Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Өзбекстан илдет жуккан туристке кенемте төлөйт


Өзбекстан
Өзбекстан

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев пандемия маалында Өзбекстанга келип, коронавирус жугузуп алган ар бир туристке 3 миң доллардан кенемте төлөп берүү тууралуу буйрукка кол койду. Өлкөнүн Туризм департаменти президенттин буйругун "туристтерди тартуу максатын көздөгөн жарнама" деп түшүндүрдү.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-июнда “Туризм тармагын өнүктүрүү чаралары” тууралуу буйругун чыгарды.

Мирзиёевдин буйругунда “эгер чет өлкөлүк турист Өзбекстанга саякаттап келип, коронавирус жуктуруп алса, ага 3000 доллар өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилет” деп айтылган.

Өзбекстандын туризмин өнүктүрүү тууралуу бир нече чаралардын ичинен "туристке 3 миң доллар төлөнөт" деген жери социалык тармактарда акыркы үч күндөн бери кызуу талкууга алынууда.

Бирок Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү комитетинин башчысы Азиз Абдухакимов президенттин буйругу тек гана пандемия маалындагы жарнамалык жүрүш экенин айтты.

"Өзбекстанга келип, коронавирус жуктуруп алган туристтерге 3 миң доллар өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилиши баарынан мурда жарнама экенин эстетип өтөм.

Анан да Өзбекстан туризмге абдан кызыктуу экенин бүт дүйнөгө жайылтышыбыз керек. Бул жагынан алганда президенттин буйругу баарынан мурда "PR жүрүш" да. Азыркы учурда дүйнө саякатчыларын кызыктыруу үчүн Өзбекстан кабыл алып жаткан чаралар жергиликтүүлөр арасында абдан катуу талкууга алынды. Муну эл аралык эксперттерден бери талкуулап жатышат. Демек, Өзбекстанды жарнама кылуу үчүн жасалган кадам өзүнүн жемишин бере баштады".

Туризмди өнүктүрүү комитетинин дагы бир кызматкери Акбар Икромовдун айтымында, президенттин буйругунда үй-бүлөлүк конок үйлөрдү ачкандар тууралуу да маанилүү жаңылыктар бар.

"Үй-бүлөлүк конок үйлөрүнүн ээлери Туризмди өнүктүрүү комитетине же аймактык башкармалыктарга кайрылып, ар бир орун үчүн 22 доллардан пайызсыз ссуда ала алышат".

Туризм комитетинин билдирүүсү чакан конок үйлөрдү иштеткен ишкерлерге майдай жакты. Маселен, Ташкенттин Юнусабад районунда атасынан калган үйдүн эки каанасын “Нурзия” аттуу конок үйгө айлантып, эми гана бир жарым жыл иштеткен Фархад аттуу ишкер пайызсыз насыя алууга кызыгып отурат.

"Бул жакшы экен. Өз алдымча да сураштырып көрөйүн. Эгер шарттары жакшы болсо алам. Эмнеге албайын?"

Чынында коронавирус пандемиясына байланыштуу Фархаддын пландары бүт бузулган. Конок үйдү ачуу үчүн ремонтко 3 миң доллар жумшаган ишкердин тилегени эле туристтердин келиши.

Пандемия башталгандан бери анын “Нурзия” конок үйүнө эч ким келе элек. Ишкер кардардын жоктугу аз келгенсип, салыкчылар жүдөтүп жибергенин жашырбады.

Анын айтымында, салыкчылар конок келбей жатканына карабай, "жок дегенде өзүңө айлык жазып, салык төлө" деген талапты коюп келет. Бирок өзбек президенти жергиликтүү ишкерлердин буга окшогон көйгөйүн чечүү ордуна өлкөнү эң эле демократиялуу туристтик аймак катары көрсөтүүгө аракет кылууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG