Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:23

Бишкекке Путин келбейт, саммит онлайн өтөт


Путин жана ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери. Москва. 2022-жыл
Путин жана ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери. Москва. 2022-жыл

Евразия экономикалык биримдигинине мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин Бишкектеги жыйыны онлайн форматта өтмөй болду. Буга чейин саммитке катышары кабарланган Орусия президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары болбой калды.

Орусия президенти Владимир Путин баш болгон бир катар өлкөнүн лидерлери ЕАЭБдин жогорку жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келбей турганы 19-майда белгилүү болду. Уюмдун аткаруучу органы Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович жыйын видеоконференция форматында өтөрүн жарыялап, муну кыргыз бийлиги да ырастады.

Өкмөттөн кабарлашкандай, Путин менен катар 27-майдагы жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да онлайн катышат. Буга чейин Кыргызстанга расмий сапары пландалган казак президенти Касым-Жомарт Токаев гана Бишкекке келет.

Владимир Путиндин саммитке келбей калышынын расмий себеби азырынча айтыла элек.

Кыргыз тараптан жыйынды уюштурууга жооптуу болгон Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев буга чейин орус президенти саммитке келери пландалганын ырастады:

Арзыбек Кожошев
Арзыбек Кожошев

"Эмне үчүн келбей калганы боюнча комментарий бере албайм. Биз баардык президенттер келет деп күтүп жатканбыз. Бирок видеоконференция режиминде өтчүдөй жагдай түзүлүп калды",-деп кыска жооп берди.

Быйылкы жыйынга кожоюндук кылып жаткан кыргыз бийлиги буга чейин Владимир Путин баш болгон төрт өлкөнүн лидерлери Бишкекке келерин жарыялаган. Саммитке Бишкекте кызуу даярдык жүрүп, ал мамлекеттик телеканалдардан дембе-дем көрсөтүлүп жаткан.

Аймактагы экономикалык уюм катары түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинин президенттеринин жолугушуусун жылына бир-эки жолу өткөрүү салтка айланган. Ал - Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйыны деп аталат.

Бирок быйылкы жыйынга өзгөчө маани берилип жаткан. Анткени Путин саммитке катышуу үчүн Бишкекке келсе, 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан бери алгачкы жолу чет өлкөгө чыкмак.

Мындан улам учурда Европадагы аскердик агрессиянын баштоочусу катары сындын бутасында турган орус президентинин ар бир кадамы, анын ичинде чет өлкөгө жалпы дүйнөнүн көңүлү бурулуп, кызыгуу жаратып жаткан эле.

Кыргыз өкмөтүндөгү булактардын айтымында, Путин Бишкекке келүүдөн баш тарткан соң жыйынды онлайн форматта өткөрүү чечилген.

ЕАЭБдин онлайн жыйындарынын бири.
ЕАЭБдин онлайн жыйындарынын бири.

Саясат талдоочу, Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жороев Владимир Путиндин Бишкекке келбей калышы Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болду деп эсептейт.

"Саммиттин онлайн форматка өткөнү Кыргызстан үчүн деле, башка мамлекеттер үчүн деле абдан жакшы болду деп ойлойм. Эгерде жыйынга Путин катышса, геосаясий картада Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурулмак. Менимче, мындай көңүл буруунун азыркы шартта биздин өлкөгө кереги жок. Ансыз деле ЖККУнун өткөн аптадагы саммитине катышканы эл аралык медиада канчалаган тираждалган кабарлар менен коштолду. Бирок бир канча айдан бери Путиндин түрүн, режимине көз салганда анын Бишкекке келери деле чоң күмөн болчу. Анан албетте, башка лидерлердин баары келип, Путин өзү экрандын артында калып калса, ал да коопсуздуктан коркуп жатканын ашкерелемек. Ошондуктан баары сүйлөшүлүп ушундай чечим кабыл алганы билинип калды".

Украинадагы аскердик аракеттер башталганы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн позициясы ар башка болууда. Беларус башынан эле Москваны ачык колдоп чыкса, Кыргызстан менен Казакстан нейтралдуу позицияны карманып келет.

Эмил Жороев Путиндин Кыргызстанга келбей калышы расмий Бишкектин дал нейтралдуу позицияны карманып жатканын жалпы дүйнөгө айтууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Москванын Украинага аскердик агрессиясынан улам Европа Биримдиги баш болгон көпчүлүк өлкөлөр Орусияга санкцияларды киргизген. Дүйнөдөгү ири компаниялар Орусиядагы бизнесин токтотуп, чыгып кетип жатат. Орус бийлигинин өкүлдөрү өткөн аптада Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкциялар 10 миңден ашканын жарыялашты.

Дал ушундай шартта ЕАЭБдин саммитинде Батыштын санкцияларына каршы чаралары да талкууланышы мүмкүн экени кабарланууда.

Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович жыйындын күн тартибинде 14 маселе бар экенин белгиледи. Ал азыркы дүйнөлүк абалды эске алуу менен Евразия биримдигинин ичиндеги, импорттун ордун алмаштыруучу долбоорлорго өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Жогорку Евразиялык кеңештин жыйыны менен катар Бишкекте экономикалык форум өтөт. Ага ЕАЭБдин мүчөлөрү жана башка он өлкөдөн 1700дөн ашык адам катышат. Форумда глобалдык өзгөрүүлөр, учурдагы экономикалык интеграциянын маселелери талкууланат.

Эксперт Алмаз Кулматов Бишкектеги жыйында Орусия туш болгон акыркы жагдайга өзгөчө көңүл буруларын четке какпайт. Бирок кыргыз бийлиги башкалардын жетегинде кетпей, азыркы тапта өлкө үчүн актуалдуу маселелерди чечүүгө аракет кылышы керектигин айтууда.

Алмаз Кулматов
Алмаз Кулматов

"Маселени ачык айткандан эч ким утулбайт. ЕАЭБге кошулган учурдагы максаттар канчалык аткарылды деген суроо азыркы тапта биздин коомчулукта абдан көп. Ошондуктан биздин жетекчилер позициябыз мындай, көйгөйлөр көп экенин айтуудан тартынбашы керек. Ал эми Путиндин келбей калышы, саммитин онлайн форматында өтүшү анча деле маанилүү эмес. Албетте, келип бетме-бет сүйлөшсө деле жаман болмок эмес. Бирок биз өзүбүз Путин келет экенин ашыкча жар салып, маани берип алдык. Болбосо, анын келип-келбегенинен көп нерсе көз каранды эмес".

ЕАЭБдин алкагында уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичинде товар, акча, адамдардын эркин жүрүүсү каралган. Бирок соңку учурда бул келишим толук аткарылбай, бир катар маселелер жаралып келет. Айрыкча, казак-кыргыз чек арасында байкалып, жүк ташуучу унаалардын кезеги утур-утур жаралууда.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG