сыяктуу эле көптөгөн кыргызстандыктар менен чогуу Венгрияга учуп барган. Аларга Венгрияда автомашиналардын аккумуляторун чогултуучу заводдо иштей турганы айтылганы менен баргандан кийин көйгөйгө тушукканын "Азаттыкка" билдирди:

"7-мартта келдик, бизге чейин да 1-2-этап менен келгендер бар экен. "Рамай саякат" деген фирма аркылуу келгенбиз, бул жакта "Аса глобал", "Эйч Ар" жана башка ортомчу фирмалар аркылуу иштегени келгендер да бар. Бизди заводдун төрт кабаттуу жатаканасына жайгаштырышты, баарыбыз кыргызстандыктарбыз. Бул жерде иштин башталышын күтүп 20-мартка чейин жаттык, алып келген тамак-аш, акчабызды ошондо эле түгөткөнбүз. Ал аралыкта бизди медициналык кароодон өткөрдү. Көйгөйлөр ошол жерден эле чыга баштады. Эки кыздын кан басымы жогору экен деп, иштен четтетишти. Бири дары ичип атып, кан басымын түшүрүп, эптеп ишке кирди. Экинчисин жаратпай, ал кыз тааныштары аркылуу Германияга кетти. Биз Будапешттеги кореялык ишкерлердин автоунаалардын аккумуляторун чыгарган заводдо иштей баштадык. Алар бизден англис тилинен экзамен алабыз дешти, англисче үйрөнүп, жаттай баштадык. Ал ортодо он кишини "орус тилин билбейт, станокто иштей албайт" деген жүйө менен иштен чыгарып ийишти. Алардын да жарымы кайра Кыргызстанга, убактылуу жашоого уруксаты барлары Европанын башка жактарына кетишти".

Сабинанын сөзүнө караганда, калгандары үч айга жетпей иштеп жатып, 10-май күнү "кыскартууга туш келдиңер" деген негиз менен жумуштан бошотулган.

"Калгандарыбыз иштей баштадык, жакшынакай эле иштеп атканбыз. Бирок 10-май күнү бизди жумуштан айдап жиберди. Эч кандай себеби айтылган жок. Бирок өзүбүз "завод банкрот болуптур" деп уктук. Эми баарыбыз жумуш жок отурабыз. Он баланы башка ишке орноштуруптур. Иш келишимибизде "айлык акыбыз 1000 доллар, аккумулятор жасаган заводдо иштейсиңер" деп жазылган. Башка жумушка болсо 700-800 долларлык айлык акыга орноштуруп атышыптыр. Бул жакка келип, жумушка киргенден кийин заводдун иши оор, ден соолукка да зыяндуу экенин билдик".

Жумушсуз калгандардын дагы бири Рахаттын айтуусунда, Кыргызстандан түрдүү ортомчу фирмалар аркылуу барган жумушчуларды Венгрияда Alfa Works компаниясы тосуп алып, үч айга жумуш иштөөгө келишим түзгөн.

"Биз ар кайсы ортомчу фирмалар аркылуу келгенбиз. Бул жакта бизди Alfa Works деген компаниянын өкүлдөрү тосуп алып, заводго киргизип, үч айга келишим түзгөн. Биз "Кыргызстанда бир жылдык эмгек келишимин түзүп келгенбиз, эмне үчүн үч эле ай?" деп сурасак, "үч айга эле түзүлөт, улам узартып турабыз" дешкен болчу. Эми минтип үч айга да жеткирбей, иштен кыскартып салышты. Бизди алдап коюштубу десек, заводдо иштеп атканбыз... Ишсиз калган соң, Кыргызстандан бизди бул жакка жиберген фирмаларга чалдык, бул жактан тосуп алып, ишке орноштурган "Альфа воркко" бардык. Алар баары бизден качып, көңүл бурбай атышат. Арабызда карыздап акча алып келгендер бар, үйүн, уюн сатып келгендерибиз бар. Орто жолдо баягы эле жабыркаган эл болдук. Акыбалыбызды туугандарыбызга, жакындарыбызга айткан жокпуз, аларды кабатыр кылгыбыз келбейт. Ошондуктан аты-жөнүбүздү да өзгөртүп айтууга туура келип жатат".

Жумушсуз калгандан кийин алар Кыргызстандын Венгриядагы элчилигине кайрылышкан. Элчиликтин өкүлдөрү кыргыздарга эртерээк убактылуу жашоого уруксат кагазын алууну сунушташкан.

Сабина жумуш жок болгон соң, убактылуу жашоого уруксат да берилиши күмөн болуп турганына кабатыр.

Венгриядагы завод жана Alfa Works компаниясы менен байланышууга азырынча мүмкүн боло элек. Кыргыз мигранттарын Венгрияга жөнөткөн жергиликтүү фирмалар "Азаттыктын" суроолоруна макала жарыяланып жаткан учурда жооп беришкен жок.

"Буларды ишке орноштуруу аракети көрүлүп жатат"

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Венгриядагы кыргызстандыктардын маселесинен кабардар. Аталган министрликтин Жарандарды чет өлкөдө орноштуруу борборунун атайын иш менен камсыз кылуу жана мигранттардын укугун коргоо башкармалыгынын башчысы Арслан Байсопуевдин айтуусунда, банкротко учурады деп жабылып жаткан заводго кирип, бирок ишсиз калган кыргызстандык жарандарды башка жумушка жайгаштыруу аракеттери көрүлүп жатат.

"Тилекке каршы, Венгриядагы заводдо ушундай кырдаал жаралып, мекендештерибиз ишсиз калыптыр. Биз аларды азыр ошол эле өлкөдөгү башка жумуштар менен камсыз кылуу аракетин көрүп жатабыз. Биз банрот болду делген завод менен сүйлөшкөнбүз, жарандарыбыз башка жумуштарга орношкончо жатаканасында жашап турат. Эгер жараныбыз биз таап берген жумушка иштегиси келбесе, мекенине кайтса болот. Тилекке каршы, алар Венгриянын визасы менен башка мамлекетте иштей албайт. Ошондуктан булар ошол жерден туруктуу жашоочу катары документтерин алгандан кийин гана Венгриянын Шенген зонасындагы башка мамлекеттер менен ич ара макулдашуусу болгон башка өлкөгө барып иштей алышат".

Арслан Байсопуевдин маалымдашынча, Венгрияга кыргызстандыктарды ишке жиберген фирмалардын лицензиясы бар.

"Булардын баары уруксат кагаздары бар фирмалар. Венгрияга бүгүн келип келишим түзүп, эртең кетип калууга мүмкүн эмес. Ар бир жараныбыз каражатын, убактысын сарптаган. Ошондуктан биз азыр бардык көмөк көрсөткөн агенттиктер менен биргеликте ар бир жараныбызды жеринде жумушка орноштурууга аракет кылып жатабыз", - деди Арслан Байсопуев.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда жарандарга жумуш таап берип, чет өлкөгө жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштейт. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт.

"Тил билүү жана кесип ээси болуу - мигранттардын артыкчылыгы"

Орусия Украинага кол салгандан кийин кыргызстандыктардын миграция агымы Европа өлкөлөрүнө, АКШ, Канадага багыт алды. Буга соңку мезгилде Орусиядагы катаал эреже, талаптар да кошумча болуп, андан улам мекенине кайтып жаткан кыргызстандыктар Европанын ар кайсы өлкөлөрүнө кетүүгө умтулууда. Өкмөт дагы келишимдерди түзүп, квоталарды көбөйтүп жатканын айтып келет.

Алсак, 2023-жылы Британия мезгилдүү айыл чарба жумуштарына жалпысынан 8-10 миң жумушчуга квота берсе, Кыргызстан анын 5200үн гана жөнөтө алган. Атайын келишим менен жумушка жөнөтүлгөндөрдүн саны боюнча кийинки орунда Түркия турат. Былтыр бул өлкөгө 3100 ашуун киши барып иштеп кеткен. Андан кийин Германия (2118), Венгрия (1545) турат. Түштүк Корея кыргыз жарандарына 3 миңдей квота бөлгөнү менен, былтыр бул өлкөгө 453 гана киши жөнөтүлгөн.

Мунун себеби талаптардын жогорулугу экени айтылып келет. Бир топ өлкөлөр быйыл кыргызстандык жумушчуларга квотаны көбөйткөн. Чет өлкөгө жумушка орношкондордун көбү тейлөө, өндүрүш тармактарында иштейт.

Британияда бир нече ай эмгек мигранты болуп иштеп келген, учурда миграция маселелери боюнча консультант Мирбек Маматкасым Кыргызстанда иш алып барган агенттиктердин ичинде милдеттерин толук, убагында аткара албагандары бар экенин белгиледи:

Мирбек Маматкасым
Мирбек Маматкасым

"Европага ишке орноштурууну убада кылган ортомчу агенттиктер өтө көп. Алардын Кыргызстанда кеңсеси барбы, жокпу, ошого көңүл буруу керек. Анткени азыр интернетте алдамчылар аябай көп. Экинчиден, ортомчу фирмалар ишке орноштурам деген өлкөлөргө чынында эле ишке орноштурууга уруксаты барбы, муну да иликтеп коюу керек. Бирок кеңсеси да, уруксат кагазы да бар туруп, мүчүлүштүк кетирген фирмалар көп. Ортомчу фирмалар менен Кыргызстанда туруп келишим түзүлөт. Анда ортомчу агенттик жумуш издеген адамга белгилүү бир өлкөдөн, белгилүү бир жумушту таап берет деп так жазылышы, айлык акысынын өлчөмү да так көрсөтүлүшү керек. Антпесе, Венгриядагыдай окуя кайталана бериши мүмкүн. Агенттиктер адатта жумуш издегендерге ал жактагы талаптар тууралуу да так маалымат бербейт. "Орус тилин билсең жетет" деп жакынкы Европа өлкөлөрүнө жибере беришет. Бирок баргандан кийин тил билүү зарыл болуп чыгат. Ошондой эле бизден көбүнчө диплом же кесип талап кылынбаган кара жумуштарга алып кетишет. Бирок адис катары даярданып барган оң. Ширетүүчү, электрик, дарыгер жана башка кесиптин ээси болуп, ошол кесибинин багытында тилди да өздөштүрүп, анан ишке барса, айлык акысы да көп төлөнүүчү жумуштарга орношо алышат. Ал үчүн шашпай, бир-эки жылын кесип алууга жумшап, даярданып, анан барса, жыйынтыгы натыйжалуу болот".

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылы Жапония, Польша, Литва, Италия, Болгария жана Венгрия менен жумушка орноштуруу боюнча келишимдер болду. Негизинен Европага багыт алган мигранттар көбөйгөн.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле эгемендик жылдары эле түзүлгөн. Бирок мажар элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылды. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташып келет. Ондогон кыргызстандык студенттер Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар акыркы эки жылы катары менен эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири катары жумушсуздукту аташкан.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG