Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Украин парламентиндеги фракция жетекчиси Юлия Тимошенко паракорлукка шектелүүдө


Юлия Тимошенко
Юлия Тимошенко

Украинанын Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук агенттиги жана Антикоррупциялык прокуратура парламенттеги фракциялардын биринин жетекчиси паракорлукка шектелип жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, кээ бир мыйзам долбоорлору колго салынганда башка фракциялардын депутаттарына "пайда табуу убада кылынчу".

«Азаттыктын» украин кызматынын «Схемы» долбоорунун булагы кеп "Батькивщина" фракциясынын башчысы Юлия Тимошенко тууралуу жүрүп жатканын айтты.

Саясатчы партиянын кеңсесинде түн бою 30дан көп киши тинтүү жүргүзгөнүн тастыктады.

«Эч нерсе таппай, жумушта колдонгон телефондорду, парламенттин документтерин жана жеке каражаттарды алып кетишти. Ал акча декларацияларда көргөзүлгөн», - деп жазды Тимошенко Фейсбуктагы баракчасына. Саясатчы айыптоолорду четке кагууда.

Антикоррупциялык прокуратуранын өкүлү Ольга Постолюк "Суспильне" басылмасына билдиргендей, Тимошенкого паракорлукка шектелип жатканы тууралуу документ тапшырылды.

Жыл этегинде прокуратура жана Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук агенттик украин парламентинин депутаттары кирген уюшкан кылмыштуу топтун бетин ачканы маалымдалган. Алар Жогорку Радада добуш берүүдөн туруктуу түрдө пайда таап турган деп шектелүүдө.

Прокуратуранын маалыматында добуш берүүнүн жыйынтыгына жараша 2-20 миң доллар берилчү. Кылмыш иши боюнча беш депутат шектелүүдө.

Юлия Тимошенко украиналык белгилүү саясатчылардын бири. 2005-жылкы «Саргылт революциядан» кийин эки жолу өкмөттү жетектеген. Виктор Януковичтин тушунда кызматтык ыйгарымдардан аша чапкандыгы үчүн абакка камалган. Кийин ал иш саясий деп таанылган.

Тимошенко үч ирет президенттик жарышка талапкерлигин койгон.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG