Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Талибан дагы бир районду ээледи


Ооган полициясынын Гильменддеги көзөмөл бекеттеринин бири. 28-февраль, 2017-жыл.
Ооган полициясынын Гильменддеги көзөмөл бекеттеринин бири. 28-февраль, 2017-жыл.

Ооганстанда Талибандын согушкерлери өлкө түштүгүндөгү Гильменд провинциясынын стратегиялык району – Сангиндин борборун ээлешти. Мындан улам жергиликтүү бийлик аймактан чегинүү менен өкмөттүк күчтөр тактикалык кадамга барганын белгилөөдө. "Талибан" басып алган аймактардын кеңейиши өлкөдө чет элдик аскерлердин саны көбөйтүү зарылдыгын ооган өкмөтү өзү да айтып жаткан учурга туш келди.

Гильменд провинциясынын Сангин району Талибандын Ооганстандагы бийлиги 2001-жылдын соңунда кулагандан бери бир нече жыл бою маал-маалы менен уруштардын чордону болуп келген. Ооганстандагы апийим өндүрүштүн эң чоң бөлүгүн берген бул район стратегиялык аймакта Кандагар провинциясы менен Гилменд дарыясынын боюнда жайгашкан.

Талибандын басма сөз өкүлү Кари Юсуф Ахмадинин ырастоосунда, алардын согушкерлери өткөн түнү район борборундагы полиция кеңселерин, аскерий базаны ээлеп, өкмөттүк аскерлер таштап кеткен курал-жаракка да ээлик кылышкан.

Гилменддин провинция кеңешинде коопсуздук комитетин башкарган Шакир Башир Ахмад “Азаттыктын” ооган кызматынын кабарчысына буларды айтты:

- Мунун кесепеттери абдан жаман болот. Сангин стратегиялык район. Душман эми бул жердин мүмкүнчүлүктөрүн адамдарды, согушкерлерди өз катарына тартуу, апийим соодасын жүргүзүү үчүн толугу менен колдонот.

АКШ менен НАТОнун Ооганстанга колдоо көргөзгөн аскерий миссиясынын маалыматына караганда, Сангин районунун борборунан чегинүү алдында ооган күчтөрү ал жердеги имараттарды, жабдууларды, иштебеген унааларды атайлап эле талкалап салышты.

Кабулдагы жарылуу, 1-март, 2017-жыл.
Кабулдагы жарылуу, 1-март, 2017-жыл.

Гилменддин провинция губернаторунун басма сөз өкүлү Омар Зуак “Азаттыктын” ооган кызматынын кабарчысына өкмөттүк күчтөрдүн чегинүүсүн жайкын тургундардын өмүрү кыйылышына жол бербөөнү көздөгөн атайын тактика катары сыпаттады:

- Жайкын тургундар арасындагы жоготууга жол бербөө тактикабызга, ага катар базардын талкалануусуна алып барбоо үчүн райондун борборунан чегинип, аны башка жакка көчүрүүнү чечтик. Биздин кеңселер эми ал жерден үч чакырым түштүк тарапта болот.

Жаз келип, күн жылыгандан бери талиптер менен өкмөттүк күчтөрдүн уруштары Ооганстандын бүткүл аймагы боюнча күчөйт деп күтүлүүдө.

Коопсуздук боюнча расмий өкүлдөр атүгүл быйылкы жыл былтыркыдан оор болушу мүмкүндүгүн, Талибан коркунуч туудургандардын арасында түштүктөн Гилменддин провинция борбору Лашкар Гах, түндүктөн Кундуз провинциясынын борбору Кундуз шаарлары да бар экенин айтып жатышат.

АКШнын эсебинде, өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60% азыраак аймагын көзөмөлдөйт. Талиптер провинция борборлорун алышпаганы менен айыл жерлеринен ири аймактарга ээлик кылат.

Ооган бийлигинин өзүнүн маалыматы боюнча Талибан ошол эле Гилменд провинциясынын 85% көзөмөлдөйт. Былтыр ушул маалда алар 20% гана кармап турушкан.

Гильменддин борбору Лашкар Гахта жанкечти жардыруу жасагандан кийинки учур. 10-январь, 2017-жыл.
Гильменддин борбору Лашкар Гахта жанкечти жардыруу жасагандан кийинки учур. 10-январь, 2017-жыл.

2014-жылдан бери Ооганстанда коопсуздук үчүн жоопкерчилик ооган күчтөрүнүн мойнунда. АКШ менен НАТОнун башка өлкөлөрүнүн Ооганстанда калган аскерлери уруштарга тикелей катышпастан жергиликтүү күчтөрдү машыктыруу, кеңеш берүү вазийпасын аркалайт.

Президент Дональд Трамп Ооганстан боюнча стратегиясын азырынча жарыялай элек.

АКШнын Ооганстандагы башкы аскерий колбашчысы, генерал Жон Николсон өткөн айда абал оор экенине токтолуп, НАТОнун учурдагы машыктыруу жана кеңеш берүү миссиясын чыңдоо үчүн чет элдик аскерлердин санын көбөйтүү зарылдыгын билдирген.

Америкалык контингенттин саны көбөйтүлүшүнө муктаждык бар экенин ушул аптада Вашингтондо болгон учурунда Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани да белгиледи.

Кезинде НАТОнун Ооганстандагы аскерлеринин саны 100 000ден ашкан эле. 2014-жылдан кийин ооган жергесинде Түндүк альянстын 13000 миңдей аскери калган, алардын 8400ү америкалык контингент.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG