Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

"Вагнер" азгырган эки кыргыз жараны Украинада окко учту


"Вагнерчилердин" көрүстөнү.
"Вагнерчилердин" көрүстөнү.

"Азаттык" Орусияда "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу Украинадагы согушка кетип каза тапкан жаңы эки учурду тактады. Каза болгондордун бири 28, экинчиси 40 жашта. Экөө тең Орусиянын түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

Орусияда абакта жаткан миңден ашуун кыргызстандыктын канчасы согушка тартылганы азырынча беймаалым. Арасында өз ысымын жашырып кеткендери дагы бар экенин балдары абакта отурган ата-энелер айтып жатат. Бул айрымдардын дайынсыз болуп, табылбай жатканынын себеби болушу ыктымал дешүүдө. Ал ортодо Кыргызстандын соту Орусия тарапта Украинадагы согушка катышкан кыргыз жаранын 10 жылга абакка кести.

"Согушка качан кеткенин билбейбиз"

Кыргызстанга Орусиядагы түрмөлөрдүн биринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка тартылган дагы бир кыргызстандык жигиттин сөөгү келди. Бул соңку аптада эле "мүрзөгө барганга чейин ачпагыла" деген жазуу чапталып келген экинчи цинк табыт. 28 жаштагы Акжол (ысымы өзгөртүлдү) Кара-Суу районунан экени белгилүү болду. Жакындары анын каза болгонун 13-майда угушкан жана азырынча маркумдун толук аты-жөнүн ачык атабоону суранышты.

Алардын колуна тийген кара кагазда маркум март айында катуу кармаш жүрүп жаткан Украинанын Бахмут шаарында каза болгону көрсөтүлгөн. Өзүн маркумдун жакынымын деп тааныштырган Самат (ысымы өзгөртүлдү) Акжолдун кандай шартта каза болгону беймаалым экенин билдирди.

"Снаряд тийген болушу мүмкүн. "Вагнердин" өкүлдөрү өзүбүз Кыргызстанга жеткиребиз, табытты ачканга болбойт дешиптир. Туугандары өлүкканага барып көрө албай келишти. Согушка качан кеткенин дагы билбейбиз. Майда кайтып келем деп айткан экен".

Акжол болжол менен Украинадагы согушка Орусия алгач мобилизация жарыялагандан кийин, сентябрь-октябрь айларында кеткен. Согушка кеткенден кийин аны менен туугандары байланыша албай, дайыны чыкпай калган. Төрт-беш айдан кийин гана анын Украинада экени билинип, жакындары май айында келет деп күтүп жатышкан.

Акжол 2020-жылы тоноого шек саналып кармалып, 2022-жылы сот аны алты жылга абакка кескен. Ал үч бир туугандын ортончусу болгон.

"Согушта үч айдай жүргөн"

"Вагнер" компаниясы аркылуу Украинадагы согушка кетип каза тапкан дагы бир жаран, Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Бекзат Рысбаевдин сөөгү жаңы жылды утурлай эле Кыргызстанга алып келинип, жерге берилгени эми гана белгилүү болду. Ал дагы орус түрмөлөрүнөн алгачкылардан болуп, октябрь-ноябрь айларында кеткен экен. 40 жаштагы Бекзат "киши өлтүрүүгө" айыпталып, 10 жылга кесилген. Маркумга согушта снаряд тийгени болжолдонууда.

"Аны "Вагнер" алып кеткен. Октябрь-ноябрларда кеткен окшойт. Биз октябрдан бери аны менен байланыша албай калганбыз. Согушта үч айдай жүргөн экен. Сөөгү жерге берилди. Бир буту үзүлүп кеткен экен, тигип коюшуптур", - деди маркумдун тууганы Замир.

Бекзаттын туугандары "Вагнер" убада кылган каражатты алган эмес. Улам ар кайсы документти сурап, жыйынтыгында "өлгөндө берилет" деген миллион рубль берилбей калганын билдиришти.

Мындан мурдараак абактан согушка кеткен Чыңгыз Изабеков каза тапканын маркумдун жакындары “Азаттыкка” ырасташкан. Туугандарына келген кара кагазда 11-январда каза болгону көрсөтүлгөн. Маркумдун сөөгү кичи мекени Аксы районуна үч айдан кийин, 13-апрелде жеткирилип, ушул эле күнү жерге берилген. Туугандары алгач Чыңгыздын жараат алганын угушкан, кийин каза тапканы белгилүү болгон.

Ушуну менен "Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактады. Жети адамдын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, өздөрү туулуп-өскөн айылдарда жерге берилген. Бирөөнүн сөөгү Москванын жака белиндеги айылдагы "вагнерчилердин" көрүстөнүнө коюлган.

"Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодлик" кыргызстандык бир жигиттин сөөгү "вагнерчилердин" көрүстөнүнө коюлганын жазган. Биз бул маалыматты тактай алган жокпуз.

"Айла жок, согушка кеткенге кол коюп жатышат"

Украинада орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы ачыкка чыккан.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга айына 100-200 миң рубль төлөө, орус паспорту жана абактан бошотуу убадасы берилген. Макул болгондор менен алты айлык мөөнөткө келишим түзүлгөн. Бирок бул каражатты бардыгы эле алышпаганын каза болгондордун жакындары айтып жатышат.

"Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин абактагыларды согушка тартуу токтогонун билдиргени менен, түрмөлөрдө кыйноонун ар кандай түрлөрү колдонулуп, Украинага баруудан башка жол калтырбай жатканын айткан ата-энелер бар. Балдары согушка кетип калат деп чочулаган ата-энелер буга чейин Орусиянын абактарында отургандарды Кыргызстанга экстрадиция кылууну тездетүүнү өтүнүп, бийлик жетекчилерине кайрылышкан.

Орусияда абакта жаткан миңден ашуун кыргызстандыктын канчасы согушка тартылганы азырынча беймаалым. Арасында өз атын жашырып, орустардын аты менен кеткендери дагы бар экенин балдары абакта отурган ата-энелер белгилеп жатышат. Бул айрым балдардын дайынсыз болуп, табылбай жатканынын бир себеби болушу ыктымал дейт баласы абакта отурган энелердин бири Айнура.

"Орус ысымын же фамилияны алып кеткендер дагы бар экен. Ошолор кантип табылат? Канчалаган балдар кетиптир. Аларга акча деле кызык эмес, азгырылгандай. Буларды тамак бербей, кайта-кайта изоляторго камап, согушка барганга түртүшөт экен. Балдар айла жок согушка кеткенге кол коюп жатышат. Айлабыз жок, кантебиз, эмне кылабыз? Болгону эле которуу иштерин тездетип бериңиздер деп бийликтен суранабыз. Балдарыбыз кетип калышат".

Ал ортодо Орусиянын ар кайсы аймактарында "Вагнердин" көрүстөнү күн санап кеңейүүдө. 2022-жылы ноябрда “Медиазона” статистиканы иликтеп, эки айдын ичинде Орусиянын колонияларынан 23 миң киши дайынсыз болгонун аныктаган.

Украинадагы согушка катышкан кыргыз жараны соттолду

Ал арада Кыргызстанда биринчи жолу Орусия тарапта Украинадагы согушка катышкан жаран жазага тартылды.

16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Украинадагы согушка катышкан бул жаран 10 жылга абакка кесилди. Act.sot.kg сайтына жарыяланган өкүмдө Москвада жашап жүргөн К.у.А. 2022-жылдын июнь айында "материалдык пайда табуу үчүн" Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы айтылат.

Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Жалдануучулук” беренесинин 2-бөлүгү “Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын уруксатысыз материалдык сый акы алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарына катышуу” менен күнөөлүү деп тапкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул жаранды январь айында кармап камаган. Атайын кызмат кылмышка шектүү Украинага көчүп барып, анын аскердик топторуна кошулуп согушканы үчүн кармалганын айткан. Анын кандайча Украинага барып, жалданма топторго кошулганы жана кандай жагдайда кармалганы жөнүндө маалымат берилген эмес.

Шектүү сотто өзүнө тагылган айыпты толугу менен четке кагып, Орусиянын жарандыгын алыш үчүн аскерге барганын айтып, өзүн “Луганск Элдик Республикасы” (“ЛЭР”) деп атап алган жикчил аймакта болгонун ырастаган.

Украинага таандык болгон аталган аймакты Кремль колдогон жикчилдер 2014-жылы өз алдынча "Луганск Элдик Республикасы" деп жарыялап, кийин Орусия аннексиялап алган. Кыргызстан аны тааныган эмес.

Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу жана же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу эскертип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.

Буга чейин Украинадагы согушка орус армиясынын катарында барган эки кыргыз жараны, теги кыргызстандык орус жарандыгын алган бир нече адам набыт болуп, алардын сөөгү Кыргызстанда жерге берилген. Кыргызстан Украина боюнча нейтралдуу позициясын улам кайталап, жарыялап келет.

2022-жылдын 24-февралында Путиндин буйругу менен Орусия Украинага бастырып кирген. Ошол эле жылдын сентябрь айында мобилизация жарыялаган. Ушундан кийин Орусиядан жүз миңдеген адамдар чыгып кеткен. Тескерисинче, жүз миңдеген адамдар, анын ичинде борборазиялык мигранттар, абакта отургандар ар кандай шартта согушка тартылган.

XS
SM
MD
LG