Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Эки "оттун" ортосундагы Украина


Киевдин Эркиндик аянтындагы европачыл демонстрант кыздар ырдап жатат. 15-декабрь, 2013.
Киевдин Эркиндик аянтындагы европачыл демонстрант кыздар ырдап жатат. 15-декабрь, 2013.

ЕБнын тышкы саясат боюнча жетекчиси Кэтрин Эштон Украинанын шаркет менен кызматташуу келишимине кол коюушуна жолтоо болгон маселелерди жөнгөрсө болоорун айтты.

Кэтрин Эштон Украинага шаркет менен тыгыз кызматташуу келишимине кол коюуга жолтоо болгон экономикалык кыска мөөнөттүү маселелер чечилээрине ишенээрин дүйшөмбү күнү Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлер кеңешмесинин алдында айтты.

- Президент Виктор Янукович менен сүйлөшүүдө Асоциациялык келимшимге кол коюуга ага кайсы экономикалык маселелер тоскоолдук кылганын түшүнүүгө аракеттендим. Менимче, биз президент менен аларды жөнгө салунуну үстүнөн иштей алабыз. Айрымдарын Евробиримдиктин жардамы менен чечсе болот, башкаларын финансылык институттарды көмөгү менен, калгандары болсо менчик тармактын вазийпасы. Бирок алардын бардыгын жөнгөрсө болот, - деп билдирди Кэтрин Эштон Брюсселде башталып жаткан кеңешменин алдында.

Жекшембиде Евробиримдик Киев менен эркин соода жана саясий келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотуп жатканын шардана кылган.
Эштондун айтымында, Украинадагы кризис шаркет менен Орусиянын мамилелерине көлөкө түшүрбөшү керек. Киев бийликтери дал ошол Москванын кысымына туш болуп, келишимге кол коюудан баш тартты деген пикир кеңири тараган.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт Януковичтин келишимдин айланасындагы оюнун сындады:

- Ал бир туруп Ассоциация келишимине жакыңкы келечекте кол коёрун айтып калат. Дал ушундай сөздөрдү Вилнюстагы саммитте укканбыз. Дагы бир күнү келишим боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн аткаминерлерди иштеринен алам деп эскертти. Анын мындай саясатын түшүнсөңөр - жакшы. Бирок мен муну таптакыр түшүнбөйм.

Киев бир бүтүмгө келсе, шаркет жооп берүүгө даяр деп белгилеген министр Орусиянын Украина жетекчилигине жасаган кысымын айыптады.
Ал тапта миңдеген демонстрант бул түндү Киевдин борбордук аянтында өткөрдү.

Шейшембиде президент Янукович Москвага барган күнү ири акция болгону жатат. Айрым маалымат каражаттары билдиргенине караганда, орус президентинин экономикалык кеңешчиси Андрей Белоусов Орусия Украинага берген кредиттин мөөнөтүн узартышы жана бул маселе шейшемби күнкү жолугушууда чечилиши ыктымал деп билдирди.

Украин премьер-министри Микола Азаров болсо орус газынын баасын арзандатуу жагы каралышы мүмкүн деди.

Аналитиктер Янукович Москва менен Брюсселдин “Украина талашынан” пайдаланып, ири тышкы карыз боюнча ыңгайлуу келишимге жетишүүнү, газ баасын ылдыйлаттырып алууну көздөгөнүн айтышат.

Оппозиция болсо президент Москва баштаган Бажы биримдигине кошулуу багытында кадам таштайт деп чочулайт.

- Биз, азыркы украиндер, келечегибиз үчүн бар аракетибизди жумшашыбыз керек. Москва өзүнүн кир өтүгү менен украиндердин жерин тебелебесин. Ошол үчүн президентке Москва менен улуттун кызыкчылыгына каршы келген макуладшууларга кол коюуга тыюу салабыз, - деди "Эркиндик" партиясынын лидери Олег Тягнибок.

Көчө чыгуулары Янукович 21-ноябрда Евробиримдик менен Ассоциация келишимине кол коюдан баш тарктандан бери уланып келатат.

XS
SM
MD
LG