Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:20

Украина: Президенттин сунушу четке кагылды


Киев, 12-декабрь, 2013-жыл
Киев, 12-декабрь, 2013-жыл

Украин оппозициясы президент Виктор Януковичтин сүйлөшүү жөнүндө сунушун четке какты. Баш калаа Киевде болсо антиөкмөттүк демонстрация учурунда кармалгандарды кое берүүнү талап кылган 1 миңден ашуун киши Башкы прокуратурага жүрүш жасашты.

Шаршембиде милиция Киевдин борбордук көчөлөрүн демонстранттар орноткон тосмолордон тазалоого аракет көрдү. Евроинтеграциянын жактоочулары менен тирешүүлөрдө акыркы маалыматтарга караганда, 50 чакты киши, анын ичинде 9 тартип коргоочу жараат алды.

Ал тапта Пентагон билдирүү жасап, Украинанын коргоо министри Павло Лебедев АКШнын коргоо министри Чак Хэйгелди бийлик демонстранттарга каршы армияны колдонбойт деп ишендиргенин маалымдады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти болсо Украин өкмөтүнө каршы санкция киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертти. Тышкы мекеменин басма сөз катчысы Йен Псакинин айтымында, Вашингтон Украинадагы кырдаалды Европа лидерлери жана Эл аралык валюта фонду менен талкуулап жатат.

Анын алдында Мамлекеттик катчы Жон Керри Киев полициясынын күч колдонуусун айыптап, демонстранттарга тилектештигин билдирген.

Украинанын вице-премьер-министри Сергей Арбузов бейшембиде Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фуле менен жолугушууда шаркет менен Ассоциация келишимин талкууламакчы.

Өткөн айда өкмөт макулдашууга кол коюудан баш тартып, Орусия менен жакындашуу багытын алгандан бери нааразылык чыгуулары токтобой келатат.

Шаршембиде президент Янукович Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон жана АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Виктория Нуланд менен кездешүүдөн кийин оппозицияны сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга чакырды.

- Мен буга чейин бир нече ирет алга жылуу үчүн жарашуу жана өз ара түшүнүүгө багыт алыш керек деп кайталап келдим. Бардык тараптардын аракеттери мыйзамдын жана конституциянын чегинде жүргүзүлүүгө тийиш. Бардык саясий күчтөрдүн, чиркөөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүн улуттук диалогго чакырам. Мен ошондой тегерек үстөлгө отурууга даярмын, - деди президент телекайрылуусунда.

Эштон Киевден кайтып келип, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, Янукович Украина Ассоциация келишимине кол коёрун ырастаганын айтты:

- Янукович келишимге кол коюуга ниеттенип жатканын айтып, өлкө туш болуп жаткан экономикалык проблемалар тууралуу сөз кылды. Менимче, аларды чечүү үчүн Европа Биримдигинин колдоосунан сырткары олуттуу экономикалык планды көрсөтүү зарыл. Евробиримдик менен макулдашууга кол коюу да керектүү инвестицияларды тартууга өбөлгө түзмөк.

Бирок өкмөттүн отставкага кетишин жана камалган демонстранттарды коё берүүнү талап кылган оппозиция мамлекет башчыныны сунушун четке какты.

- Бийлик менен сүйлөшүп-сүйлөшпөөнү саясий лидерлер эмес Эгемендик аянтында турган эл чечет. Сүйлөшүүлөр мандатын ошол эл берүүгө тийиш, - деди "Батьковщина" фракциясынын башчысы Арсений Яценюк.

Абакта отурган мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко болсо “бандиттер менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт, Янукович кызматынан кетиши керек”, – деп кесе билдирди.

Евроинтеграциянын колдоочулары ушул дем алыш күндөрү масштабдуу акцияларды өткөргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG