Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:31

Социал-демократтардын лидери Темирлан Султанбеков кармалды


Темирлан Султанбеков. Архив сүрөт.
Темирлан Султанбеков. Архив сүрөт.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков да кармалды. Бул тууралуу 14-ноябрда Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелүүдө.

Ушундай эле шек менен партиянын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы 13-ноябрда кармалган.

"Буга чейин социалдык түйүндөрдө жогоруда аты аталган партиянын мүчөлөрүнүн добуш сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тараган. Анын негизинде Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык иш козгогон. Күбө катары “Социал-демократтар” партиясынын лидери Т. С. жана бир катар мүчөлөрү К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р. А.Б. суракка алынып, алардын ичинен К.И., Т.Р. жана учурда Т.С кармалып, кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталууда", - деп айтылды шаардык милициянын маалыматында.

Кармалгандар шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени, учурда тергөө жүрүп жатканы, жыйынтыгы менен бардык шектүүлөрдүн аракетине мыйзам чегинде юридикалык баа берилери кабарланды.

Козголгон кылмыш ишине байланыштуу 14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында Социал-демократтар партиясынын маселеси каралып, аны Бишкек шаардык шайлоосунан четтеткен чечим кабыл алынган. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Коңуров аталган партияга буга чейин эки ирет эскертүү берилгенин билдирген.

13-ноябрдын кечинде социал-демократтардан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Кадырбек Атамбаев менен Темирлан Султанбеков милицияга суракка чакырылган. Алар бир нече саатка созулган сурактан соң коё берилген.

Анын алдында партиянын Бишкек шаарындагы шайлоо штабында күч органдары тинтүү жүргүзгөн. Партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгону жарыяланган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өткөнү жатат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG