Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Украина: Президент оппозиция менен сүйлөшөт


Демонстранттар менен полициянын кагылышы, Киев, 19-январь, 2014
Демонстранттар менен полициянын кагылышы, Киев, 19-январь, 2014

Киевде демонстранттар менен полициянын катуу кагылыштарынан кийин президент Виктор Янукович оппозиция менен сүйлөшүүгө макулдугун билдирди.

Президент өлкөдөгү саясий кризистен чыгыш үчүн атайын комиссия түзүп, анын иши тууралуу оппозициянын өкүлдөрү менен сүйлөшөөрүн айтты.

Жекшембиде Киевде демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү катуу кагылышып, 100дөн ашуун адам жаракат алды. Өлкө президент Виктор Януковичтин өкмөтүнө каршы жүрүп жаткан эки айдан берки нааразылыктын мынчалык зордук-зобунга айланганын көрө элек болчу.

Ар кайсыл жерде полиция менен кагылыштар түнү менен уланды. Түрдүү жаракат алган жүздөн ашуун кишинин кыркы ооруканага жаткырылганын Киевдеги дарыгерлер билдиришти. Ички иштер министрлиги болсо 20дан ашуун кишини камаганын кабарлады. Алардын катарында “Азаттыктын” украин кызматынын эки кабарчысы да бар.

Кокус башталып кеткен зомбулуктун алдынан он миңдеген киши баш калаадагы Көз карандысыздык – Незалежности – аянтында демонстрацияларга каршы киргизилген мыйзамга каршылык көрсөтүш үчүн жөө жүрүшкө чыгышкан эле.

Дегинкиси Украинада өкмөткө нааразылык былтыр ноябрда президент Виктор Янукович Евробиримдик менен тыгызыраак кызматташтыкты караган келишимдерге кол койбой койгондон кийин башталган. Шаардын борбордук аянтын ошондон бери ээлеп тургандар президент Януковичтин отставкасын талап кылып жатышат.

Азыр эми президент сүйлөшкөнгө дилгир болуп жатканын оппозициянын өкүлдөрү да ырасташты. Бул ниети тууралуу президент оппозициянын лидери Виталий Кличкого айткан.

Эми оппозиция бийликтен эмне талап кылаарын оппозициянын лидерлеринин дагы бири Арсений Яценюк демонстранттарга айтты:

- Бир нече мүнөт мурда мага президент Виктор Янукович телефон чалды. Алар сүйлөшүүлөрдү баштайлы деп жатышат. Бул ишке улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Андрей Клюев жооптуу болот. Менин оюм: сүйлөшүүлөр үчүн мандат – бул Майдандын гана мандаты. Сүйлөшүүлөр ачык өтүшү керек. Биздин сүйлөшүүлөр – бул биздин талаптардын аткарылышы.

Украин маалымат каражаттары бүгүн кечээги окуяларга кайрылып, полиция менен кагылыш тутанганына оңчул-радикал жаштардын тобу шыкакчы болгонун жазышты. Жүздөгөн демонстранттар парламенттин имаратынын жанында коопсуздук күчтөрүнө чабуул коюп, таш ыргытып, бир топ машинелерине, автобустарына өрт коюшкан эле. Буга жооп кылып полиция митингчилерге көздөн жаш чыгарчу газ чачып, аларды -9 градус суукта суу менен аткылаган.

АКШ зомбулукту токтотууга үндөдү. Кошмо Штаттардын Улуттук коопсуздук кеңишинин расмий өкүлү Кэйтлин Хайден да кечээ украин жетекчилигин демонстрацияларга каршы иштей турган мыйзамдан баш тартууга, Киевдин борборунан коопсуздук күчтөрүн чыгарып, оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.

Евробиримдик да зомдук-зобунду айыптады. Тышкы иштер министри Кэтрин Эштон алдыдагы сүйлөшүүлөр саясий кризисти чечүүгө жакшы кадам болот деп үмүттөнөөрүн айтты.

- Мен соңку бир нече күндөн бери Украинадагы окуяларга дыкат көз салып турам. Бүгүн президент Янукович оппозиция менен сүйлөшөөрүн уктум. Бул позитивдүү өзгөрүү болот деп үмүт кылып туралы.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт да сүйлөшүүлөр өтөөрү жакшы жышаан экенин белгилеп, бирок мунаса табылышы үчүн репрессияга негизделген режим болбошу керектигин айтты.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинадагы абалды Брюсселде 28-январда өтө турган жыйында талкуулаганы жатышат.

Киевдеги тополоң, 19-январь

Киевдеги тополоң
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG