Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

"Талибан" Тажикстан менен чектеш районду ээледи


Ооган армиясынын аскерлери.
Ооган армиясынын аскерлери.

Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен Бадахшан провинциясынын Зебак районунда талиптер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда айыгышкан кармаш уланууда. 1-майда Тажикстандын Ишкашим райондук ооруканасына ооган армиясынын оор жарадар болгон жети аскери жеткирилген. Ал тапта "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Зебак районун өз карамагына алганын билдиришти.

Жорубкан Валади Курбонали оор жаракат алып Тажикстандын Ишкашим райондук ооруканасына жеткирилген жети ооган аскердин бири. Ал 28-апрелдин таңында талиптер стратегиялык мааниси жогору деп эсептелген Зебак районун басып алышканын айтат:

- Айыгышкан салгылашуулар төрт саатка созулду. Биздеги ок-дарылардын баары түгөнүп, ал эми жардам өз убагында келбегендиктен чегинүүгө аргасыз болдук. Аймак "Талибандын" карамагына өтүп кетти.

Ишкашим райондук ооруканасынын башкы дарыгери Парвиз Бораков жети аскердин бири өзүнө келбей, ооруканадан көз жумганын билдирди:

- Ооруканага түшкөндөрдүн бири келгенде эле оор абалда болгон. Ал өзүнө келбей көз жумду. Эки аскерге операция жасадык. Алардын абалы канааттандырарлык. Дагы бирөө башына ок жеген экен, аны Хорогдун ооруканасына жөнөтөлү деп турабыз. Калгандарынын абалы дурус.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги Зебак району талиптердин колуна өткөнүн ырастап, бул убактылуу көрүнүш экенин, учурда өкмөттүк күчтөр аймакты кайтаруу аракетин көрүп жатышканын белгиледи.

Ооганстандын Бадахшан провинциясында жайгашкан Зебак уезди Тажикстандын Ишкашим району менен чектешип, андан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындан башка Ооганстандын Тажикстан менен чек арасына жакын жайгашкан Хатлон, Тахор провинцияларында да утур-утур талиптер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда куралдуу кагылышуулар жүрүп келет. Учурда чек аралаш эки уезд толук "Талибан" кыймылынын көзөмөлүндө экени маалым.

Зебак району жайгашкан Ооганстандын Бадахшан провинциясы.
Зебак району жайгашкан Ооганстандын Бадахшан провинциясы.

Тажикстандын бийликтери бул боюнча өз тынчсыздануусун билдирип келишет. Өлкө башчысы Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттерин терроризм жана экстремизмге каршы туруунун эң биринчи чарасы катары ооган-тажик чек арасына көңүл буруп, аны бекемдөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырып келет.

Ооганстандык саясат таануучу Энаят Насир "Рейтер" агенттигине курган маегинде "Талибан" кыймылы согушуу тактикасын өзгөртүп жатканын айтат:

- Талиптер өз тактикасынын үстүнөн иштеп, тез-тез өзгөртүп турушат. Айрым учурларда алар колдонуп жаткан тактиканы түшүнүү да кыйын. Айрым аракеттери Ооган коопсуздук күчтөрү тарабынан эч анализденбей жатат. Соңку чабуулдар көрсөткөндөй талиптердин чалгын кызматтары жакшы иштейт.

Саясат таануучу белгилген соңку чабуулдардын бирин "Талибан" кыймылы 21-апрелде ишке ашырган. Ооган армиясынын формасын кийген он чакты согушкер Мазари-Шарифтеги аскерий базага кол салышкан. Анда жума намаздан келаткан 140 аскер набыт болгон. Бул окуяга байланыштуу Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөнүн аскерий жетекчилерин кызматтан алган.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер.

Андан көп өтпөй апрель айынын соңунда "Талибан" жоочулары жазгы чабуулдарын баштаганын, АКШ жетектеген коалиция менен ооган коопсуздук күчтөрүнө сокку урарын билдирди. Ушул эле апрель айынын ичинде Ооганстанга АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис жана Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер келип кетишкен. Генерал Макмастердин айтымында, ушул тапта Трамптын администрациясы Ооганстан боюнча өз стратегиясын иштеп жатат.

Ал эми бир күн мурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг аскерий альянс Ооганстандагы аскерлердин санын көбөйтүү боюнча чечим кабыл алууга жакындаганын билдирди. Анын алдында Ооганстандагы кырдаалга байкоо салган америкалык уюм талиптердин колунан каза тапкан коопсуздук кызматкерлеринин саны өтө жогору болуп жатканын эскерткен. Учурда Ооганстанда жергиликтүү күчтөргө жардам көрсөтүп, машыктырып жүргөн НАТОнун 13 миңдей жоокери бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG