Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Түзүлө элек “Кыргыз туризмдин” түйшүгү


Кыргызстан. Каракол лыжа базасы. 2012-жыл.
Кыргызстан. Каракол лыжа базасы. 2012-жыл.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги туризм жаатында иш алып барган дагы бир “Кыргыз туризм” ишканасын түзүүнү сунуш кылып жатат. Маалымат боюнча ишкана музейлерди, аймактардагы туристтик объектилерди өз карамагына алып, чарбалык иштерди жүргүзөт жана Кыргызстанды чет жакта жарнама кылат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Кыргыз туризм” ишканасын түзүү боюнча демилге көтөрүлүп жатканын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушканда билдирди. Туризм маселеси талкууланган кеңешмеде өкмөт башчы бул тармакты өнүктүрүү боюнча концепцияны бир айдын ичинде иштеп чыгууну тапшырды.

Жаманкулов жаңы түзүлүп жаткан “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы аткарчу айрым иштер тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.

Азамат Жаманкулов.
Азамат Жаманкулов.

- Бул туризмди өнүктүрүү боюнча кээ бир милдеттерди аткарган кошумча ишкана болот, - деди министр. - Биз Кыргызстандын булуң-бурчуна туристтик маалыматтык борборлорду ачабыз. Ошолорду башкарчу мамлекеттик ишкана керек. Андан тышкары тарыхый объектилерди, мамлекеттин колундагы айрым туристтик объектилерди башкара турчу ишкана керек болуп жатат. Ошондуктан кээ бир мейманканаларды, туристтик жайларды “Кыргыз туризм” ишканасына өткөрүп беребиз.

Бирок министрликтин карамагында туризм жаатында иш алып барган дагы бир Туризм департаменти бар. Жаманкулов департамент жалпы саясатты гана жүргүзүп, мыйзамдарга байланышкан иштер менен алек болорун белгиледи.

Ал эми “Кыргыз туризм” ишканасы коммерциялык багытта иштейт. Ал киреше алып келе албай жаткан туристтик жайларды, объектилерди өз көзөмөлүнө алып, Интернет аркылуу Кыргызстанды жарнамалайт жана чет жакта жармаңкелерди өткөрөт. Ал үчүн 2019-жылы бюджеттен 50 млн. сом бөлүп берүү каралган.

Анткен менен Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Жыргалбек Турускулов республикалык бюджеттин абалын эске алууга чакырды:

Жыргалбек Турускулов.
Жыргалбек Турускулов.

- Өкмөттүн абалы начар, бюджет тартыш болуп жатканда ошого жараша иш кылышыбыз керек. Ооба, баарыбыздын эле “Кыргызстанды туризм менен тааныталы” деген ниетибиз бар. Бирок мамлекеттик ишкананы ачуу канчалык туура болот, кийин ал иштеп кете алабы - баарын карап көрүшүбүз керек.

Министрлик “Кыргыз туризм” ишканасы боюнча долбоор өкмөттүн кароосунда экенин жүйө кылып, анын штаттык бирдигин, кызматкерлер кандай негизде алынарын ачык айткан жок.

Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев министрлик сунуш кылган ишкана өзүн актай тургандыгына ишенет.

- Акча табуу, коммерциялык иш менен жаңы түзүлчү “Кыргыз туризм” ишканасы алек болушу керек, - деди Максат Чакиев. - Мисалы, мамлекеттик мекемелердин иштетилбей туруп калган мейманканалары бар. Жогорку Кеңештин, Билим берүү министрлигинин, дагы башка министрликтердин өз-өзүнчө пансионаттары бар. Алардын баары урап, талкаланып жатат. Анткени алар мейманканаларды коммерциялык жол менен иштете албайт. Андан сырткары, “Манас ордо”, “Сулайман тоо” деген парктар бар. Алар да пайда алып келбей жөн эле турат. Ошондуктан акча таба албай жаткан, бирок каражат табууга мүмкүнчүлүгү бар туристтик объектилердин баарын тең “Кыргыз туризмге” бериш керек.

Казакстанда “Казак туризм” ишканасы 2017-жылы түзүлгөн. Өзбекстанда да ушундай эле “Өзбек туризм” ишканасы иштейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев бул багытта Кыргызстандын абалын коңшу өлкөлөр менен салыштырууну туура көрбөйт. Ал өкмөт өзүнүн түзүмүн жана курамын өзгөртүү, оптималдаштыруу боюнча убадасын аткаруунун ордуна артыкбаш ишканаларды түзүү менен алек болуп жатканын сындады:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Жогорку Кеңеш өкмөткө кошумча ишкана түзүүгө жол бербеши керек. Анын үстүнө өкмөт “реформа кылабыз, кыскартууга, оптималдаштырууга барабыз, бирин бири кайталаган кызматтар болбосун” деп жатканда өздөрү да буга жол бербеши керек. “Кыргыз туризм” ишканасы түзүлсө ал мейманкана ачабы? Ансыз деле биз мамлекеттик ишканаларды азайта албай жатабыз. Биз “мамлекет начар менежер” деп айтып атабыз. Андыктан дагы бир мамлекеттик ишкананын кереги жок.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жайында эле парламентке өкмөттүн жаңы түзүмүн сентябрь айында алып келүүгө убада берген. Өкмөт кийин сунуш убагында даярдалбай калганын, жыл аягына чейин долбоорду парламентке алып келерин кабарлаган. Бирок ал тиешелүү комитетке түшө элек экендиги белгилүү болду.

Өкмөт Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүп, 2023-жылга чейин өлкөнүн ички дүң өнүмүндөгү туризмдин үлүшүн 5 пайыздан 10 пайызга чейин жеткирүүнү максат кылып жатат. Туроператорлор бирикмесинин аткаруучу директору Нурбек Сапаров министрликтин жаңы ишкана түзүү боюнча сунушу тууралуу буларга токтолду:

- Туроператор дароо эле: “Мамлекеттик ишкана качан эле киреше алып келчү эле?” деп суроо берет. Анткени "жеке менчик ишканалар жакшы иштеп, мамлекеттики иштей албай калат" деген коркунуч бар. Себеби менчик ээлери жанталашып иштейт, мамлекеттик ишканаларда болсо алдыга умтулуу деген жок го.

Расмий маалымат боюнча туризм учурда өлкөнүн ИДӨсүнүн 5 пайызын түзөт. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча 2016-жылы Кыргызстанга чет жактан 2,9 млн. жаран келген. 2017-жылы 4,5 млн., 2018-жылдын 9 айында 5,1 млн. чет өлкөлүк жаран чек арадан өткөн. Кыргызстанга көбүнчө Казакстан, Орусия, Украина, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай жана Түркия мамлекеттеринен туристтер келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG