Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Татарлар эне тил элди сактайт деп ишенет


Татарстандык журналист Алия Сабирова эне тилин сактап өнүктүрүүнү өмүрүндөгү башкы ишке айландырган
Татарстандык журналист Алия Сабирова эне тилин сактап өнүктүрүүнү өмүрүндөгү башкы ишке айландырган

26-апрел күнү Татарстанда "Эне тил күнү" белгиленет. Орус, англис, түрк жана башка тилдер таасирин күчөтүп, татар коомчулугу балдарын келечегине карап, башка тилдеги мектептерге бергени менен, татар тили соңку жылдары арышын кеңейтип, аны изилдөө жана өнүктүрүү аракети кадимкидей жанданды.

Журналист, коомдук ишмер Алия Сабирова “Өзүбүз” деп аталган бейөкмөт уюмду башкарат. Ал уюм татар тилин өнүктүрүп, жайылтып-байытууга арналган гезит, китептер чыгаруу, теле-радиоберүүлөр даярдоону максат кылат.

3 баланын энеси, 35 жаштагы Алия Татарстанда жашаган көпчүлүк татарлардай эле улуу эки баласын орус мектепке берген. Анын себебин ал жөнөкөй эле түшүндүрүп, балдарынын келечегин ойлоп отуруп, татар мектепке берсе кийин Орусиядагы мыкты университеттерге өтө албай, келечеги, мүмкүнчүлүгү чектелип калабы деп чочулаганын айтат.

Советтер Союзу кыйрагандан кийин Татарстанда татар тилинде окуткан мектептер көбөйгөнү менен, ал мектептерди бүтүргөн балдар кийин орус тилдүү университеттерге тапшырып-окуганда кыйналаарын түшүнгөн ата-энелер кийинчерээк балдарын татар мектептерден алып кетип, кайра орус мектепке бергендер көбөйгөн.

Ошентсе да, дүйнөдөгү 7 миллиондой татар калкынын эне тили жоголуп бараткан тилдер тизмесине кирбейт. Анткени татарларда балдарына үйдө татар тилин, маданиятын үйрөтүү, улуттук өзгөчөлүгүн сактап калуу сезими күчтүү турбайбы. Алия Сабирова да 15 жаштагы уулу Болат жана 13төгү кызы Альфия орус мектепте окуганы менен, үйдө жалаң татар тилинде сүйлөөрүн, алар сөзсүз окуп үйрөнө турган татар адабиятынын тизмеси ар бир үй-бүлө үчүн эрежеге айланып калганын айтат.

“Татарлар үчүн улуттук өзгөчөлүгүн сактап калуунун бирден бир жолу – маданият жана тил. Саясий эгемендик тууралуу азыр Орусияда сөз кылуунун кажети жок. Татар маданияты орус маданиятына таптакыр окшобойт. Ошого басым жасап, балдарыбызды татар тили менен маданиятына сугарып өстүрүүгө аракет кылабыз”, - дейт ал.

Алия жетектеген “Өзүбүз” бейөкмөт уюму 26-апрел күнү Казанда татар элинин атактуу акындарынын бири, татарлар улуттук гимни эсептеген “О, эне тилим” ырын жазган Габдулла Тукайга арналган чоң концерт уюштурмакчы.

Ошентип, дүйнөдөгү 7 миллиондон ашуун татар калкы Орусия, Украина, Борбор Азия, Түркия, АКШ, Европада чачырап жашап, ошол жерде басымдуулук кылган тилдердин кысымы алдында күн көрүп жатса да, өз эне тилин, улуттук маданиятын сактоону ар бир татардын жеке парзы деп эсептейт экен.

2002-жылкы Орусиядагы эл каттоо көргөзгөндөй, сурамжылоого катышкан татарлардын 94%ы татар тилин эң биринчи орундагы эне тили деп эсептейт. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жашаган татарлар арасында өз эне тилин башка тилдерден жогору койгон татарлардын саны жогору экенин кошумчалай кетели.

Эне тилин сактап өнүктүрүүнү өмүрүндөгү башкы ишке айландырган Алия Сабирова “балдарыңа сен татар болгон үчүн татарча сүйлөшүң керек деп айтсаң ал жукпайт, андан көрө татар тилинде мыкты ырларды үйрөтүп, абдан кызыктуу китеп жана башка чыгарма жаратсак ошол алдаганча жугумдуу болот” деген пикирин кошумчалайт. “Өзүбүз” бейөкмөт уюму дал ушундай иштер менен алек, ушу тапта белгилүү татар рэппери Шакурдун ырларын дисктерге чыгарып, жаштар арасында жайылтууга күч үрөп жаткан кез.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG