Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Орусияда балдарын таштаган мигранттар ондоп саналат


Кыргызстандык мигрант кыз таштап кеткен наристе, аты Жанна. Ал азыр Москвадагы балдар үйүндө багылууда.
Кыргызстандык мигрант кыз таштап кеткен наристе, аты Жанна. Ал азыр Москвадагы балдар үйүндө багылууда.

1-июнь – балдарды коргоонун эл аралык күнү адатта ата-энелер балдарына атайын көңүл бөлүп, майрамдык маанай тартуулаганга аракеттенишет. Бирок дал ушул эл аралык күн – томолой жетим, же ата-энеси тирүү турса да, ар кандай себептен улам багуусуз калган балдардын тагдырына көбүрөөк көңүл бурулчу күн окшобойбу.

Соңку жылдары Орусияда иштеп жүргөн борборазиялык мигранттар жаңыдан төрөлгөн чүрпөсүнөн баш тартып, же баласын бага албай, мамлекет камкордугуна өткөрүп берген учурлар көбөйгөн.

Москвадагы № 19-балдар үйүндө тарбияланып жаткан 16 жаштагы Акрам жакында жаш сүрөтчүлөр конкурсунда алтын медаль утуп алганын айтып сыймыктанат:

- Бул жерде балдар бактылуу, көп нерсеге жетише алышат. Сапаттуу билим алышат, биз менен атайын психологдор иштейт. Мен ушул балдар үйүнө түшүп калганыма абдан сүйүнөм, сыймыктанам. Келечекте атактуу адам болсом, сөзсүз мен 19-балдар үйүндө тарбиялангам деп айтам.

Акрам мындан 8 жыл мурун ушул балдар үйүнө агасы, эжеси менен чогуу алынып келинген. Атасы өзбек, энеси орус 3 бир тууган таптакыр каралбай, көчөдө калганда коңшулары өкмөттүк органдарга билдирип, балдар мамлекеттин камкордугуна алынган. Жаңыдан келгенде үчөө тең жуунгандан коркуп, суудан жаа бою качканын азыр тарбиячылар күлүп эстешет. Андан бери Акрамдын агасын америкалык үй бүлө асырап алды, эжеси университетке окууга кирген.

Көз карандысыздык жылдары борборазиялык миңдеген мигранттар Орусияга жумуш издеп агылып, алардын айрымдары оокаты жүрбөй көчөдө калып, балдарын бага албай, же жаңыдан төрөлгөн наристесинен баш тартууга аргасыз болгон. 20 жыл ичинде Орусиядагы балдар үйлөрү ошентип, акырындап казак, кыргыз, өзбек, тажик жана башка улуттагы жеткинчектер, же Акрамдай аралашма үй бүлөнүн балдары менен топтолуп отурду. Москвадагы 19-балдар үйүнүн психологу Маша Капилина баарынан да ушул аралашма үй бүлөдөн чыккан балдар көбүрөөк кыйынчылыкка туш болоорун айтат:

- Орустар үчүн алар орус эмес. Казак, же өзбектер үчүн алар казак, же өзбек эмес. Анан балдар деги биз кимбиз деп ичтен бушайман болушат. Улуту тууралуу сураганда ачууланып туталана кетишет. Аларды асырап ала турган үй бүлөнү табуу да кыйын.

Капилинанын айтымында, Орусияда соңку жылдары улутчулдук күчөгөнү да Борбор Азиядан жана Кавказдан барган мигранттардын балдарын кыйыныраак абалга такады. Бирок андай улутчулдук маанай – жетимдер катарын арбыткан аралаш үй бүлө наристелеринин санын азайткан жок. Биз сөз кылып жаткан 19-балдар үйүндө 11 жаштагы Мишанын атасы азербайжан, энеси орус, 5 жашар Леондун атасы орус, апасы африкалык – алар тирүү, жөн гана балдарын карабай, аларды багуу милдетин мамлекетке оодарган.

Мурдараак бул жерге эки тажик бир тууган наристени таштап кетишип, кийинчерээк аларды АКШлык үй бүлө асырап алмакчы болот. Балдардын документтери топтолуп жатканда, алардын Тажикстандагы алысыраак туугандары келип, алып кетмекчи болгондо, эс тартып калган эки бала ага чейин таанышып калган америкалык ата-энесин тандаганын айтып, океандын ары жагына жол тартышкан.

Жакында Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун соңку 3 жыл ичинде Орусияда 60 кыргыз бала жетимдер үйүнө түшкөнүн маалымдап, мекендештерин аларды багып алууга үндөдү. Ага кимдир-бирөө кулак салганы азырынча белгисиз, ал эми азыркы күндө жетимдерди багып алууну каалагандардын үчтөн экиси чет өлкөлүктөр, басымдуу көпчүлүгү АКШ жарандары экен.

Биз сөз кылган Москвадагы 19-балдар үйү – мындай мекемелер арасындагы шарттары мыкты, атайын статус ыйгарылган жай. Болбосо, статистика - Орусиядагы балдар үйлөрүндө чечилбеген көйгөй толтура экенин, аларда тарбияланган ар он баланын бири кийин коомдо ордун таба албай, өз өмүрүн өзү кыйганын көргөзүүдө.

Тасмада: Жетимдин жегени желим

Дүйнөнүн башка ири шаарлары өңдүү эле Алматыда да үйүнөн качып кеткен, же башка бир себептерден улам кароосуз калган көчө балдары көп. Алардын бири - 16 жаштагы Сава өз тагдырын баяндап берди. ZMa.

Жетимдин жегени желим
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG