АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык иммиграциялык эмес виза, анын ичинде туристтик виза алуу тартибин катаалдатты.
Мамлекеттик департаменттин сайтында мындай эрежелер камтылган буйрук дароо күчүнө киргени жазылган. Ага ылайык виза алуу үчүн маектешүү кайрылган адам туруктуу жашаган же жарандыгы бар өлкөдө гана жүргүзүлүшү керек.
Бул тартип АКШнын элчилиги жок же консулдук иш-чаралар жүргүзүлбөгөн мамлекеттерге тиешелүү эмес.
Элчиликтин кызматкерлери кыскарып, консулдук иш-чаралар азайган Орусиянын жарандары ушул топко кирет. Мындай өлкөлөрдүн жарандары виза алуу үчүн АКШнын үчүнчү мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө гана кайрыла алышат.
Орус жарандары Казакстандын борбору Астанадагы жана Польшанын борбору Варшавадагы АКШ элчиликтерине гана кайрыларын "Свобода" радиосу жазды.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Казакстандан жана Польшадан башка өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөр орусиялыктарга виза бербей турганын эскертти.
Украинанын жарандары да АКШ визасын алуу үчүн Польшанын Варшава жана Краков шаарларындагы америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, Беларус жарандары Варшава менен Литванын борбор калаасы Вильнюска кайрылса болору жазылган.
Шерине