Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Дайынсыз түркмөн айыпкерлер изделүүдө


Түркмөнстандын абагында кармалгандар
Түркмөнстандын абагында кармалгандар

Түркмөнстанда мындан 10 мурда эркинен ажыратылгандан бери дайыны чыкпай калган оппозиция өкүлдөрү боюнча эл аралык өнөктүк башталды. Бул тууралуу ЕККУнун Варшавадагы адам укуктары боюнча жылдык жыйынында жарыяланды.

Өнөктүктүн демилгечилеринин бири, орусиялык баяндамачы Аркадий Дубнов "Азаттыктын" түркмөн кызматына билдиргендей, айыпкерлерди бошотуу талабына Круд Акаунтебилити укуктук уюму, Орусиядагы Адам укуктар институту, түркмөнстандык укук коргоочулар кошулушту.

Мурдагы тышкы иштер министри Борис Шикмуратов, экс-элчи Батыр Бервыев өңдөнгөн ондогон саясий ишмерлер 2003-жылы төңкөрүш жасаганга аракет кылган деген айып менен эркинен ажыратылган. Ошондон бери алардын өлүү же тирүү экендиги белгисиз бойдон калып келет.

Ошол эле жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму атайын иликтөөчү бекиткен, бирок түркмөн бийликтери ал өкүлдү өлкөгө киргизген эмес.

Франциялык ал өкүл кийин сот ишинин жүрүшү, процессуалдык нормалардын сакталышы, адвокаттар кандай иштешкени тууралуу таптакыр маалымат жок экенин жазган.

Дубновдун айтымында, ошол бойдон бул жаатта эч кандай өзгөрүү болгон жок:

- 2002-2003-жылдардагы ал окуялар тууралуу дүйнө такыр эч нерсе билбейт. Камалгандардын абалы, тирүү-өлүү экени белгисиз, алардын бирин да туугандары көргөн эмес.

Дубнов белгилегендей, Түркмөнстандын ошол кездеги президенти Сапармурад Ниязов 2006-жылы көз жумгандан кийин бул жаатта жылыш болот деген үмүт жаралган.

Анын ордун баскан президент Гурбангулы Бердымухамедов Нью-Йоркто сүйлөгөндө ишке эми киришип жаткандыктан Шикмурадовдор тууралуу кабары жоктугун, бирок алардын тагдырын билүүгө аракеттене турганын айткан. Бирок андан берки алты жылда эч кандай жылыш болгон эмес.

Дубновдун айтымында, Варшавада жарыяланган өнөктүк саясий максатты көздөбөйт. Болгону кесилгендердин абалы тууралуу маалымат алып, укук коргоочуларды өлкөгө киргизүү талабы коюлууда.

Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономаревдун эсебинде, президент Сапармурад Ниязовго кол салууну көздөгөн деп 55 киши эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG