Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:10

Эрдоган Крым маселесинде этият


Украина -- Крым татарларынын митинги, Симферополь, 23-февраль, 2014.
Украина -- Крым татарларынын митинги, Симферополь, 23-февраль, 2014.

Крым автоном республикасынын орусиячыл жетекчилиги 16-мартта аймакты Украинадан бөлүп, Орусияга кошуу боюнча референдумга камданууда. Москванын бийлигин каалабаган крымдык татарлардын лидерлери Түркияга кайрылып, алардын таламын жактоого чакырды.

Бирок кээ бир серепчилер Анкара непада Москвага каршы санкция колдончу болсо, катуу зыян тартып калышы мүмкүн экенин айтышат.

Крым татарларларынын Орусия менен мамилеси трагедиялуу. 1944-жылы Совет өкмөтү Крым татарларын Борбор Азияга көчүрмө кылганда, каатчылыктан 100 миңден ашуун адам апаат кеткен. Ал эми XIX кылымдын ортосундагы Крым согушу маалында он миңдеген татарлар ата жайын таштап, Түркияга ооп кеткен. Алардын 250дөй урпагы 8-мартта Стамбулдагы Орус консулдугу астында Москванын Крымга аскер киргизүүсүнө каршы нааразылык билдирип: “Түркия өз агайындарыңа жардам бер!”, “Биз душманга каршы ийиндеш турабыз” деп ураан чакырышты. Демонстранттардын бири, инженер Шеркан Сава Орусия Крымды тартып албас үчүн Түркия өз таасирин колдонушу абзел деп эсептейт.

Маалыматтарга караганда, Түркияда крымдык татарлардын миллиондон кем эмес урпагы жашайт. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган 7-марттагы өлкө ортолугундагы Эскишехрдеги жыйында “Түркия Крым татарларын жамандыкта жалгыз калтырбайт” дегенин жарым өкмөттүк Анадолу агенттиги маалымдады.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даудоглу Украинанын жаңы жетекчилиги менен кездешкен биринчи чабарман болду. Бирок президент Путин менен кылдат мамиле күткөн премьер-министр Эрдогандын Крым кризисине байланыштуу Анкара - Москва алкасын бузганга барары же чатакташары күмөндүү.

Анын себебин Вашингтондогу Жакынкы Чыгышты изилдөө институтунун Түркия боюнча программасынын башчысы Сонер Чагаптай мындай түшүндүрөт:

- Сиз эгер Эрдогандын сымаптай саясый стилине көз чаптырсаңыз, ал Орусиянын жана Ирандын президенттеринен башка ар бир өкмөттүн башчылары менен айбыкпастан үнүн катуу чыгарып сүйлөшкөнүн көрөсүз. Бул Эрдогандын аларды сүйгөнүнөн эмес. Анткени Түркия газдын жана мунайдын төрттөн үчүн Иран менен Орусиядан алат.

Сонер Чагатай “Түркиянын кубатына толушу: XXI кылымдагы биринчи мусулман мамлекети” деген көлөмдүү эмгектин автору. Анын айтымында, Түркиянын Орусиядан чочулоосу тарыхый факторго да багыныңкы. Осмон империясы дээрлик 400 жылдык тарыхында Орусия менен 17 жолу согушуп, баарын уткурган.

Түркия Орусия менен СССР кыйрагандан кийин кеңири жолго коюлган соода байланышын да тобокелге салары шектүү. Кокус Крымда уруш чыгып кетсе, Түркиянын колун байлачу Монтре келишими да бар. 1936-жылкы бул келишим боюнча, Анкара Босфор кысыгынан Кара деңизге өткөн согуштук кемелердин салмагын көзөмөлдөп турууга тийиш. Эгер Түркия НАТОнун мүчөсү катары Түндүк Атлантика уюмунун кемелерине кысыктан өткөндө жеңилдик берсе, эл аралык келишимди тобокелге чапкан болот.

Түркиядагы Крым татарлар жамаатынын төрагасы Желал Ичтендин жоромолунда, өлкө ичиндеги саясий жагдай да Анкаранын Украинадагы кризисти жөндөөгө көмөктөшүүсүнө жолтоо болуп жатышы ыктымал:

-Түркиядагы азыр абал безгек туткандай калчылдап турат. Ошон үчүн президент жана премьер-министрдин Крым татарларын колдогону саясий күн тартибиндеги башка нерселердин ичинде көрүнбөй калууда. Ага карабай, алар Крым татарларын колдоп, Европадагы Батыш державалары менен кызматташууну улантууда.

Бир нече айдан бери коррупциялык чатакты баштан кечирген Эрдоган менен ал башындагы "Адилеттик жана өнүгүү" партиясы чоң сыноо алдында турат. 30-март - Түркияда муниципалдык шайлоо күнү.

Желал Ичтендин боолгошунча, Анкара Украина маселесинде Евробиримдик менен кызматташса дагы Крым татарлары олуттуу зобун-зордукка кабылмайынча, чечкиндүү роль ойнобойт. Евробиримдик Орусияга каршы чектелүү санкция киргизген. Москва Украинанын жаңы өкмөтүн тааный элек.

XS
SM
MD
LG