Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

"Үч бөлмө үйгө жетчү акчамды бергем". Кооператив курмандыктары


Кооперативке алданганын айткандар акцияга чыгышты. 2022-жылдын 22-декабры.
Кооперативке алданганын айткандар акцияга чыгышты. 2022-жылдын 22-декабры.

“Ихсан” кооперативинин мүчөлөрү бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүп, президенттен жардам сурашты жана турак жай кооперативдерин жарнамалаган ырчы, актёр жана диний кызматкерлердин да жоопкерчилигин кароону талап кылышты. Алар кооперативге салган акчасын кайтарып ала албай калганын айтып, маселени мамлекеттик деңгээлде чечүү керектигин айтууда.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги ушул убакка чейин тогуз кооперативдин жетекчиcи кармалганын ырастаган. Бул тууралуу 21-декабрдагы парламентте “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” боюнча долбоорду талкуулаган жыйында сөз болгон.

ИИМдин маалыматында, турак жай кооперативдерине акчасын алдаткан миңге жакын адам арыз менен кайрылган. Жалпы чыгым 883 млн. сом деп эсептелди. Ошого карабай кооперативдерден үй алам деп, үмүт артып жүргөндөр көп.

22-декабрда “Азаттык” радиосуна Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Чолпонбай уулу Нурлан айтымында, былтыркы жылдан өткөн дагы сегиз ишти кошкондо жалпысынан 971 иш болууда. Бүгүнкү күнгө карата анын 342си боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн, 496 кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Май айында Ички иштер министрлиги жыл башынан бери кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 130дан ашуун кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Мындай коопертивдерге нааразы болгондор топтолуп, акциялар өткөн.

Учурда "Ихсан" турак жай кооперативинин Бишкектеги кеңсесинде 900гө жакын адамдын тизмеси илинип турат. Алар кезектешип үй алам деп топтогон акчасын салып, кайра кайтара албай жаткандар.

Видеосун бул жерден көрүңүз:

"Үч бөлмө үйгө жетчү акчамды бергем". Кооператив курмандыктары
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

35 жаштагы Мыктыбек 10 жылдан ашык миграцияда жүрүп топтогон 1 млн. 350 миң сомун "Ихсанга" берген. Эки айда үй алуу максаты ишке ашпай, беш баласы менен батирден батирге көчүп, акчасын кайтара албай айласы куруп турганын айтып берди.

“Москвада куруучу болуп иштеп жүрүп тапкан акчам эле. Салган акчаң канчалык көп болсо, ошончолук бат мүлк сатып аласың деген. Топтогон малымды сатып, акчамды жыйнап ушул жерге бергем. Колумдагы келишимде эки айда үй берилет деп жазылган, бирок мен акча салгандан 15 күн өтпөй ызы-чуу башталып кетти. Азыр эми акчаны кайтарып бере албайбыз деп айтып, “Мунара строй” курулуш компаниясына 200 миң алгачкы төлөмүн берсеңер, бизге берген акчаңарды ошол жакка которуп берип үйлүү кылабыз деп айтып жатышат. Мен ага макул эмесмин, башкысы акчамды чыгартып алсам болду эле”.

Кант шаарынын тургуну Кымбат Кыдырбаева 2021-жылы күзүндө 850 миң сомун ушул эле "Ихсан" турак жай кооперативине салган. Анын төрт баласы бар жана жалгыз бой эне. Ал акыркы эки айдан бери кооперативдин Бишкектеги кеңсесине күн алыс каттап жүрөт.

“Сиңдим ушундай кооператив бар экен деп айтып, колуңда бар акчаны салып койбойсуңбу дегенинен “Ала-Тоо” ресторанында өткөн жыйынга баргам. Эртеси келип, акчамды салып койгом. Канттан үй издеп, таап койгом, бирок ала албай калдым. Азыр эми милицияга арыз жазам деп турам, бирок андан жыйынтык болобу билбейм. Төрт баламдын тең үйү жок, баарыбыз батирде жашап атабыз. Ошол кезде мен салган 850 миң сомго бир аз гана кошкондо үч бөлмөлүү үй келмек, азыр эми ал акчанын да күчү кетти. Жумушка келгендей эле күндө ушул жерде жүрөбүз”.

Компаниянын өкүлдөрү биз барганыбызда сүйлөп берүүдөн баш тартты. "Ихсан" кооперативи каржылык чыр-чатактар тууралуу апрелде түшүндүрмө берип, Ютубдагы IHSAN GROUP LTD деген каналга компаниянын негиздөөчүсү Акинай Бекмурзаеванын видео кайрылуусун жарыяланган. Бекмурзаева компания менен кардарлардын ортосунда өз ара түшүнүшүү бар экенин, ишмердик кадимки нукта уланып, кардарлардын жапырт нааразылыгы жоктугун белгилеген. Ал турак жай сатып алуучулардын тизмеси камтылган онлайн портал ирээттелип жатканын билдирген.

"Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 11-июнда Бишкекте кармалып, эки айга камалган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн узарткан.

"Ихсан" сыяктуу бир нече кооперативдин кеңсесинин алдында ушундай эле башына мүшкүл түшүп чогулгандар жүздөп саналат. Борбор шаардан тышкары өлкө аймактарында да кооперативдерге акчасын алдаткандар бар.

Ош шаарынын тургуну Айнуру ата-энеси сатып берген бир бөлмөлүү батирин кеңейтем деп, каражатын кооперативге салган. Муну жакындарына дагы айткан эмес.

“Атамдын айылда чакан чарбасы бар. Алар жалгыз кызыбызга шаардан үй алып беребиз деп малын сатып, бир бөлмөлүү батир алып мага каттатып беришкен. Жумуштагы эжелер S-LINE турак жай кооперативине акча салып, бирөө үй алды. Анан мага да кызык боло баштап, кеңсесине барганымда олуттуу компания көрүнгөнүнөн ата-энеме айтпай үйүмдү саткам. Үй алгандан кийин сүйүнчүлөйм деп турган элем. Алар азыр шаарга келген сайын үйүңө барабыз дейт. Мен чындыгын айта албай чайканага чакырып узатып жиберем. Компанияга барсам жыйынтык жок болууда”.

Жогорку Кеңештеги жыйында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров кооперативдерге алдангандардын маселеси кандай чечилип жатканына кызыкты.

"Кооперативге акчасын салып же үйдөн жок, же акчасын жок калгандар ушу жерде отурган ар бир депутатка кайрылып келген. Алар ыйлап, маселесин чечип берүүнү өтүнөт. "Ихсан" сыяктуу кооперативдерге алданып, көчөдө калгандары толтура".

Буга Юстиция министиринин орун басары Орозбек Сыдыков жооп берип, учурда өлкө боюнча тогуз кооперативдин жетекчисине иш козголгонун маалымдады.

"Юстиция министрлиги кооперативдер боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Буйруса, январь айында алдыңыздарга келет. Бүгүнкү күндө тогуз кооперативдин төрагасы абакта отурат. Мамлекет аларды жоопко тартып, териштирүү иштерин жүргүзүүдө".

Ички иштер министрилигинин маалыматында, турак жай кооперативдери келтирген чыгымдын жалпы суммасы 833 млн. сомдон ашык. Анын 23 млн. сомдон ашыгы өндүрүлгөн.

Укук коргоо органдарына кайрылгандардын көпчүлүгү “Ак үй КЖ”, “Финико”, “Жилье Грант”, “Элдик Групп”, “Ансар”, “Ордо-Мурас”, “S-LINE”, “Ихсан Групп ЛТД” жана "Ипотека" кооперативдерине нааразылыгын билдирген.

Улуттук банк адамдардан акча чогултуп, анын үстүнө кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшоштугун эскерткен.

Учурда турак жай кооперативдеринин ишин тескеген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Бул документ сентябрда парламентте биринчи окууда каралган.

Экономист Кубан Чороев турак жай кооперативдери берген убадаларын аткара албай жатканын мындайча түшүндүрдү:

“Бүгүнкү күндө БУУ кабыл алган кооперативдик принциптер бар, ал жети бөлүктөн турат. Бирок ал биздин мыйзамдарда жазылбай калган. Бул кооперативдерге тоскоолдуктарды жаратат. Андан сырткары, мындай уюмдар кардарларына 2, 4, 6 айда үй алып берүү убадасын бергени аларды финансылык пирамиданын принциптерин карманып иштөөгө түрткү берет да, анын кесепети элдин нааразылыгын жаратууда. Кооперативдер өз алдынча ыктыярдуу бирикме болгондуктан алардын ишин тергеп аткан укук коргоо органдары да чара колдоно албайт”.

Чороев турак жай кооперативдерине элдин ишенимин арттыруу үчүн мамлекет жаңы концепция жазышы керек деп эсептейт.

“Көптөгөн Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Германияда мамлекет турак жай кооперациясын өнүктүрүү максатында 30% чейин капитал берип, колдоо көрсөткөн, азыр анын пайызы 6-7ге түштү. Кооперативден күчтүү болуп, мамлекеттин колдоосуна муктаждык азайган. Азыр биздин өкмөт да бул кооперативдерди өнүктүрүүгө кызыкдар болуп, жаңы концепция жазып чыгышы зарыл. Азыр үй алууда элде банктык модель, тактап айтканда ипотекалык система гана колдонулат. Бирок кепилдиги кошо берилген тандоо мүмкүнчүлүгү бардык жарандарыбызда болушу керек”.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны жетимиштин тегерегинде деп эсептелет.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын былтыр жарыялаган эсебине ылайык, Кыргызстанда кеминде 200 миң адам турак жайга муктаж. Бийлик 2026-жылга чейин 60 миң кишини үйлүү кылуу тууралуу убадаларды берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG