Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:26

Чүйдүн Москва районунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери.

Чүй облусунун Москва районунда коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн милиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бул тууралуу 7-сентябрда облустук ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милициясы жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тартылды.

Александровка, Төмөн-Суу, Беловодское, Садовое, Петровка жана башка айылдарда блокпосттор коюлуп, патрулдук күзөт күчөтүлдү. Райондо мобилдик топтор, жалпы жонунан 100гө жакын кызматкер иштеп жатат.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы бул чаралар коомдук коопсуздукту бекемдөөгө жана укук бузууларды алдын алууга багытталганын билдирди.

Мекеме 5-сентябрда Чүйдүн Александровка айылында болгон жапырт мушташ тууралуу кабарлаган. Тойдо башталган чыр ондогон адамдын катышуусундагы мушташка айланганы маалым болгон. Бул факт боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары алты адам кармалган. Жалпысынан 21 адам, анын ичинде жабыркагандар жана күбөлөр милицияга жеткирилген. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG