Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинистти куткаруу операциясы токтотулду


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу иши токтотулганын ырастады. Ага ылайык, куткаруучулар 6 100 метр бийиктикке чейин жеткен жана аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу операция белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Наговицина кошулган төрт кишиден турган альпинисттер тобу Жеңиш чокусуна чыгып кайтып келаткан. 12-августта Наговицинанын буту сынып, баса албай, 7 100 метр бийиктикте калган.

Орусиялык басылмалар 12 күндөн бери -25 градус суук жерде жаткан альпинист каза болгонун жазышты.

Экспедициядагы италиялык дагы бир альпинист андан төмөнүрөөк жерде, 6 900 метр бийиктикте каза болгон. Альпинисттер тобунун башка мүчөсү билдиргендей, ал орусиялык альпинистке көмөктөшмөк болуп суукта көп жүрүп калганы үчүн мээ шишигинен улам көз жумган.

16-августта Жеңиш чокусуна альпинисттерди эвакуациялоо үчүн бараткан Ми-8 аскердик тик учагы кырсыктап, тоого катуу конуп, борттогу бир нече адам жаракат алган.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Наговицинанын окуясынан кийин билдирүү таратып, жарандарын тоого чыгар алдында өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабар берүүсү керектигин эскерткен.

Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан. Бийиктиги 7439 метр.

Шерине

XS
SM
MD
LG