Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

АКШ президенти Орусияга каршы санкциялардын "экинчи этабына" даяр экенин билдирди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп 7-сентябрда журналисттердин Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын “экинчи фазасына” өтүүгө анын даярдыгы тууралуу суроосуна "ооба" деп жооп берди. Трамп кененирээк комментарий берген жок жана ага тактоо иретинде дагы суроо берилген жок.

Буга чейин ал согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине макул болбосо Орусияга карата кошумча санкцияларды жарыялоо ыктымалдыгын четке каккан эмес. Орусиянын президенти Владимир Путин менен Аляскада жолуккандан кийин АКШ президенти Москванын позициясына карап эки жумадан кийин чечим кабыл аларын айткан.

7-сентябрга караган түнү орус армиясы жүздөгөн дрондор менен Украинага сокку урган. Төрт киши каза болуп, Киевдин борборунда жайгашкан Өкмөт үйү зыян тартты.

Бир катар Батыш лидерлери муну Орусия тынчтыкты каалабай турганынын дагы бир белгиси деп атады.

АКШ президентинин Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог да Орусиянын соккусуна ушундай эле баа берди.

АКШнын финансы министри Скотт Бессент жекшембиде NBC News агенттигине курган маегинде Кошмо Штаттар "Орусияга кысымды мындан ары да күчөтүүгө" даяр экенин, бул АКШнын Евробиримдиктеги өнөктөштөрүнүн ушундай эле аракеттери менен бирге болорун айтты. Министр Орусиянын мунайын сатып алууну уланткан өлкөлөргө карата кошумча санкцияларды жана алымдарды киргизүү орус экономикасынын кыйрашына алып келерин, Путинди кепке келтирүү аракети болорун белгиледи.

Буга чейин АКШ администрациясы Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүдөн карманып турганын Москва сүйлөшүүлөрдөн чыгып, согуш белгисиз мөөнөткө созулушу ыктымал деген кооптонуусу менен түшүндүрүп келген. Жаңы администрация бийликке келгенден бери АКШ Европа Биримдигинен, Улуу Британиядан айырмалынып Орусияга каршы жаңы санкцияларды дээрлик киргизген жок, буга чейинкилерди да жеңилдеткен жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG