Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

БУУ "адам өлтүргүч роботторду" колдонууга каршы


Жолоочулар "адам өлтүргүч роботтун" жанында. Лондон, 23-апрель 2013
Жолоочулар "адам өлтүргүч роботтун" жанында. Лондон, 23-апрель 2013

БУУнун Адам укуктары боюнча жетектөөчү эксперти эл аралык деңгээлде адам өлтүргүч роботторду жасоого жана колдонууга тыюу салууга үндөдү.

Кристофер Хейнцтин сөзүнө караганда, толук автономдук режимде иштей алчу робот - куралдар жоокерлерди карапайым адамдардан ажырата албайт жана согушка түздөн-түз тиешеси жок өлүм-житимдер менен чыгымдарды да көп алып келет. Алаамат робот-куралдар боюнча эл аралык деңгээлде жасалган алгачкы билдирүүгө дүйнө коомчулугу эми астейдил көңүл бурат дешет адам укугун коргоочулар.

Кристофер Хейнц робот-куралдарды жасоонун жана пайдалануунун опурталдуу жактары тууралуу докладды 30-майда, Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешининин үч апталык жыйынында жасады.

Улуттар Уюмунун юридикалык нормаларга сыйбаган талаштуу маселелер боюнча атайын экспертинин сөзүнө караганда, киши өлтүргүч роботтордун же робот куралдардын аракетин эл аралык деңгээлде регламентке салчу мыйзамдарды иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Бул сыяктуу алаамат аскерий технологиялардын укуктук базасын иштеп чыгуу үчүн аларды өндүргөнгө мораторий жарыялоо шарт.

Кристофер Хейнцтин билдиришинче, АКШ жана башка бир катар өлкөлөр автономдуу режимде аракеттенчү адам өлтүргүч роботтордун үстүнөн иштеп жатканы менен, азырынча бир да мамлекет аларды пайдаланбайт.

Стив Гросс "Хюман Райтс Уотч" уюмунун курал-жарактар боюнча бөлүмүн жетектейт. Ал робот киши өлтүргүчтөр боюнча жасалган биринчи чоң билдирүүгө эл аралык коомчулук эми көңүл буруп, ойлоно баштайт деген үмүттө.

Автономдуу согуш куралдары, Стив Гросстун айтымында, “жарандар үчүн чоң коркунуч жараткан” алаамат нерсе. Ошон үчүн “душманды” өзү таап, жок кылчу мындай каруу-жаракты өндүрүшкө кеңири койгондон мурда шашпастан, терең ойлонуу зарыл.

Бул куралдар пилотсуз учактардан ашып түшөт. Алар согуш майданында бутаны көргөндө, аны адамдын жардамы жок эле өзү жок кыла алат,”- дейт Стив Гросс.

Кээ бир адистердин айтышынча, пилотсуз учактар согушту жүргүзүүдөгү эң акыркы жетишкендик дешет. Түштүк Кореянын атактуу “Самсунг” компаниясы жасаган SGR-A1 роботу чек арачыларды алмаштыра алат. Бул робот акылдуу видеокамералар жана автоматтык курал менен жабдылган. Бирок анын куралын адам атууга тийиш.

АКШнын "X-47B" пилотсуз учагы Атлантика океанында "USS George H. W. Bush" согуштук кемесинен биринчи жолу абага көтөрүлүүдө. 14-май 2013
АКШнын "X-47B" пилотсуз учагы Атлантика океанында "USS George H. W. Bush" согуштук кемесинен биринчи жолу абага көтөрүлүүдө. 14-май 2013
Адам укугун коргоочулар болочокто робот куралдар адамсыз эле ок атчу болуп калат деп кооптонушат.

Улуттар Уюмунун бул сыяктуу автономиялык режимде иштөөчү куралдардын үстүнөн иштөөгө жана аны өнүктүрүүгө тыюу салууга чакырган үндөөсүн Эл аралык "Хюман Райтс Уотч" уюму колдоду. Атүгүл мындай куралдардын бардык түрлөрүнө алдын ала тыюу салынышын каалайт.

Алар азырынча каруу-жарак кампасына чыга элек толук автономдуу шартта иштечү куралдарды, алардын жөнөкөй түрлөрүн өнүктүрүүдө алга кетишкен, -деди Стив Гросс. - Биз мындай куралдарга алдын ала тыюу салыныш керек деген тыянакка келдик. Алар моралдык жана этикалык, ошондой эле укуктук чектерге сыйбайт деп эсептейбиз”.

Стив Гросстун билдиришинче, БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешине мүчө кээ бир өлкөлөр автономдуу иштей алчу робот-куралдарга байланыштуу маселени тезинен изилдеп көрүү зарыл дешсе, башка бир катар өлкөлөр андай куралдарга токтоосуз мораторий жарыялоону колдошкон.

Буга чейин Миналарды колдонууга каршы эл аралык кыймылдын негиздөөчүсү, Нобель сыйлыгынын лауреаты, америкалык Жоди Уилямс жана анын тарапкерлери адамсыз өзүн-өзү башкарчу робот-куралдарды өндүрүүгө тыюу салынсын деп демилге көтөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG