Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:27

Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү долбоору коомдук талкууга чыкты


Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жаңы административдик имараты.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жаңы административдик имараты.

Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин атынан чыкты.

Анда мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, тарыхый инсан, элдик баатыр айкѳл Манас атанын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталганы, шаардын аталышын ѳзгѳртүүгө жергиликтүү тургундардын кайрылуусу негиз болгону айтылат.

Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон.

Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул калаада көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык объектилер курулуп, жасалды.

Быйыл 31-август - Эгемендик күнүн президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында белгилеп, ири администрациялык имараттын ачылышына катышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин аймактарды өнүктүрүүгө бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп жатканын белгилеп, Жалал-Абад облусуна 10 миллиард сом каралганын билдирген. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы бул шаарга 1 млрд 91 млн сом бөлүнгөн.

Ушул тапта шаардын калкы 184 миңден ашат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG