Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:31

Украина Олимпиадада алгачкы медалын алды


Ольга Харлан.
Ольга Харлан.

Украина Парижде өтүп жаткан Олимпиадада алгачкы медалын алды. Фехтование боюнча дүйнө чемпиону Ольга Харлан 29-июлда коло медал үчүн таймашта Түштүк Кореянын спортчусу Чои Сибинди 15:14 эсебинде жеңип алды.

Спорттун бул түрү боюнча беш жолку Олимпиада чемпиону жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Харлан бул медалы буга чейинки алган сыйлыктарынан өзгөчө экенин белгиледи:

«Мен өз өлкөмө медал алып келе алдым. Бул жердеги биздин спортчулар үчүн бул жакшы башталыш болду, себеби өлкөңдө согуш жүрүп жатканда мелдешке катышуу өтө оор», — деди ал.

2023-жылдын июнь айында Ольга Харлан Миландагы дүйнө чемпионатында таймаштарга нейтралдык макамда катышкан орусиялык Анна Смирнованы утуп, оюндун соңунда аны менен кол алышпай койгону үчүн дисквалификация алган. Бир айдан кийин Фехтование боюнча эл аралык федерациянын (FIE) чечими менен мындай чектөө алынган жана ага таймаштарын уланта берүүгө мүмкүнчүлүк ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG