Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

НАТО Ооганстанда аскерин көбөйтүшү мүмкүн


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг блок Ооганстандагы аскерлердин санын көбөйтүү боюнча чечим кабыл алууга жакындаганын билдирди. Анын алдында Ооганстандагы кырдаалга байкоо салган америкалык уюм өлкө кандуу согуштун кучагында кала бергенин айтып, талиптердин колунан каза тапкан коопсуздук кызматкерлеринин саны өтө жогору болуп жатканын эскерткен. Согушкерлер жакында жазгы чабуул баштаганын билдиришкен.

Германиялык Welt am Sonntag гезитине курган маегинде Столтенберг коопсуздук кырдаалын эске алуу менен НАТО Ооганстандагы аскерлердин санын көбөйтүшү ыктымал экенин айтты.

Баш катчы конкреттүү сандар жана контингенттин жайгашуу мөөнөтүн узартуу чечими июнь айына чейин белгилүү болорун кошумчалады. Ушу тапта НАТОнун 13 миңдей аскери жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн машыктыруу, жардам жана кеңеш берүү программасынын алкагында кызмат өтөп келет.

Ооганстандагы эл аралык күчтөрдү көбөйтүү керектиги буга чейин да айтылып келген.

Ооган коопсуздук күчтөрү
Ооган коопсуздук күчтөрү

Быйыл февралда НАТОнун Ооганстандагы контингентинин командачысы, америкалык генерал Жон Николсон азыркы кырдаалга жооп берүү үчүн миңдеген жоокер жетишпей жатканын билдирген.

Генерал Талибандын согушерлери гана эмес, “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жоочуларына каршы күрөш “туңгуюкка” такалганын айткан.

2014-жылы Түндүк альянстын миссиясы расмий аяктагандан бери талиптердин кол салуулары күч алды. Көп учурларда жергиликтүү аскерлер аларга туруштук бере албай келет.

Ооганстандагы Кайра куруу иштери боюнча атайын инспекциянын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын алты жумасында эле жоочулар менен кармаштарда ооган куралдуу күчтөрүнүн 807 кызматкери каза тапкан.

Инспекция 1-майда АКШ Конгрессине жөнөткөн докладда быйыл төрт айда 1 328 коопсуздук аскери жарадар болгонун маалымдады. Бирок бул статистикага 21-апрелдеги кандуу чабуул кирбей калган. Ал күнү талип согушкерлери Балх провинциясындагы аскерий комплекске кол салганда улуттук армиянын 140тан көп жоокери жантаслим болгон.

Ал кыянат окуядан кийин Кабулга барган Пентагондун башчысы Жим Мэттис быйылкы жыл да ооган коопсуздук күчтөрү үчүн кыйын жылдардан болорун айтты:

- Ооганстандагы миссиябыздын алдында турган кыйынчылыктарды жакшы түшүнөбүз. 2017-жыл эр жүрөк ооган копсуздук күчтөрү жана Ооганстандын терроризмге каршы күрөшүндө ийиндеш турган эл аралык контингент үчүн оңой эмес болору анык. Ошол террорчулар бул мамлекеттин Улуттар уюму тааныган легитимдүү өкмөтүнө шек келтирүүгө аракеттенишүүдө.

Дагы бир маалымат боюнча өткөн жылдын ноябрында ооган өкмөтүнүн көзөмөлүндө өлкө аймагынын 57,2 проценти болсо, азыр 60 процентке чукулдады. Башкача айтканда, бийлик көзөмөлүндөгү жерлерде жашаган калктын саны 800 миңдей кишиге көбөйдү.

Отчетто ошондой эле БУУнун Ооганстанга жардам берүү миссиясынын маалыматы камтылган. Анда былтыр жайкын оогандар арасында жабыркагандардын саны 11 418 кишиге жеткени, 3 498 киши өлгөнү айтылган. Бул жагынан 2016-жыл мындай статистика жүргүзүлгөн 2009-жылдан бери жөнөкөй оогандар үчүн эң кандуу болуп калды.

АКШ Конгресси тарабынан түзүлгөн инспекция 2002-жылдан бери Ооганстандагы кайра куруу иштерине бөлүнгөн 100 миллиард доллардан ашуун каражаттын жумшалышын көзөмөлдөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG