Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:24

Евробиримдик Украинага шартын айтты


Украина -- Европачыл демонстранттардын Киевдин чок ортосундагы баррикадасы, 12-декабрь, 2013.
Украина -- Европачыл демонстранттардын Киевдин чок ортосундагы баррикадасы, 12-декабрь, 2013.

Киевде Украинанын Евробиримдик менен саясый-экономикалык кызматташтыкты бекемдеген келишимге кошулуусун талап кылган митинг уланууда.

Украина эгер Европа Биримдиги менен мурда сүйлөшүлгөн кызматташуу жана эркин соода келишимине кол койсо, Биримдик Украинага жардамды көбөйткөнгө даяр. Брюссель Киевге Эл аралык валюта фонду - МВФтен жеңил шартта насыя алганга да көмөктөшөт.

Бул жөнүндө 12-декабрда билдирген Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фулли насыянын суммасы жөнүндө ооз ачпады:

- Биз конкреттүү сумма жөнүндө сүйлөшө элекпиз. Биз биринчи украин тарапка эмне керек экенин, анын милдеттенмесин жана Ассоциациялык келишимди аткаруу мөөнөтүн талкуулап алышыбыз абзел. Андан соң биз өз колдообузду ушул жараянга байланыштыршыбыз мүмкүн.

Украинанын вице-премьер-министри Сергий Арбузов өкмөт жакында Ассоциациялык келишимге кол коёрун билдирди. Билдирүүнү Арбузов бейшемби күнү Брюсселде Евробиримдиктин жетекчилиги менен сүйлөшкөндөн кийин жасады. Ал бирок так датаны айткан жок.

Европарламенттин депутаттары жыйында Украинанын желегин көтөрүп добуш беришүүдө. Страсбург, 12-декабрь, 2013
Европарламенттин депутаттары жыйында Украинанын желегин көтөрүп добуш беришүүдө. Страсбург, 12-декабрь, 2013
Арбузовдун сөзүн “Батькившина” партиясынын лидери Виктор Яценюк 12-декабрдын түнүндө европачылардын Төбөлсүздүк майданындагы демонстрациясынан кийин “тамаша” деп мүнөздөдү :

- Бул бүтпөс тамаша. Украин өкмөтү Ассоциациялык келишимге кол коёрун дайыма айтып жүргөн, лекин убадасын аткарган эмес. Евробиримдик эшик ачык деп ачык айтууда жана береги келишимге кайсы убакта болбосун кол койгонго Биримдик даяр. Бирок биз өкмөт алдап жатканын сезүүдөбүз.

Украин жетекчилиги 29-ноябрдагы Вильнюс саммитине бир жума калганда, капылеттен эле Евробиримдик менен келишимге кол койгондон баш тартып, Орусия менен экономикалык кызматташууну бекемдерин жарыя кылган. Буга нааразы болгон европачылар ошондон бери тынбай демонстрация өткөрүшүүдө.

Жума күнү Украинанын эң бай ишкери Ринат Ахметов өлкө келечегин талкуулоо үчүн тегерек стол өткөрүүгө жана эч кандай “зобун-зордукка” жол бербөөгө үндөдү.

Серепчилердин айтымында, Ахметовдун президент Януковичке болгон таасири абдан чоң жана анын кайсы тарапка ооп кетери белгисиз.

Солдон оңго: "Шахтер" футбол клубунун президенти Ринат Ахметов, Донецк облусунун губернатору Виктор Янукович жана "Шахтердун" башкы машыктыруучусу Невио Скала. 12-июнь 2002
Солдон оңго: "Шахтер" футбол клубунун президенти Ринат Ахметов, Донецк облусунун губернатору Виктор Янукович жана "Шахтердун" башкы машыктыруучусу Невио Скала. 12-июнь 2002
Бейшемби күнү Орусия президенти Владимир Путин Украина Бажы биримдигине кошулса, экономикалык жактан чоң пайда көрөрүн кайра кайталап, кандай чечим кабыл алуу Киевдин ыктыярындагы иш экенин эскерте кетти.

Янукович өткөн аптада Путин менен кездешкен. Сүйлөшүүдө украин тарап маалымдагандай, соода-экономикалык саясаттагы карама-каршылыктарды жөндөөчү “чоң стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим” талкууланган.

Украина Орусияга энергетикалык жактан көз каранды жана миллиардаган доллар карыз.

Киевде оппозиция митингди улантууда. 13-декабарда таң эртең Төбөлсүздүк майданындагы протестчилерге жүздөгөн адамдар кошулуп, улуттук гимнди ырдашты. Митингчилердин көбү Евробиримдиктин байгер жашоосуна жана болочокку демократияга үмүт арткан жаштар. Алар Януковичтин президенттиктен кетүүсүн, өкмөттүн отставкасын, жаңы шайлоо өткөрүүнү жана тополоң кылды деп абакка салынган митингчилерди бошотууну талап кылышууда.

Оппозиция ушу жекшемби күнү да Киевде калың эл катышкан митинг өткөрүүнү мерчемдөөдө.

Тасмада: Евромайданда жаңырган гимн, таңкы төрт, 13-декабрь

Евромайдан: таңкы төрттө жаңырган гимн
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

XS
SM
MD
LG