Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Тажикстанда эрте никенин кесепеттери


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда эрте жана мажбурланган нике үй-бүлөдөгү уруш-талашка, ажырашууга, аялдардын өз жанын кыйышына жеткирип жатканын иликтөөлөр көрсөттү.

"Эрте нике - ажырашуу менен суициддин себеби" деп аталган иликтөөнү Тажикстандын Журналисттик иликтөөлөр борбору Канаданын жергиликтүү демилгелерди колдоо фондунун колдоосу менен жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы 18-февралда Дүйшөмбү шаарында жарыяланды.

Иликтөөдө Тажикстандын он жети шаары менен районунан эки жарым миң кишинин пикири суралган. Сурамжылоого катышкандардын 46 пайызга жакыны "эрте никенин кесепети оор болуп жатат" деген көз карашын билдиришсе, 36 пайыздайы эртелей турмуш куруунун арты ажырашуу менен аяктап жатканын айтышкан.

Хуршед Атовулло.
Хуршед Атовулло.

Тажикстандын Журналисттик иликтөөлөр борборунун директору Хуршед Атовулло сурамжылоо жаш үй-бүлөлөрдүн бузулушунун жана суициддин себептерин аныктоону көздөгөнүн билдирди. Анын айтымында, адатта бул тармактагы расмий маалыматтар чындыкка шайкеш келбейт.

- Иликтөөгө катышкан респонденттердин көбү эрте никеге сабатсыздык, элдин менталитети, жакырчылык жана диний факторлор түрткү берип жатат деген пикирде. Иликтөөдө Тажикстанда кыздарды мажбурлап турмушка берүү - эң чоң социалдык мүшкүлдөрдүн бири экенине маани берилген, - деди ал.

Тажик коомунда ата-энелердин балдар-кыздарына күйөө же колукту тандоосу кадыресе көрүнүш. Муну ата-энелер балдарынын бактысы үчүн күрөшүп жатканы менен түшүндүрүшөт. Ошол эле кезде сурамжылоого катышкандардын 57 пайызы жаштар өз теңин өздөрү тандоого тийиш деген пикирди карманышкан. Иликтөөдө ушул жагдай баса көрсөтүлүп, "тажик коомчулугу эрте никенин кесепеттерин түшүнө баштады" деген баа берилген.

Өлкөдө тажрыйбасы, билими, кесиби жок кыздарды эртелеп турмушка узатып, алар үй-бүлө күткөндөн кийин кыйынчылыктарга кабылып, арасында андан чыгуунун жолдорун суицидден көргөндөр да бир топ. Иликтөөдө респонденттердин 30 пайызга жакыны кыздарды мүмкүн болушунча тезирээк турмушка бериш керек деген ойду айтышкан. Ал эми ар бир үчүнчү респондент жаш үй-бүлөлөрдүн бузулушун кыздардын энөөлүгү, алардын ата-энелеринен алыс жашап, жаңы турмушка көнө албай жатканы менен байланыштырган.

Хамадони районунун тургуну Махина Холикова - 18ге чыгаар замат ата-энесинин каалоосу менен өзүнө бейтааныш жигиттин колун кармаган кыздардын бири. Азыр 27 жаштагы Махина жолдошу менен жети жыл чогуу жашап, эки чүрпөлүү болгон. Бирок жети жылдык жашоосунда көргөн кордугуна чыдабай баса берген.

- Ал үйдө мага тынчтык жок болчу, - деп эскерди Махина. - Дээрлик күн сайын күйөөм мага асылып, уруп-сабачу. Баарына чыдап жүрдүм. Акыры сабырым түгөнүп, кетип калууну чечтим. Антпесем андан да жаман нерселер болушу мүмкүн эле.

Учурда Махина экинчи жолдошу менен жашайт. Аны менен кол кармашаардын алдында байкап-сынап көрүп, жактыргандан кийин макул болгон. Ал азыр ажырашуунун алдын алыш үчүн ата-энелер кыздарына жар тандоо мүмкүнчүлүгүн бериш керек деп эсептейт.

Тажикстандык укук коргоочулар эрте нике кыздардын ден соолугуна да терс таасирин тийгизип жатканын эскертишүүдө. Анткен менен эрте жана мажбурланган никени жактагандар да, каршы чыккандар да тажик коомчулугунда көп. Аны колдогондор "кыздар кара далы болуп кала электе" турмушка берүүгө шашылышат. Каршы тарап кыздардын жар тандоо укугун бузбоого чакырып жатышат.

Расмий статистикага караганда, өлкөдө мектепти бүтүргөн кыздардын теңи дароо эле күйөөгө чыгат. Алардын арасында 17 жашында турмуш жолуна аттангандар да бар. Тажикстандын мыйзамдарына ылайык кыздар 18 жашка толгондон кийин гана турмушка чыгышы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG