Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Украина катаал сыноолордун алдында


Киевдин ортолук майданындагы протестчи президент Януковичтин бети боёлгон портретинин жанында. 3-декабрь, 2013.
Киевдин ортолук майданындагы протестчи президент Януковичтин бети боёлгон портретинин жанында. 3-декабрь, 2013.

Жаңы 2014-жыл төбөлсүз Украинанын тарыхындагы эң катаал жыл болушу мүмкүн. Мындай чочулоону өлкө президенти Виктор Янукович 31-декабрда Жаңы жыл алдындагы кайрылуусунда айтты жана украин жарандарын биримдикке үндөдү.

Ал эми оппозиция лидерлери өз тарапкерлерин кышкы майрамдык тыныгуулардан соң антиөкмөттүк чыгууларды улантууга чакырышты.

Президент Виктор Янукович 31-декабрдагы жаңы жылдык кайрылуусунда 2013-жыл эрктүү Украинанын тарыхындагы эң оор жыл болгонуна токтолуп, өкмөт менен оппозиция арасында жыл этегинде өткөн диалогду оң жылыш катары баса белгиледи:

- 2013-жыл - катаал жыл, балким күнкорсуз Украинанын тарыхындагы эң оор жыл артта калды. Бул ийгиликтердин жана проблемалардын, көңүл калуулардын жана жаңы үмүттөрдүн жылы болду. Бирок жалпысынан алганда, 2013-жылы майдандар жана улуттук тегерек стол сүйлөшүүлөрү, саясый талаш-тартыштар жана чыныгы диалогдор өтүп, өсүш болду.

Украин жетекчилиги 28-29-ноябрда Вильнюста Европа Биримдиги менен Ассоциациялык келишимге кол койгондон баш тарткандан кийин өлкө байтакты Киевде жана башка шаарларда президент Виктор Януковичтин жана өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган он миңдеген адамдар митинг-демонстрацияларга чыккан. Ал күндөрү, өзгөчө жекшемби күндөрү европачылар Киевдин Төбөлсүздүк майданына батпай кетип жатты.

Янукович кайрылуусунда Киев Евробиримдик, Орусия жана Кытай менен байланышты кеңейте берээрин, бирок Украинанын кызыкчылыгына кыпындай да доо келтирилбесин айтты:

- Биз Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимдин үстүнөн иштөөнү улантабыз жана биз Орусия менен жакшы, туугандык мамилебизди жаңыладык. Биз Кытай менен кызматташууда чыныгы прогресске жетиштик, биз өз кызыкчылыгыбызды жадыбыздан чыгарбастан туруп, Чыгыш жана Батыш менен баланстуу алака түздүк.

Виктор Януковичтин жаңы жылдык кайрылуусу телеканалдардан берилгенден бир нече сааттан кийин Киевдин ортолук майданына чыккан калкыган эл өлкөнүн Евробиримдик менен бекем кызматташуусун жактаганын билдирип, Украинанын улуттук гимнин ырдашты. Маалымдалганга караганда, майданга кем дегенде 100 миңдей адам чыкты. Уюштуруучулардын айтымында, алар аянтка мүмкүн болушунча көп эл чогултуп, дүйнөлүк рекорд коюну самашкан.

Украинанын оппозициячыл партиялары жана алардын тарапкерлери кышкы майрамдык дем алыштардан кийин тынч демонстрацияларды өлкө боюнча улантууну мерчемдешүүдө. Бул тууралуу 31-декабрда УДАР партиясынын лидери, бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Виталий Кличко “Азаттыкка” берген интервьюда билдирди:

- Биздин келерки кадамыбыз - элди жалпы улуттук, жалпы украиналык иш таштоого чакыруу. Мен эскерте кетем: биз тынч нааразылык чыгууларды, бардык араккеттерди мыйзамга ылайык жасайбыз. Биринчи жолу акцияны беш эле мүнөт, кийинки жолу бир саат, анан бир күн бою өткөрөбүз. Биз муну менен азыркы өкмөттүн же анын башкаруусу астында жашаганды каалабаганыбызды шарданалайбыз.

Өткөн аптада Украинанын Демократиялык демилге фонду жарыялаган сурамжылоо, эгер ушу тапта президенттик шайлоо өткөрүлчү болсо, Виктор Янукович экинчи айлампада жеңишти Виталий Кличкого алдырарын көрсөткөн. Өлкөдө эмки жалпы элдик шайлоо 2015-жылы болот.

XS
SM
MD
LG