Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:40

Назарбаевдин күйөө баласы, ханзааданын сарайы жана коррупциялык схема. Британ журналисттери эмнени тапты?


Саннингхилл-парк чарбасындагы үй, Би-Би-Си ал 2020-жылы түрттүрүлүп, жаңысы салынганына карабай ээн турганын жазды.
Саннингхилл-парк чарбасындагы үй, Би-Би-Си ал 2020-жылы түрттүрүлүп, жаңысы салынганына карабай ээн турганын жазды.

мазмуну

  • Би-Би-Синин жаңы иликтөөсүндө Британиянын ханышасы, маркум Елизавета IIнин уулу Эндрю Маунтбаттен-Виндзор казак миллиардери Тимур Кулибаевден Беркширдеги ак сарай үчүн миллион алганын, келишим түзүүгө коррупцияга тиешеси бар компаниялар аралашканы айтылат.

Турак жай үчүн насыяны карапайым казакстандыктар эле эмес, алардын мартабалуу мекендештери да алат. Би-Би-Синин журналисттери Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы жана Forbes журналынын миллиардерлер тизмесинин негизги фигуранты Тимур Кулибаев адвокаттары аркылуу ошол кездеги ханзаада Эндрюнун ак сарайын алуу үчүн Enviro Pacific Investments компаниясынын насыясын колдонгонун билдирди.

Би-Би-Си иликтөөсүндө келишимдин тарыхына үңүлүп, анын тамыры Европанын башка өлкөсү - Италияда экенин тапты. Италиянын прокуратурасы Enviro Pacific акчаны 2007-жылы түзүлгөн коррупциялык схеманын алкагында алган деп тапкан. Акыркы төлөмдөн бир нече жума өтпөй эле Кулибаев Беркширдеги Саннингхилл-паркты 15 миллион фунт стерлингге (ошол кезде 30 миллион долларга) сатып алган. Бул келишимде Enviro Pacific компаниясынын каражаттары колдонулган.

Саннингхилл-парк чарбасындагы ак сарай. Тимур Кулибаев кыймылсыз мүлктү 2007-жылы ханыша Елизавета IIнин уулу Эндрюдан сатып алган.
Саннингхилл-парк чарбасындагы ак сарай. Тимур Кулибаев кыймылсыз мүлктү 2007-жылы ханыша Елизавета IIнин уулу Эндрюдан сатып алган.

Кулибаевдин адвокаттары британиялык медиакорпорацияга берген комментарийинде алардын кардары "паракорчулук же коррупция менен эч качан алектенбегенин, Саннингхилл-паркты сатып алууга колдонулган каражаттар толугу менен мыйзамдуу болгонун" билдиришкен.

Журналисттер Эндрю кылмыштуу жол менен табылган кирешеден пайданы атайын эле алганбы, кеңешчилери менен бирге мыйзамга ылайык текшерүү жүргүзгөнбү деген суроо беришкен.

Финансы жана коопсуздук борборунун жетекчиси, акчаны адалдоого каршы чара көрүү жаатындагы эксперт Том Китинг Би-Би-Сиге келишимде башынан эле "тынчсызданууга себеп болчу белгилер" болгонун айткан. Бул "киреше коррупциялык жол менен адалдаштырылып жатпаганы" аныкталганга чейин кылдат текшерүү жүргүзүүгө түртүшү керек эле дейт ал.

Британ ханышасынын уулу араб өлкөлөрүнөн сатып алуучу издеп, аны Казакстандан тапкан

Медиа каражаттары келишим түзүлгөндөн кийин эле Кулибаев сатуучу сураган баадан 3 миллион фунт стерлингге ашык төлөгөнүн жазышкан. Би-Би-Си белгилегендей, сатып алуучу ошол кезде эле турак жайды базар наркынан эки эсе жогору баалаган.

Кийин падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү титулдан кол жууган Эндрю британиялык медиакорпорациянын комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

2009-жылы бул келишим талкууланып жатканда ал Daily Telegraph гезитине мындай деген:

"Акча төлөнгөндөн кийин бул иштин мага тиешеси жок. Сунуш түшсө, "белекке келген аттын тишин санап отурбайм" жана акчаны ашык беришкен деген божомолдун дагы кереги жок".

2025-жылы ханзаада деген титулдан жана жеңилдиктерден кол жууган Эндрю
2025-жылы ханзаада деген титулдан жана жеңилдиктерден кол жууган Эндрю

Саннингхилл-паркты Британиянын ханышасы Елизавета II уулу Эндрюга 1986-жылы үйлөнүү тоюнда белек кылган. Эндрюнун Сара Фергюсон менен никеси 10 жылга созулган.

Түгөйлөр 2001-жылы ажырашкан. Беш жыл өткөндөн кийин кызыл кыштан салынган, эки кабаттуу, 12 уктоочу бөлмөсү жана 12 ваннасы бар бул ак сарай сатыкка коюлган. Бирок кардар чыккан эмес.

Би-Би-Си жазгандай, Эндрю 2003-жылы аракетин жанданткан. Мурдагы дипломат Саймон Уилсондун айтымында, 2003-жылы Британиянын соода өкүлү катары Бахрейнге сапарында ал кыймылсыз мүлкүн Перс булуңундагы өлкөлөрдүн падышаларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө сатууга аракет кылган.

Бирок кардар башка аймактан - Казакстандан табылган. 2002-жылы Эндрю Британ-казак уюмуна (British-Kazakh Society) Нурсултан Назарбаев менен чогуу мүчөлүккө кабыл алынган. Эндрю 2006-жылы Борбор Азиядагы бул өлкөгө барса, кийинчерээк Назарбаевди Елизавета II Букингем сарайында кабыл алган.

2007-жылы Эндрюга Саннингхилл-парк чарбасын сатуу сунушу түшкөн. Ага таандык мүлктү алгысы келген Тимур Кулибаевдин ошол учурдагы байлыгы бир миллиард фунт стерлингден ашык деп бааланган.

Казакстандын биринчи президентинин күйөө баласы Кулибаев улуттук компанияларды, анын ичинде мунай-газ тармагындагы ишканаларды бириктирген "Самрук-Казына" фондунда жогорку кызматты ээлеп турган.

Кулибаевдин Эндрю менен тааныштыгы Казакстанда туулган, ак сөөктөр чөйрөсүндө таанымал Гоге Ашкеназиден (Гаухар Беркалиева) башталган. Гога казак олигархына никесиз эки бала төрөп берген. Ашкенази бир кезде ханзаада Эндрюну жакын досу атап жүрсө, азыр 15 жылдан бери аны менен байланышпаганын белгилеп келет.

Гога Ашкенази (Гаухар Беркалиева) Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевге эки уул төрөп берген.
Гога Ашкенази (Гаухар Беркалиева) Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевге эки уул төрөп берген.

2007-жылдын июнь айында Эндрю жана Ашкенази ханыша менен бирге Аскоттогу ат чабышка барган. Анда тартылган сүрөттөрү архивдерде сакталуу. Ошол эле айда Саннингхилл-паркка байланыштуу келишимге кол коюлган. Кыймылсыз мүлктү сатып алуу үчүн Тимур Кулибаев өзүнө таандык Unity Assets Corporation офшордук компаниясын пайдаланган. Би-Би-Си сатуучунун кызыкчылыгын падышалык үй-бүлөнүн юристтери жана Farrer & Co компаниясы коргогонун белгилейт.

Келишимге тараптар сентябрда кол коюшкан. Падышалык үй-бүлөнүн документтери көрсөткөндөй, ошол эле айда Казакстанга соода өкүлү катары барган Эндрюнун чартердик рейси үчүн британдык салык төгүүчүлөрдүн чөнтөгүнөн 57 миң фунт стерлинг төлөнгөн.

Ак сарайды сатуу маалында Британиянын өкмөтү Казакстанга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Ошол кездеги европалык иштер боюнча министр Жефф Хун 2007-жылдын апрелинде парламент депутаттарына Казакстанда "коррупцияга байланыштуу системалык айыптоолор кеңири тараганын" айткан. Ал убакта Британиянын мыйзамдары кыймылсыз мүлк сатып алган офшордук компаниялардын ээлеринин ысымдарын ачыктоону талап кылган эмес.

"Эндрюнун Британиянын соода өкүлү катары расмий ролуна жана анын тактыга кезек боюнча төртүнчү талапкер экенине карабай, сатып алуучунун ким экенин тараптар, ал тургай Букингем сарайы дагы ачыктаган эмес", - деп жазды Би-Би-Си.

Медиа каражаттары ак сарайды Кулибаев сатып алганын үч жылдан кийин гана жазышкан.

Италиялык компаниялардын тиешеси канча?

Келишимге жана коррупцияга байланыштуу маселе 2012-жылы эле көтөрүлгөн. Бир катар медиа каражаттар Италиянын прокуратурасы Тимур Кулибаевдин дарегине айтылган айыптоолорду иликтеп жатканын билдирген.

Алар Саннингхилл-паркты сатып алууда пара Кулибаевдин жактоочулары келишимди жарым-жартылай каржылаганын ырастаган Enviro Pacific Investments компаниясы аркылуу берилиши мүмкүн деген версияны да карашкан.

Италиядагы териштирүүлөр Кулибаевге айып тагууга алып келген эмес деп белгилешет Би-Би-Синин журналисттери.

Иликтөөчү журналисттер 2016-2017-жылдагы бир канча соттук иштердин документтери менен таанышкан. Алардан Италиянын прокуратурасынын Enviro Pacific Investments накталай акчаны пара схемасынын негизинде алган деген бүтүмүн көрүүгө болот.

Эл аралык иликтөөчү-журналисттердин Caspian Cabals консорциумунун иликтөө долбоорунун алкагында документтерди биринчи болуп L'Espresso журналы алган.

Божомолдорго ылайык, Enviro Pacific Investments'тин коррупциялык схемасы Aventall компаниясына байланыштуу болушу мүмкүн.

Италиялык мунай магнаты Агостино Бьянки мунай келишимдерин түзүүдө Тимур Кулибаевге жана Казакстандын башка расмий өкүлдөрүнө пара бергенин мойнуна алган. Иликтөөлөрдө Aventall коррупциялык төлөмдөрдү жүргүзгөн компаниялардын бири катары аталган. Бирок анда Кулибаевге эч кандай айып тагылган эмес.

Ишти Монци шаарында иликтешкен. Бьянки көрсөтмө бергенде келишим түзүүдө Aventall компаниясын коррупциялык иштерде "ортомчу" аталган Массимо Гуидотти жетектегенин айткан.

Соттук документтерде айтылгандай, Гуидотти казакстандык олигархтардын таасирин өлчөгөн рейтинг системасын түзгөн. 2009-жылдагы электрондук катта ал Кулибаевге эң жогорку бааны - беш жылдызды берген. Суракта Гуидотти пара алуу тууралуу айыпты танган.

Миланда иликтенген башка бир иште прокурорлор Aventall Саннингхилл-паркты алууга насыя берген Enviro Pacific Investments компаниясына "болжолдуу коррупциялык мүнөзү бар төлөмдөрдү жүргүзгөн" деп жарыялашкан.

Прокурорлор жалпы 6,5 миллион доллар (3,27 миллион фунт стерлинг) убада кылынганын, бирок 1,5 миллион доллар өлчөмүндөгү төлөм гана далилденгенин билдиришкен. Акыркы төлөм 2007-жылдын апрелинде, Саннингхилл-парк боюнча келишим түзүлгөнгө эки ай калганда жүргүзүлгөн.

Прокуратура "ачык булактар" Enviro Pacific Investments компаниясынын Тимур Кулибаевге байланышы барын көрсөтүп турганын айткан. Бирок 2007-жылдын январында иш жабылган. Буга прокуратуранын төлөмдөрдү келишимдерге байланыштыра албаганы жана каражатты алган адамдарды аныктай албаганы себеп болгон.

Кулибаевдин адвокаттары Би-Би-Сиге алар жактаган кардар пара албаганын, күмөндүү келишимдерди түзбөгөнүн жана Италияда иликтөөнүн объектиси болбогонун билдиришкен. Алар Кулибаев Бьянки же Гуидотти катышкан кандайдыр бир "коррупциялык схемага" аралашпаганын жана андан кабары жоктугун айтышкан. Кулибаев Enviro Pacific'тин ээси болбогонун, аны көзөмөлгө албаганын жана анын атындагы активдери жоктугун белгилешкен. Ким кожоюн деген суроого алар маалымат жашыруун экенин жүйө келтирип, жооп беришкен эмес. Бирок адвокаттар Би-Би-Сиге Кулибаев "2007-жылы Enviro Pacific'тен коммерциялык шарттар менен базар баасында Саннингхилл-паркка байланыштуу насыя алганын" ырасташкан.

Кулибаевдин жактоочулары насыянын суммасын айткан эмес, бирок кардары аны үстөк пайызы менен жапканын белгилешкен. Алар чарбаны сатып алуу мыйзамдуу болгонун жана керектүү текшерүүлөр жүргөнүн айтууда. Адвокаттар мындан тышкары чарбаны башка бирөө сатып албашы үчүн Кулибаев алдын ала 15 млн стерлинг төлөгөнүн дагы айтууда.

Иликтөөгө падышалык үй-бүлө жана Кулибаев кандай комментарий берет?

Саннингхилл-парк сатылгандан кийин анда киши жашаган эмес. 2016-жылы ак сарай түрттүрүлүп, 14 уктоочу бөлмөлүү жаңы үй курулган, учурда ал дагы ээн турат.

Эндрю Кулибаев колдонгон каражаттардын булагын билгенби же жокпу дегенди ырастаган далил жок. Бирок келишимде падышалык үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргогон юристтер эске ала турган бир катар "кооптуу жагдайлар" бар болчу деп жазды Би-Би-Си.

Мындай учурларга журналисттер британ өкмөтүнүн "Казакстандагы системалык коррупцияга" байланыштуу тынчсыздануусун, Кулибаевдин кызмат абалын жана президенттин күйөө баласы экенин, офшордук татаал схемаларды колдонгонун, баанын ашкере жогорулугун сатып-алуучуга карата ачык-айкын мамиле болбогонун мисал келтиришкен.

"Падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү, олигарх же миллиардер экениңизге карабай - сиздин атыңыздан келишим түзүп жаткандар Британиядагы кыймылсыз мүлккө инвестиция салган офшордун юридикалык жана абройлук тобокелдиктеринен сак болушу керек эле", - деген Би-Би-Сиге акчаны адалдаштырууга каршы эксперт Китинг.

Британ парламентинин мүчөсү Маргарет Ходж Би-Би-Синин иликтөөсүнөн кийин "нес болуп" турганын айтып, "ансыз да күмөндүү алып-сатуу келишиминде" "кылмыштуу ишмердүүлүктүн кирешеси" аралашып кетиши мүмкүндүгүн айткан.

"Парламент жана атайын улуттук мекемелер бул айыптоолорду иликтеши керек. Эч ким мыйзамдан жогору турбайт", - деген Ходж Би-Би-Сиге.

Эндрю (2025-жылы америкалык финансист, жашы жете электерди сексуалдык эксплуатацияга алганы үчүн айыпталган Жеффри Эпштейн менен байланышы үчүн титулдарынан жана айрым жеңилдиктерден кол жууган) жана Букингем сарайы комментарий берүүдөн баш тарткан. Падышалык үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргогон Farrer & Co юридикалык фирмасы да комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кайтарган жок. Ошол эле учурда юристтер бардык зарыл процедуралар сакталганын, фирма кыймылсыз мүлктү Тимур Кулибаев сатып аларын билгенин баса белгилешкен.

Нурсултан Назарбаев 2019-жылы президенттик кызматтан кеткен. 2022-жылы өлкөдө жапырт нааразылык акциялары кандуу окуялар менен аяктагандан кийин ал мурдагы таасирин жоготкон. Экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрү жогорку кызматтардан четтетилип, айрымдарына кылмыш иши козголгон.

Тимур Кулибаев Улуттук ишкерлер палатасы "Атамекендин" президиумунун төрагасы кызматын тапшырган. Ал көзөмөлдөгөн бир катар компаниялар Алматынын кадыр-барктуу райондорундагы жер тилкелерин мамлекетке кайтарууга милдеттендирилген. Алардын бул чечимдерге каршы арыздары сотто каралууда. Назарбаевдин күйөө баласына кандайдыр бир айып коюлгандыгы тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

2025-жылдын башында Bloomberg агенттиги Тимур Кулибаев Казакстан мамлекетине 1 миллиард доллар төлөп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазган. Бул сүйлөшүүлөр анын байлыгынын келип чыгышын иликтөө алкагында жүрүп жатканы айтылган.

Медианын маалыматына караганда, каражаттар накталай да, маанилүү долбоорлорго инвестиция катары да төлөнүшү мүмкүн. Ошол эле учурда мындай макулдашуу күнөөнү моюнга алууну билдирбейт, тескерисинче, иликтөөлөрдү токтотууга жана активдердин мыйзамдуулугуна байланыштуу суроолорду жоюуга багытталган.

"Олигархтын адвокаттары анын байлыгы он жылдаган ишкердиктин акыбети экенин, ага каршы эч кандай иликтөө жүрбөгөнүн, ошондой эле мыйзамсыз алынган активдер үчүн кенемте төлөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген божомолдор чындыкка дал келбесин билдиришти", - деп жазды Би-Би-Си.

Иликтөөнүн өзүн бул жерден окуй аласыздар.

XS
SM
MD
LG