Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:23

Сот жазуучу Олжобай Шакирди беш жылга кести


Олжобай Шакир Аламүдүн райондук сотунда. 14-май, 2024-жыл.
Олжобай Шакир Аламүдүн райондук сотунда. 14-май, 2024-жыл.

14-майда Аламүдүн райондук соту жазуучу жана акын Олжобай Шакирди “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Тогуз айга чукул тергөө абагында отурган Шакир өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

Шейшембиде Аламүдүн райондук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүнөн кийин жазуучунун адвокаты облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.

Ага чейин сотто Шакир акыркы сөзүн сүйлөп, онлайн митинг уюштуруп, эл менен бийликти диалогго чакыргысы келгенин айтты.

Анын адвокаты Акмат Алагушев Шакирдин видеолору боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын негизсиз деп, сотту көз карандысыз экспертиза жүргүзгөн Нуржан Нарынбаеванын эксперттик бүтүмүнө көңүл бурууга чакырды.

“Нарынбаева эч кандай төңкөрүш, бийликти алмаштырууга чакырык жасаган жок, элди башаламандыкка чакырган жок" деп бүтүм чыгарып атат. Ал эми политологиялык экспертиза жасаган Азамат Жанышбек уулунун бүтүмүн жокко чыгарууну өтүнөм. Маселен, ал эксперттердин реестринде турбайт жана ал бүтүмдү жарым саатта гана чыгарып берген. Ал өзүнө берилген материалдарды толук карап чыгууга үлгүргөн эмес. Ал ошондой эле эч кандай илимий булакка же методологияга таянган эмес. Олжобай Эгембердиевдин күнөөсү далилденген жок, ошондуктан аны актап берүүнү өтүнөм”, - деди адвокат.

Мамлекеттик айыптоочу политологиялык экспертиза өз убагында жүргүзүлгөнүн, убакыт боюнча чектөө болбогонун, Азамат Жанышбек уулу бүтүмдү чыгарып бергенин айтты.

Буга чейинки сотто прокурор Шакирди жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүүтүрдө баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Жазуучу коюлган айыпка макул болгон эмес. "Мен муну да көрүшүм керек экен. Мамлекеттин келечеги үчүн агартуучулук ишти уланта берем. Килемдин алдында калган чаңды көрбөгөндөй, коом байкабай жаткан маселелер бар. Жазуучу катары, агартуучу катары андай маселелерди биз байкашыбыз керек", - деп 1-апрелде сот залынан "Азаттыкка" сүйлөп берген.

Былтыр 6-декабрда жазуучуга айыбы угузулган. Прокурор ал интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Шакир камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. Өкмөттүн азыркы саясаты "демократиялык баалуулуктарга туура келбестигин" белгилеп, 2023-жылы 31-августта онлайн митинг өткөрүү демилгесин көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

"Жазуучунун абакка кесилиши өкүнүчтүү"

Жазуучулар союзунун төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” комментарий берип, кайсы гана өлкөдө болбосун жазуучунун жана журналисттин эркиндигинен ажыратылышы өкүнүчтүү экенин айтты.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

“Биз мындай чечимди күткөн эмес элек. Олжобай Шакирдин сөздөрү боюнча корутунду чыгарып берген эксперттердин тыянагын анализдеп көрүш керек. Бул чечим кыргыз журналистикасы, жазуучулар үчүн өтө өкүнүчтүү. Кайсы гана өлкөдө болбосун жазуучунун, журналисттин кылмыш жообуна тартылышы өкүнүчтүү”, - деди Иманалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо жазуучу жана публицистти соттун беш жылга абакка кескенин "таң кала турган чечим" деп сыпаттады.

Мирлан Самыйкожо
Мирлан Самыйкожо

“Жазуучу эч качан көчөгө төңкөрүш жасабайт. Жасаса көңүлгө, жан дүйнөгө төңкөрүш жасайт. Бул таң кала турган чечим. Олжобай Шакир аянтка чыгып алып келгиле деп ар кандай сөз менен элди үгүттөсө бир жөн. Ошондуктан мындай чечим чыкпашы керек эле”, - деди ал.

Буга чейин жарандык коомдун, журналисттик чөйрөнүн өкүлдөрү, депутаттар жазуучуну эркиндикке чыгарууну суранып, кыргыз бийлигине кайрылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 17-апрелдеги жыйынында абакта жаткан алты журналистти үй камагына чыгарууну сунуш кылган.

“Азыр Айданбек Акматов, Олжобай Шакир, Актилек Капаров, 22 жаштагы Айке жана башка журналисттер абакта жатат. Аларды үй камагына чыгарып деле тергесеңер болмок. Журналисттердин абакта жатышы өлкөгө аброй алып келбейт”, - деди эл өкүлү.

Сөз эркиндигинин абалы: Олжобай Шакирге жеткен берене
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:39 0:00

Тогуз айга чукул камакта отурган Олжобай Шакир бөйрөк тушу ооруп турганын, саламаттыгын текшертүүгө тергөө абагында толук шарт болбой жатканын сотко келгенде айткан:

"Бөйрөгүм ооруп жатканына эки жумадан ашып кетти. Муну мурдагы сот жыйынында да айтып, үй камагына чыгарууну сурагам. Себеби оорунун күчү бутума да таасир эте баштады. Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камалгандар көп, фельдшер жалгыз. Ал кан басымды текшергенден башка эч нерсе кылбайт. Толук текшерүү үчүн камактан сыртка алып чыгышы керек. Бирок башка ооруган кишилер менен алек болуп, мага колу жетпей да жатат".

Олжобай Шакир деп таанылган Олжобай Эгембердиев 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген.

"Азаттык" былтыр декабрь айында 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин жарыялаган. Кармалгандар арасында 70 жаштагы байбичеден тарта 20 жаштагы студентке чейин бар.
"Жөн гана пост бөлүшкөм". Пикир үчүн айыпталгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:04 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG