Орусияда Мариуполдогу “Азовсталь” заводунда туткунга түшкөн жоокерлерди орусиялык туткундарга алмашпастан трибуналга тартуу демилгеси көтөрүлдү. Украина согушту токтотуу үчүн Орусияга өз аймактарын бербей турганын айтууда. Ал арада Киевге Польшанын президенти күтүүсүз сапар менен барды. Украинадагы аскердик абал жана жалпы мобилизация 23-августка чейин узарды.
Орусиянын аскерлери Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарындагы чабуулдарын күчөтүүдө. Ушул күндөрү Луганск, Донецк, Николаевск жана Херсон облустарында аткылоолор кайра жанданганы кабарланууда. Луганскинин Северодонецк шаары 22-майга караган түнү төрт тарабынан тең катуу чабуулга кабылган. Бирок украиналык аскерлер туруштук берип, Орусиянын күчтөрү кайра артка чегинүүгө аргасыз болгон.
Азов деңизинин жээгиндеги Мариупол шаарында жайгашкан “Азовсталь” заводу орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөн соң заводдон чыгарылып, багынып берген украиналык аскерлердин тагдыры тууралуу тынчсыздануулар айтыла баштады.
Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясынын лидери, эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий 22-майда туткунга түшкөндөрдүн көбү ашынган улутчул “Азов” полкунун аскерлери экенин айтып, алардын тагдырын трибунал аныкташы керектигин билдирди.
“Менин пикирим өзгөргөн жок. Орусияда мыйзамсыз деп табылган ”Азовдун” жоокерлерин эч кимге алмашпашыбыз керек”, – деп жазды Слуцкий Телеграм-каналына.
“Аларда адамгерчилик жок. Алар өз аракеттери менен бизге башка арга калтырган жок. Ошондуктан куралын таштап, багынып берүүгө аргасыз болгон “Азов” батальонунун жоокерлерин жана башкаларды алмашуу туура эмес болуп калат”, - деди Леонид Слуцкий.
Украинанын бийлик өкүлдөрү жана жоокерлердин туугандары Москваны багынып бергендерге аскердик туткун катары мамиле жасоого чакырды. Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 21-майда Киев ар бир жоокердин кайтып келиши үчүн күрөшөрүн билдирди.
Буга чейин Орусиянын “Интерфакс” мамлекеттик маалымат агенттиги расмий Москва “Азовсталда” багынып берген жоокерлерди орусиячыл украиналык саясатчы Виктор Медведчукка алмашуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын жазган. Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакын мамиледе болуп келген 67 жаштагы Медведчукка Украинада былтыр кылмыш иши козголуп, ал апрелде колго түшүрүлгөн.
Кремлдин билдирүүсүндө, 16-майдан бери Мариуполду коргоп жаткан 2439 украиналык аскер "куралын таштап, багынып берген". Орус тарап 20-майда алардын 531 адамдан турган акыркы тобу чыгарылганын маалымдады. Андан сырткары учурда Мариуполдун өзүндө 100 миңдеген жайкын тургун калган.
Ал арада Польшанын президенти Анжей Дуда Киевге күтүүсүз сапар менен барып, Жогорку Радада сөз сүйлөп, Украинаны Путиндин “талаптарына” макул болбоого чакырды. Ал Украина өзүнүн келечегин өзү гана аныктарын айтып, өлкөнүн кайсы бир аймагын тарттырып жиберүүнүн өзү бүтүндөй Батышка сокку катары сыпатталарын айтты.
Украинанын атынан Орусия менен сүйлөшүүлөргө катышып келген Зеленскийдин жардамчысы Михаил Подоляк Рейтерс агенттигине кайсы бир аймакты Орусияга өткөрүп берүү шарты менен согушту токтотуу келишимине макул болуу мүмкүн эмес экенин айтты.
“Андай келишимге жетишкен күндө да согуш токтоп калбайт. Болгону аз убакытка гана тыныгуу болот. Анан мындан да кандуу жана ири чабуул башталат”, - деди Подоляк.
Ал эми Зеленский украин элине кайрылып, согушка дипломатиялык жол менен гана чекит коюлат деп билдирди.
Ушул эле күнү, 22-майда Жогорку Рада Владимир Зеленскийдин Украинадагы аскердик абалды жана жалпы мобилизациянын мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартуу токтомун колдоду. Ошентип Украинадагы аскердик абал жана жалпы мобилизация 23-августка чейин узарды.