7-сентябрда Жапониянын премьер-министри Сигэру Исиба отставкага кетерин билдирди. Бул чечим өлкөдөгү Либералдык-демократиялык партиянын (ЛДП) парламенттин жогорку палатасындагы шайлоодогу жеңилүүсүнөн кийин кабыл алынды. ЛДП 70 жылдан бери биринчи жолу Палатада көпчүлүктү жоготту.
Исиба июль айында өткөн шайлоодон кийин кызматта каларын айткан. Бирок борбор калаа Токиодо жекшемби күнү өткөн маалымат жыйынында АКШ менен соода келишимине жетишкенден кийин ордун «жаңы муунга өткөрүп берүүнү чечкенин» билдирди.
Жапон маалымат каражаттары өкмөт башчынын рейтинги төмөндөп кеткенин жана анын кызматтан кетүү талабын бир катар саясатчылар көтөргөнүн жазышты. Исиба өкмөттү бир жылдан аз убакыт жетектеди.
Эрежелерге ылайык, ЛДП премьер-министрликке жаңы талапкерди аныктоого тийиш. Ал партия ичинде өтө турган шайлоодо белгилүү болот. Жаңы лидер тандалганга чейин Исиба премьер-министрдин милдетин аткаруучу бойдон калат.
Reuters агенттиги партияны жетектөөгө талапкерлердин катарында былтыркы ички шайлоодо Исиба менен таймашкан Санаэ Таикати жана мурдагы премьер-министр Дзюнитиро Коидзуминин уулу, министр Синдзиро Коидзумини атады.
Либералдык-демократиялык партия Жапониянын эң ири саясий күчү болуп эсептелет. Ал 1955-жылы түзүлгөндөн бери бийликте дээрлик тынымсыз болуп келген. Өткөн жылы партия төмөнкү палатада көпчүлүктү жоготкону менен коалициялык өнөктөшү «Комэйто» партиясынын жардамы менен бийликте калган. Быйыл июль айындагы шайлоодо ЛДП жогорку палатадагы көпчүлүктөн да ажырады. Аналитиктер бул шайлоодо ашынган оңчул «Сансейто» партиясынын ийгилигин белгилешти. (AiA)
Шерине