Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

"Үйдө суу, жарык жок, үшүп отурабыз". Талаштуу имараттын чыры ырбады


Талашка түшкөн курулуш: элдин талабы, мэриянын сунушу
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:35 0:00

Талашка түшкөн курулуш: элдин талабы, мэриянын сунушу

Бишкекте коммерциялык багытта салынган деген имараттын тургундары бир суткадан бери суу, электр жарыгы жок, суук батирлерде үшүп отурганын айтууда.

Мэрия менен элдин талашына курулуш баштаган компаниянын сотко кайрылып, жалданма фирма кеңсе үчүн курулган имаратты батир катары мыйзамсыз сатканын билдиргени себеп болгон.

Тургундар сот чечими чыкмайынча батирлерин бошотуудан баш тартууда. Алар өлкө жетекчилигине кайрылып, маселени өз көзөмөлүнө алууну суранды.

Бишкек мэриясы болсо үйсүз калган тургундарына ипотекалык турак жай берүүнү пландаштырып жатканын билдирди.

Имараттын алгачкы эки кабаты соода борбору, калганы кеңсе жайлары катары колдонулары курулуш башталгандагы иш кагаздарында жазылган.
Имараттын алгачкы эки кабаты соода борбору, калганы кеңсе жайлары катары колдонулары курулуш башталгандагы иш кагаздарында жазылган.

Эшиктери ширетилип, кирүү-чыгуу жолдору жабылган имараттын ичинде калгандар "Азаттыкка" соңку абалы тууралуу видео жөнөтүштү.

"Мына караңыздарчы, ушул жерде өз үйүн коргоп, эшигин ачпай койгонуна карабай аны талкалап, элди сыртка чыгарып коюшту. Баары талкаланып калса да үйдүн ичинде эл бар, өз мүлкүн коргоп отурушат", - деген алар кайрылууда.

Суеркулов 16/1 дарегиндеги имараттын айрым тургундары 1-марттан 2-мартка караган түнү балдары менен эшиктери талкаланган, суусу, электр жарыгы өчкөн батирлерде өттү. Алар милициянын талаптарына баш ийбей, соттун чечими менен гана үйүнөн чыгарын айтышууда.

Гүлсана Нурпаева
Гүлсана Нурпаева

"Азыр суук үйдө отурабыз, суу да, свет да жок. Ачка, кичинекей балдар менен ушу жерде айлабызды таппай калганыбызга бир суткадан ашты. Сырттагылар тамак берели десе, киргизбей жатышат. Эшикке чыксак эле талаада калганы турабыз. Айрым медиаларда "үйдөн чыгарылгандарга батир берилди" деп маалымат тарап кетти, бирок ал чындыкка туура келбейт, берилсе биз ушинтип үшүп-тоңуп отурат белек? Эмнеси болсо да элди үйүнөн чыгарып салуу аракети болууда. Бир жаңсыл чечим чыкмайынча ушинтип отура беребиз, чыкпайбыз жана акырына чейин күрөшөбүз", - деди Гүлсана Нурпаева аттуу жашоочу.

Ал арада күчтөп батирден чыгарылгандар арасында бара турган жери жок кыйналып отургандар да бар.

Пенсионер Гүлбара Асанбекова небересин балдарды реабилитациялоо борборуна жайгаштырууга аргасыз болгон. Пенсионер эки жылдан бери Улуттук онкологияга борборунда каттоодо турганын, ашыкча стресс ден соолугуна терс таасир этерин айтууда.

Гүлбара Асанбекова
Гүлбара Асанбекова

"Кызылдай акчабызга алынган биздин үйүбүздү кайтарып бергиле. Азыр барар жерим жок. Уулдарымды үйлөп, кызымды турмушка узаткандан кийин, 58 жашка чыгып араң жеткен үйүм бул. Өзүм эки жылдан бери Улуттук онкология борборунда каттоодо турам, башымда ыйлаакча бар. Дарыгерлер капаланмак турсун, катуу сүйүнүүгө да болбой турганын эскертишкен. Бирок азыркы шартым ушундай, айла жок жүрөм. Мен го мейли, бул үйдө жетим балдар үйүндө чоңойгон кошунабыз жашайт. Ал эмчектеги наристеси жана эки жаштагы уулу менен үйүнөн чыгарылды. Эптеп жетим балдар үйүнөн кутулса, кайра ошо жакка алып барып тыгып койгону кандай? Мамлекет ушундай кара мүртөз, мыкаачы жана ташбоор болору оюма да келбептир. Бизди угуп, түшүнөйүн деген бир жан жок. Биз эми эл аралык коомчулукка кайрылып, жардам сурабасак болбой калды окошойт. Ыйлап атып көз жашыбыз да соолуп калды".

Зухра Каналбек кызы аттуу жашоочу айлап-жылдап тапкан каражатына ушул имараттан 2021-жылы батир алган. Ал мүлкүн тартып алганга жараша мамлекет кенемте төлөшү керек деген пикирде.

Зухра Каналбек кызы
Зухра Каналбек кызы

"Кечинде келип, биз кирип-чыккан эшикти темир тосмо менен жаап, сыртынан ширетип кетишти. Ичинде дагы ондон ашуун адам отурат. Менин келиним, эки неберем жана уулум ичинде эле. Алардын жагдайы кандай болот десем, "балдар үйүнө жайгаштырылат" дешти. Мен аларды тирүүлөй жетим кыламбы? Ал жерге барбайбыз деп бир сыйра кийим менен тааныштардын үйүндө түнөштү. Бүгүн болсо бара турган жерим жок".

Соода жайы үчүн курулган имарат элге кантип сатылган?

Талашка түшүп, соңку бир аптадан бери көңүл чордонунда турган бул имарат Орто-Сай базарына жакын жайгашкан. Коммерциялык муктаждыктар үчүн делип 49 жылга ижарага алынган 12 сотых жерди ээлеп турат.

Имараттын курулушу 2017-жылы башталган. Аны куруу үчүн йорданиялык инвесторлор 3 миллион доллар салып, алгач "Мурас Мега", андан “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниялары алып, ишти улантканы айтылат. Жалпы курулуш реестрине катталганда тогуз кабаттуу имараттын эки кабаты бизнес үчүн, жогорудагы кабаттары жумуш кеңсесине берилери жазылган.

Топтолгон тургундар кийим-кечесин, жеке документтерин ала албай, милиция менен кайым айтышкан учур. 2-март, 2024-жыл.
Топтолгон тургундар кийим-кечесин, жеке документтерин ала албай, милиция менен кайым айтышкан учур. 2-март, 2024-жыл.

Бирок 2019-жылы жогоруда аталган Нуржан Рыскулова аттуу жаран жетектеген “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясы “Квартал-Строй” курулуш мекемесине ишти бүтүрүп берүү үчүн имаратты тапшырган.

Көп өтпөй курулуш иштери жарым-жартылай аткарылып, анын 2-кабаттан жогорудагы бөлмөлөрү "жеке апартамент" катары сатылып, 2021-жылы эл көчүп кире баштаган. Бөлмөлөрдүн бир чарчы метри 600 доллардан бааланып, жашоочулар кем дегенде 60 чарчы метрден сатып алган. Айрымдарынын бул жерде эки-үчтөн мүлкү бар.

Шаар бийлиги талаштуу имаратты “Квартал Строй” ишканасынын директору Асыл Талипова элге мыйзамсыз сатканын айтууда.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин Бишкек шаары боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Самат Тиллебаевдин айтымында, аталган кызмат убагында бир канча мекемеге кат жазып, эксплуатацияны токтотууну өтүнгөн. Анын негизинде соода борбору катары салынган имараттан элди чыгаруу чечими ушул жылы кабыл алынган.

Самат Тиллебаев
Самат Тиллебаев

"Негизи имарат 2017-жылы курула баштап, экспертизанын жыйынтыгы менен тогуз кабаттуу соода борбору болот деп айтылган. Бир ай өтпөй биздин реестрге катталып, көзөмөл жүргүзүлүп келген. Коронавирус пандемиясынан кийин, 2021-жылдын аягынан тарта эл кирип, жашай баштаганда биз тийиштүү мекемелерге каттарды жазып, бул имарат өзүмбилемдик менен эксплуатация болуп жатканын билдиргенбиз. Эксплуатацияга берген күндө да мында эл жашаганга болбойт, анткени бул турак үйдүн стандарттары менен курулган эмес, бул соода борбору. Имарат турак жай боюнча эрежелерге жооп бербейт. Үйгө айлантып жашоо такыр мүмкүн эмес".

Ал арада Октябрь районунун акимиаты имараттын электр жарыгын өчүрүү тууралуу соттун чечими бир эмес үч инстанцияда кабыл алынганын билдирди.

Былтыр апрелде Жогорку Сот бул имараттын жашоочулары менен “Квартал-Строй” компаниясынын келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан.

“Квартал Строй” ишканасынын директору Асыл Талиповага соода жайы үчүн курулган имаратты элге мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ал бир жылга чукул убакыттан бери камакта отурат.

Асыл Талиповага алдангандар

“Квартал-Стройдун” жетекчиси, Асыл Талипова "апартамент" деп атаган чакан бөлмөлөр бир канча кишиге сатылганы да айтылууда. Мындан улам тургундар арасында талаш жаралган.

Маселен, Азизбек Ташбаев аттуу тургун келишим түзүп сатып алган үйүн Талипова дагы бир нече адамга сатканын билген.

"Мен бул үйдүн маселеси бар экенин билген эмесмин. Чындык 2021-жылдын соңунда билине баштады. Ошондо Асыл Талипова бул окуянын курмандыгы болуп калганын, эч күнөөсү жок экенин айтып, күтө тургула деген. Ал адам бул жерге көп акчасын салганын да айткан. 2022-жылдын 19-мартында биз ушул имараттагы үйүбүзгө кирип, жашай баштаганбыз. Эмнеге ошол маалда укук коргоо органдары барып, баарын токтотуп калган жок? Эмнеге алдын ала иш жүргүзүлгөн эмес? Тилекке каршы Талипованын артында бир катар кызмат адамдары турат, алар аны калкалап турат. Мыйзам иштебей атат. Карапайым эл эмне кыларын билбей калды. Буга чейин какпаган эшигибиз калган жок. Президенттин аппараты, УКМК, прокуратура дегендин баарына бардык. Менин батиримди мисалы үч адамга сатып жиберген экен. Буга чейин мыйзамды сыйлап, маселе укук талаасында чечилсин деп келгем. Мен алган батирдин эшигине териштирүү бүткүчө деп мөөр басылып, пломба коюлган. Бирок ага карабай эле Замира деген айым ичине кирип, жашап атат".

"Бартер кылганбыз"

Балдар ойноочу аянтчасы, унаа токтотуучу жайы жок, коммуналдык чыгымдары коммерциялык баа менен эсептелинген, элди каттоого тургузууга мүмкүн болбогон бул имараттан батир алгандар мүлкү үчүн каражатты түрдүү жолдор менен төлөп берген. Көпчүлүгү бартер менен анын терезе-эшиктерин салып, дубалын шыбап, электр жарыгын киргизип, айтор курулуштун бүтүшү үчүн салым кошконун айтышууда.

Талаш жараткан имаратты милиция кызматкерлери курчоого алып, киши киргизбей турат. 2-март 2024-жыл.
Талаш жараткан имаратты милиция кызматкерлери курчоого алып, киши киргизбей турат. 2-март 2024-жыл.

Зухра Каналбек кызы алган мүлкү үчүн имараттын терезелерин бартер жолу менен салып бергенин айтты:

"Укук коргоо органдары "Нур-Жаннат ЛТД" компаниясынын үстүнөн арызды түз жаза албайсыңар деп атып даттануубузду араң кабыл алды. Бирок иш жүрбөй жатат. Биз"Нур-Жанат ЛТД" жана “Квартал-Строй” баарын билип туруп эле ушул ишти атайын жасаган деп ойлойбуз. Себеби, "Нур-Жаннат ЛТД" компаниясынын ээси Нуржан Рыскулова курулушка араб инвесторлору 3 млн 17 миң доллар салганын айткан, бирок ал акча бул үйгө жумшалган эмес. Келишим боюнча 2 млн 240 миң долларга 2019-жылдын июль айында бүтмөк. Биздин божомолубузда, бул жердегилер йорданиялык инвесторлордон акчаны ала берген, ал акча "Мурас Мега" деген компаниянын мурдагы жетекчиси Мурат Казыев дегендин эсебине түшүп турган. Анан алар Асыл Талипованын мурда соттолгонун билип туруп, атайы жетекчиликке алып келишкен. Алардын оюнда мурда сот жообуна тартылган көп балалуу Талипова бул жолу да эки-үч жыл камакта отуруп, кайра эле эркиндикке чыгып кетмек. Айтор тараптар баарын билип эле ушундай ишке барган. Себеби, биздин бардык органдарга жазган арыздарыбыз каралбай жатты".

Учурда бул окуяга байланыштуу Бишкектин Октябрь райондук милициясы териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

"Квартал Строй" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Асыл Талиповага "Нур-Жаннат ЛТД" ЖЧКнын соода аянтын мыйзамсыз сатуу факысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Имаратка илинген SOS же "жардамга" жазууларын милиция алып салды. 2-март, 2024-жыл.
Имаратка илинген SOS же "жардамга" жазууларын милиция алып салды. 2-март, 2024-жыл.

Видеодо аты аталган Асыл Талипованын адвокаты Кеңешбек Адиев менен байланышканыбызда ал абактагы жарандын күнөөсү жок экенин белиледи. Буга далил катары Талипованын колунда турган меморандум жана сатуу-сатып алуу боюнча келишимин айтты:

"Асыл Талипова "Нур-Жаннат ЛТД" компаниясынын активин 6 миллион долларга сатып алган, бул тууралуу келишимде да көрсөтүлгөн. Ошондой эле меморандум бар. Ал бул иш кагаздарынын негизинде гана иш алып барганын майта алам. Талипованын үстүнөн ачылган кылмыш иштеринин 77 эпизоду боюнча тергөө бүтүп, азыр соттук териштирүү жүрүп жатат, ал №21 тергөө абагында кармалууда. Дагы башка кылмыш иштери боюнча тергөө уланууда. Тилекке каршы тергөө одоно мыйзам бузуулар менен жүрдү. Укук коргоо органдары "Нур-Жаннат ЛТД" компаниясына ачылган кылмыш ишин кыскартып, алардын жоопкерчилигин караган жок".

Бишкек мэриясы кызматтык жай деп атаган бул имараттын келечеги кандай болору белгисиз.

Мэр ипотекага үй алууну сунуштады

Бүгүн, 2-мартта үйсүз калгандардын айрымдары Бишкек мэри Айбек Жунушалиевге кирип чыккан. Анда тургундар үй маселесин чечип, тергөө иштерин тездетип берүүнү суранышкан.

Жолугууга баргандардын бири Талантбек Орозалиевдин айтымында, шаар мэри мамлекеттин эсебинен салынып жаткан үйлөрдөн 20 жылга ипотекага берүү маселеси каралып жатканын кабарлаган.

Талантбек Орозалиев
Талантбек Орозалиев

“Биз Жунушалиевден маселебизди чечүү үчүн көмөк көрсөтүүнү сурандык. Ал киши биздин абалды түшүнүп турганын жана ипотекага салынып жаткан үйлөрдөн батир алууга көмөк көрсөтөрүн айтты. Ошондой эле ипотекага берилчү үйлөрдүн төлөө мөөнөтүн 20 жылга караштырып көрөрүн айтты. Биз алган имараттын маселеси тергөө бүткөндөн кийин бир жаңсыл болорун кошумчалады”, - деди Таланбек Орозалиев.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы үйдүн тургундары менен мэрдин жолукканын ырастады.

Борбор калаада курулган көп кабаттуу үйлөрдүн айрымдарына байланыштуу маселени айтып, анын ээлерин айыптагандар утур-утур укук коргоо органдарына кайрылып келет.

Шаарда коммерциялык багытта салынып, кийин жеке турак үй катары пайдаланууга берилип кеткен объектилер тууралуу да маселе козголгон. Бирок алардын так саны тууралуу ачык маалыматтар жок.

XS
SM
MD
LG