Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:57

Тажикстанда Конституциялык соттун судьясы 9-кабаттан кулап каза тапты


Жамшед Жамшедзода
Жамшед Жамшедзода

Тажикстанда Конституциялык соттун судьясы Жамшед Жамшедзода 9-кабаттан кулап каза тапты. Каргашалуу окуя баш калаа Душанбеде 13-январда болгонун “Озоди” радиосу жазды. Күбөлөр жерине барган журналисттерге айтып бергендей, маркум 9-кабаттагы өз батиринен кулаган, кырсыкпы же судья өз жанын кыйганбы белгисиз.

Милициянын кызматкери окуя жөнүндө кошумча маалымат берүүдөн баш тартып, тергөө башталганын гана айтты.

52 жаштагы Жамшедзода Конституциялык соттун судьясына 2019-жылы Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун сунушу менен Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун квотасы менен бекиген.

Ага чейин жылдар бою өлкөнүн илимий-изилдөө мекемелеринде иштеген, 2011-2019-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон, юридика илимдеринин кандидаты. Анын артында аялы менен үч баласы калды.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG