Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Трамп Ким менен жолугаарынан күмөн санады


Президент Дональд Трамп Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Ак үйдөгү жолугушууда. 22-май, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Ак үйдөгү жолугушууда. 22-май, 2018-жыл.

АКШда президент Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушаарынан күмөн санады. Анын айтымында, 12-июнга мерчемделген саммит боюнча маселеге али тактык кире элек жана убактысы өзгөрүп кетиши да мүмкүн. Ал арада Түндүк Корея жарыялагандай "өзөктүк сыноо өткөрүлүүчү полигондун бузулушуна" күбө болуш үчүн ал жакка чет элдик журналисттер тобу барды.

АКШнын президенти Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен көптөн бери күтүлгөн саммит боюнча күмөн санап жатканын шейшемби күнү Ак үйдө Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инди кабыл алып жатып билдирди:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Бизде жылыш бар, бирок эмне болорун көрөбүз. Биз көздөгөн белгилүү бир шарттарыбыз бар, менимче ал шарттарга жетебиз. Эгер аны кыла албасак жолугушуу да болбойт. Эгер азыр ишке ашпаса, балким кийинчерээк, башка учурда өтөт. Силер билгендей, азыр бул нерсе иштеп кетишине мүмкүнчүлүк бар. Бирок "иштеп кете албайт" деген да олуттуу жагдай турат. Бирок бул "кийин да иштебейт" деген сөз эмес. Бул 12-июнга карата иштейбей калышы мүмкүн.

Дональд Трамп саммитке катышуусу үчүн Вашингтон Ким Чен Ындын жеке коопсуздугуна кепилдик берерин да кошумчалады. Кезинде АКШ Түштүк Кореянын ирдениши үчүн ага жардам берээрин да эске салды.

АКШ менен Түштүк Кореянын президенттеринин Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрү Түндүк Корея боюча биргелешкен стратегияны аныктоо максатында да болду.

Өткөн аптада Түндүк Корея Түштүк Корея менен министрлер деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдөн баш тартып койгон болчу.

Пхеньян өз билдирүүсүндө Түштүк Корея менен АКШнын аскердик машыгуулары токтобой жатканын жүйө келтирген. Ага катар Вашингтон да 12-июнга Сингапурга мерчемделген саммиттин тагдырын өтө этият ойлонушу керек экенин белгилеген.

АКШ болсо жолугушуунун эң башкы жыйынтыгы - Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул “ишенимдүү текшерүү” аркылуу ырасталышы зарыл деп эсептейт.

Жолугушууну даярдоо максатында мамлекеттик катчы Майк Помпео Түндүк Кореяга эки жолу барып келди:

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Менде Ким Чен Ын технологияга АКШнын инвестициясын, АКШнын өндүрүш сырларын өз эли үчүн баалуу деп табат деген реалдуу ой бар. Биз дал ушул маселени аны менен жалпысынан сүйлөштүк. Менимче, эгер биз өзөктүк куралдан арылтуу укугун алсак, Америка Түндүк Кореянын элин жашоону оңдой турган көп нерсе менен камсыз кыла алмак,- деди Помпео 22-майда Вашингтондогу басма сөз жыйынында.

Ал арада Түндүк Кореяга Батыш өлкөлөрүнүн жана Кытайдын журналисттер тобу барды. Алар өзөктүк сыноо өтүүчү полигондун бузулушуна күбө болуш үчүн чакырылган. Шаршемби күнү болсо Түштүк Кореядан Түндүк Кореяга Пхеньян кабыл алууга макул болгон сегиз журналист жөнөгөнүн расмий Сеул ырастады.

Пхеньяндагы бийлик Пунгери полигону аба ырайынын шартына жараша 23-25 майда бузуларын буга чейин жарыялаган.

АКШнын бийлик өкүлдөрү мурдараак Түндүк Кореянын лидери былтыр утур-утур ракеталарын сынаган соң кепке келип, быйыл эми өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине, ага “болушунча кысым жасалганына” байланыштырган.

Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

Бирок Пхеньян мындай көз карашка нааразы болуп, бир ирет АКШга “атайылап чагым салбаш” керек экенин, анын сүйлөшүүгө даярдыгын алсыздык катары чечмелебеши зарылдыгын эскерткен.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган өз санкцияларын киргизген. Ал санкциялардын баары азыр да күчүндө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG