Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Сеул менен Москва учак үчүн кайым айтышты


Орусиянын A-50 учагы.
Орусиянын A-50 учагы.

Түштүк Корея Жапон деңизинде Орусиянын аскердик учагына эскертүү иретинде ок атты. Расмий Сеул А-50 учагы Кореянын аба мейкиндигин эки жолу бузганын билдирди. Москва мындай айыпты четке кагууда.

Сеулдун маалыматына ылайык, шейшемби күнү эртең менен Орусиянын үч, Кытайдын эки аскердик учагы Түштүк Кореянын абадан коргонуу аймагы деп таанылган зонага учуп келишкен.

Алардын бири - Орусиянын A-50 радиолокациялык учагы бул аймактын чегинен өтүп, Түштүк Кореянын аба мейкиндигине кеминде эки жолу уруксатсыз кирген.

Буга жооп иретинде Кореянын F-15 жана F-16 учактары асманга көтөрүлүп, орус учагына эскертүү иретинде 360тай ок аткан. Кийинчерээк кытайлык жана орусиялык учактар аймактан чогуу учуп кеткен.

Бул окуядан көп өтпөй расмий Сеул орус жана кытай дипломаттарын чакыртып, аларга кескин нааразылык билдирди.

“Биз орус учагынын Кореянын абадан коргонуу аймагы деп таанылган зонага кирип келгенине жана биздин аба мейкиндигибизди бузганына кескин каршылык билдирүү үчүн Орусиянын Кореядагы миссиясынын жетекчисинин орун басарын чакырттык. Биз аларды мындай окуянын кайталанышын алдын алууга үндөйбүз", - деди Түштүк Кореянын саясий маселелер боюнча министринин орун басары Йон Сун-Гу.

Орусиянын Сеулдагы элчилигинин аскердик атташеси (оңдо) Түштүк Кореянын Бирдиктүү штабына келе жатат, 23-июль 2019-жыл.
Орусиянын Сеулдагы элчилигинин аскердик атташеси (оңдо) Түштүк Кореянын Бирдиктүү штабына келе жатат, 23-июль 2019-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги Түштүк Кореянын дооматын четке кагып, эки бомбалоочу учагы эл аралык акваторияда пландалган машыгууларга гана катышып жатканын билдирди.

"РИА" жаңылыктар агенттиги Москва тескерисинче кореялык учактар кооптуу манёврларды жасап, орус учактарына коркунуч жаратты деп эсептерин жазды.

Шейшембидеги окуя Жапон деңизиндеги Түштүк Корея ээлик кылган Токто аралчасынын үстүндө орун алды. Бул аралчаны коңшу Жапония да талашып, аны Такэсима деп атап келет.

Мындан улам расмий Токио соңку жагдай боюнча Түштүк Кореяны да, Орусияны да сынга алды.

“Такэсиманын макамы боюнча Жапониянын позициясын эске алуу менен биз Түштүк Кореянын эскертүү иретинде ок атканын өтө өкүнүчтүү жана толугу менен кабыл алынгыс деп эсептейбиз", - деп билдирди Жапониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсихидэ Суга.

Жаңжал орун алган аймак.
Жаңжал орун алган аймак.

​Кытай тарап кайсы бир өлкөнүн абадан коргонуу аймагы анын аба мейкиндиги деп саналбай турганын эске салып, кытайлык учактар мыйзам бузбаганын белгиледи.

Адатта чет өлкөлүк учактар кайсы бир мамлекеттин абадан коргонуу аймагына учуп келе алат. Бирок ал үчүн бул зонага кирердин алдында өзүнүн тек-жайы тууралуу өлкөгө маалымат бериши керек.

Түштүк Корея өзүнүн абадан коргонуу аймагына Орусиянын эки Ту-95 учагы, бир A-50 учагы, Кытайдын эки H-6 бомбалоочу учактары киргенин билдирип жатат.

Орусиянын расмий билдирүүсүндө Ту-95 учактары тууралуу гана сөз болуп, Түштүк Кореянын аба мейкиндигин бузганы айтылган A-50 учагы тууралуу маалымат берилген жок. Кантсе да Жапон деңизиндеги бул окуя Түштүк Корея менен Орусиянын учактары аралашкан биринчи жаңжал болуп калды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG