Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

"Мыйзамсыз курулуштар бузулат". Бишкек, Ошто кайсы үйлөр уруксатсыз салынган?


Бишкек. Курулушчулар иш учурунда. Архив. Сүрөттүн макалага тиешеси жок
Бишкек. Курулушчулар иш учурунда. Архив. Сүрөттүн макалага тиешеси жок

Кыргызстан боюнча 224 объект тийиштүү уруксат кагаздарын албай курулган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев басма сөз жыйынында билдирди.

Ал тапта өкмөт тармакты иретке салуу үчүн курулушка лицензия берүүнү токтотуп, жаңы жылдан тартып жаңыртылган ченем жана эрежелер киргизилерин айтууда. Ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган курулуш компаниялардын "кара тизмеси" түзүлөт жана өлкөдө ишмердигин улантууга мүмкүнчүлүк берилбейт.

Бишкекте жана Ошто курулушу токтоп калган ондогон көп кабаттуу үйлөрдүн үлүшчүлөрү нааразылык билдирип келүүдө. Мыйзамсыз курулуштардын тагдыры кандай болот? Өкмөт эмне чара көрөт? Үлүшчүлөрдүн көйгөйү кантип чечилет?

Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев 18-декабрда басма сөз жыйынын өткөрүп, анда өлкө аймактарында 224 курулуш мыйзамсыз деп табылганын билдирди. Анын 38и Бишкекте, 17си Ош шаарында, дагы алтоо Ош облусунда, жетөө Жалал-Абадда, Чүй облусу боюнча сегиз, ал эми Нарын облусунда бир объект жайгашкан. Ар кандай багыттагы мыйзамсыз курулуштардын саны 147ни түзөт. Бул имараттар боюнча материалдар сотко өткөрүлгөн.

Нурдан Орунтаев
Нурдан Орунтаев

"Бул мыйзамсыз курулуштардын эч кандай уруксат кагазы жок, экспертизадан өткөн эмес. Ал үйлөрдүн сапатына биз жооп бере албайбыз. Ошондуктан элди биз жарыялаган тизмедеги көп кабаттуу үйлөрдөн батир албоого чакырабыз. Курулуштар боюнча сот органдарына дооматтарды келтиргенбиз, азыр чечимдерди күтүүдөбүз. Бул тизме мурда эле бар болчу, бирок мен жоопкерчиликти өзүмө алып, аны ачыктадык. Үйлөрдү бузуп, батир ээлерине оорчулуктарды жаратпайбыз. Болгону курулуш ээлери экспертизадан өтүп, тийиштүү документтерин топтоп келиши керек. Биздин максат - мыйзамсыздыкты жоюу. Эгер экспертиза мыйзамдаштырууга мүмкүн экенин көрсөтсө, биз бардык документтерин бүтүрүп берүүгө даярбыз".

Мыйзамсыз курулуштардын көбү ченемдик талаптарга жооп бербейт. Орунтаев тийиштүү соттук чечимдер чыгып, курулуштар мыйзамсыз экени аныкталса, үй ээлерине кенемте төлөө маселеси компания ээлерине жүктөлөрүн кошумчалады:

"Чыгымдарды биз көп кабаттуу үйлөрдү курган компаниялардын моюнуна илебиз. Ачыгын айтайын, биз чечкиндүү кадамдарга барып, айрымдарын алып да коёбуз. Алардын багыты өзгөртүлүп, ошонун эсебинен кенемте берүү жолдору да каралат. Эске сала кетчү жагдай, андай компаниялар мындан ары Кыргызстанда иштей албайт. Азыр биз сертификат жана лицензия боюнча да иштеп жатабыз. Мисалы, соңку бир айдан бери лицензия берилбей калды. 2010-жылдан бери Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө 6 миңден ашуун лицензия берилген. Бирок алардын 300дөйү гана бүгүнкү күндө иштеп жатат. Калган уруксат кагаздары ишкерлердин иш столунда жатат же колдон колго өтүп, "Лалафо" аркылуу сатылып жүрөт. Мисалы, 1000 сом мамлекеттик төлөм төлөнүп алынган лицензияны азыр 350 миң сомго саткандар бар. Мындан ары акчасы, техникасы бар чыныгы курулуш компаниялары гана келип лицензия ала турган тартип киргизилет. Эгер уруксат кагаз алган ишкер бир жыл ичинде иш жүргүзүп, салык төкпөсө, уруксаты жокко чыгарылат".

Ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган курулуш компанияларынын "кара тизмеси" түзүлүп жатканы да маалымат жыйында белгилүү болду. Тизме жаңы жылдан кийин жарыяланат деп айтылды.

Ошону менен бирге өз ишин так аткарган курулуш компанияларынын "жашыл тизмеси" да түзүлмөкчү.

Өткөн апталарда Бишкек жана Ош шаарында мыйзамсыз деп табылган курулуштардын тизмеси жарыяланган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев агенттиктин соңку кадамдарын колдоп жатат.

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов

"Мыйзамсыз курулуштарды жүргүзгөн компаниялар боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган, андан сырткары Министрлер кабинети да токтом бекитип, анда уставдык капиталы 100 млн сомдон кем болбогон мекемелерге гана иштөөгө уруксат берилет деп жазган. Ошондуктан тизменин ачыкталышы туура. Ал эми курулуш жөнүндө мыйзам бизде эскирди, анткени жаңы технологиялар пайда болду, элдин талабы өзгөрдү. Эми бизге жаңы мыйзам керек. Жерди ижарага же менчикке сатып алгандардын тизмесин да ачык көрсөтүү керек. Маселен, менин эле шайлоо округумда бир жаран жерди беш жылга ижарага алып, кафе курарын айткан. Бирок бир жылга жетпей жерди колдонуу багытын өзгөртүп, азыр көп кабаттуу үй курулууда. Адатта Кыргызстан курулуш башталгандан кийин гана ал тууралуу маалымат алат. Азыр борбор калаанын инфраструктурасы да көтөрө албай баратат. Ошондуктан мыйзамсыздыкты жоюу зарыл".

Ушу тапта Бишкек жана Ош шаарында көп кабаттуу айрым турак жайлардан батир сатып алгандар курулуш бүтпөй, мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет. Жыл башынан бери эки шаарда тең "Эмаком" компаниясынан үй алгандар катар-катар нааразылык акцияларын өткөрдү. Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков өкмөт курулуштарды мыйзамсыз деп тапса, анда өзү үй алган жарандарга компенсация төлөп же мүлкүн ордуна тургузуп бериши керек экенин эске салды.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

"Кантип курулганын мамлекет билбей калды, аны көзөмөлдөгөн органдар көргөн эмес. Ал үйлөрдү уратып, мамлекет өз күнөөсүн мойнуна алганы жакшы, эми ошол үйдүн ээлерине кенемте төлөп берсин. Бир орган материалды да, системаны да моюнга алышы керек. Банк системасын киргизбесе же кепилдик системасын киргизбесе кандай болот? Мамлекет өзү бир туруп уруксат берем же бербейм дейт, бир туруп курулушту токтотом, улантам деп жөн эле көзөмөлдөө функциясын алып, а элдин артында туруп мыйзамдуулугун текшербей турган болсо, анда анын эмнеси мамлекет? Бир канча объектини жаап салуу - бул чоң катарстрофа, буга кол шилтеп коюу болбойт".

Кыргызстандагы куруучулар ассоциациясынын демилгелүү тобунун мүчөсү Өмүрбек Мамбетибраев өкмөттүн курулушка уруксат берүү тармагындагы бюрократиядан көп компаниялар жапа чегип жатканын айтып берди.

"Негизи имаратты куруунун алдында компания бардык уруксат кагаздарын алышы керек. Бирок бизде бул документтердин толук топтомун камдоого бир канча убакыт кетет. Ошондуктан көбү ишти баштай берет да, аны менен катар тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүүгө далалат кылат. Ошондуктан мамлекет "уятсыз" компаниялардын тизмесин чыгарардан мурда уруксат кагаздарын берүү жолдорун жеңилдетиши керек, азыр ал өтө татаал. Айрымдары толук топтомун жиберет да, айлап-жылдап күтүүгө аргасыз болот. Дагы бир маселе, албетте ишти баштап, орто жолдон таштап кеткендердин айынан жалпы тармактагы бизнес өкүлдөрүнө көлөкө түшүп, элдин ишеними кетүүдө. Бул жерден карапайым эл эле кыйналып калып атат. Мамлекет буга өзгөчө көңүл буруп, курулуш тармагын иретке келтириши керек", - деди Мамбетибраев.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин сайтында мыйзамдуу курулган турак жайлар көк түстө, мыйзамсыз курулуштар кызыл түстө көрсөтүлгөн. Нурдан Орунтаев сот мыйзамсыз деп тапкан үйлөр бузулат деп эскертти.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги мыйзамсыз деп өткөн аптада жарыялаган тизмеде Бишкек шаарында салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 38 турак жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары жазылган.

Мындай үйлөрдүн бири Бишкекте В.Чуйков 132/2 дарегинде жайгашкан. Имаратты Elite House компаниясы куруп, азыр эл жашап жатат.

Андан тышкары Алиаскар Токтоналиев атындагы көчөдө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн тургундары да колуна менчик тууралуу документ тие электигин айтууда. Эксплуатацияга берилбей келгендиктен, электрдин акысын юридикалык жактарга эсептелген тариф менен төлөп жатканын Эркингүл аттуу тургун маалымдады:

"Үй 2013-жылы салына баштаган, 2015-жылы эксплуатацияга берилмек. Киргенибизге 4 жылдай болуп калды, бирок документ ала элекпиз. Жарыкка юридикалык тарап катары төлөйбүз, компаниянын өзүнө. Документтерин сурап барсак, мына даяр болот, эртең даяр болот деп эле кетире берет. Айлабыз кетти. 13-декабрда катуу суук болуп аткан учурда электр зымдары чыдабай, өрт чыккан, 11 кабаттуу үйдүн бир подъезди, 40тан ашык батир жарыгы жок калды. Бир апта туугандардыкында, мейманканада, тааныштардын үйлөрүндө түнөп жүрдүк. Компания азыр деле документтерибизди бере элек".

Элмира айтып жаткан көп кабаттуу үйдү Имамидин Ташов ээлик кылган "KG групп" компаниясы салган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде Имамидин Ташов кармалганын быйыл 27-октябрда билдирген. Анда ишкер Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга байланыштуу айыпталып жатканын маалымдаган.

8-декабрда мамлекетке келтирген зыянды толук толтуруп берди деген негизде Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөрткөн.

Маалыматка ылайык, ал он батир жана 52,4 миллион сомдук коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып берген.

Мамлекеттик курулуш агенттиги Бишкек шаары боюнча мыйзамсыз деп жарыялаган компаниялардын тизмеде "Хан компани", "Озтопрак", "Аалам-строй", "Гранд строй инвест", "Айла строй", "Умут билдинг", "Фартына Иншаат", "Асма", "Алтын Ырыскы, "Альянс Курулуш" компанияларынын үйлөрү, жеке тараптарга таандык делген Малдыбаев, Байтик Баатыр, Менделеев, Рыскулов жана башка даректерде жайгашкан үйлөр көрсөтүлгөн.

2023-жылдын 14-декабрында аталган агенттик сот органдарына өткөрүп берилген Ош шаарындагы курулуш компанияларынын жана алардын өз билемдик менен курган 17 объектинин тизмесин да жарыялаган.

Анда "Дастан Курулуш", "Долина Строй", "Пик Групп", "Астра Плюс", "Эмаком", "Пик-Стиль-Строй холдинг", "Альшараф", "Сулайман групп", "Бизнес Хаус", "Евро Стиль", "Капитал Строй Инвест" компаниялары курган объектилери жана жеке ишкер Айбек Бекмурзаевге таандык делген Алиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үй көрсөтүлгөн.

Агенттик жакынкы күндөрү Жалал-Абад жана Чүй облустарында мыйзамсыз деп айтылып аткан имараттар тууралуу да толук маалыматты жарыялай турганын айтууда.

Курулуштагы эрежелерди бузгандардын санын азайтуу үчүн атайын эрежелер да 2024-жылы иштелип бүтөт. Ага ылайык көп кабаттуу үйдү салуунун алдында ишкер анда электромобилдерди кубаттоочу жай, таштанды иргеген өзүнчө бөлмө же имарат, унаа токтотуучу жайды кошо курары жана аларды эксплуатацияга берүүгө милдеттенме алары каралат.

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары жана үлүшчүлөрү бийлик органдарына түрдүү маселелер менен кайрылып келет. Көбү соңку жылдары салынып жаткан курулуш аягына чыкпай токтоп калганын, ишкерлер дайынсыз болуп жатканын жана келишимде көрсөтүлгөн башка убадалар аткарылбай калганын белгилешет.

XS
SM
MD
LG