Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Иран америкалык пилотсуз учакты атты


Америкалык пилотсуз учак
Америкалык пилотсуз учак

Пентагон Перс булуңунда америкалык пилотсуз учакты ирандыктар бутага алганы менен атып түшүрө алган жок деп билдирди.

Америкалык расмий тараптар окуя 1-ноябрда болгонун билдирип, шаршембидеги президенттик шайлоодон кийин гана маалыматты сыртка чыгарды.

Буга чейин Перс булуңунда бир дагы америкалык мындай учак бутага алынбаптыр. Пентагондун басма сөз катчысы Жорж Литтл Орусияда жасалган SU-25 чабуул койгон учак пилотсуз учакты мээлеп, бир нече ирет ок чыгарганын тастыктады.

Пентагондун өкүлүнүн айтымында, ирандыктар учакты атып түшүрө алышкан эмес жана ал америкалык базага барып конгон. Жерден башкарылган учак Ирандын аба мейкиндигине кирген эмес.

“1-ноябрда саат 4төн 50 мүнөт өткөн маалда америкалык куралсыз, пилотсуз MQ 1 аскердик учак Перс булуңунда байкоо салып жүргөндө ирандык SU-25 учагы чабуул коюп, аткылаган. Ирандын жээктеринен 30 чакырымдай алыс учуп жүргөн MQ 1 аман-эсен базага келип конду” - деген Литтл мырза окуяны Иран тараптан жасалган “согуштук аракет” деп баалоого болобу деген суроону жоопсуз калтырды.

Ошол эле учурда Пентагон ирандыктар жөн гана эскертүү үчүн эмес, пилотсуз учакты атып түшүрүүнү көздөгөн деген “божомол” бардыгын дагы билдирет:

- Кошмо Штаттар ирандыктар менен байланышты жана аймактагы коопсуздукту камсыздоо үчүн Перс булуңундагы эл аралык суу бассейндерине байкоо салууну уланта беребиз. Бизде аймактагы өз күчтөрүбүздү коргоого дипломатиядан тарта аскердик шарттарга чейинки кеңири жолдор бар жана зарылчылыкка жараша иш кылабыз.

Мындай билдирүүгө Иран тараптан азырынча жооп болгон жок.

Ирандын өзөктүк программасынына боюнча тирешүүлөргө байланыштуу Кошмо Штаттар Перс булуңунда өз күчтөрүн көбөйткөн. Ормуз кысыгына америкалык кошумча аэрокрафтар жайгаштырылган. Перс булуңундагы суу бассейндери аркылуу дүйнөдөгү кара майдын үчтөн бир бөлүгү ташылат.

Бир жыл мурун жашыруун технология менен жабдылган америкалык пилотсуз учакты ирандык күчтөр өз өлкөсүнүн чыгышында атып түшүргөн.

Соңку окуя болсо Кошмо Штаттар Иранга каршы жаңы санкциялардын топтомун киргизгенден кийин болду. Бул ирет расмий Вашингтон 4 ирандык аткаминер менен 5 өкмөттүк мекемеге каршы маалымат таратууга кысым көрсөтүп, интернетти ооздуктаганы үчүн жаңы жазаналар топтомун киргизген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG