Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:20

Украина Орусиянын соккуларынан бир нече жараны каза болгонун билдирди


Украинанын согуштун айынан ээн калган аймактарынын бири.
Украинанын согуштун айынан ээн калган аймактарынын бири.

Украинада Орусиянын чабуулдарынан дагы бир нече кишинин өмүрү кыйылганын бүгүн 30-июлда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Донецк облусунун башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, 29-июлда Донбасста төрт киши каза болду, беш киши жараат алды.

Херсон облусунда сегиз киши жараат алганын, үйлөр жана жарандык инфраструктура талкаланганын облус башчысы Александр Прокудин билдирди.

Харьков облусунда 71 жаштагы киши дрон соккусунан жараат алып, ооруканага түшкөнү кабарланды.

Орус аскерлери 2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан бери курал-жарагынын көптөгөн түрлөрүнөн – согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюп келе жатат. Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун орус бийлиги четке кагып келет. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалашат. (RK)

XS
SM
MD
LG