Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Инвестиция: ишенимге доо кетирген ортомчулар


Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын курулушуна капсула салды. 30-август, 2023. Бишкек
Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын курулушуна капсула салды. 30-август, 2023. Бишкек

Инвесторлорду опузалап акча талап кылууга шектелип Төлөнбай Нурбаев аттуу ишкер кармалды. Ал мындай жосунду бийликтеги жогорку кызмат адамдары менен жакшы байланышта экенине таянып жасап келгени маалымдалды.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун уулу, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындары жана президенттин иш башкармалыгы Каныбек Туманбаев инвестициялык долбоорлорго тыкыр аралашып жүргөнү айтылып келүүдө.

Бийлик башындагылардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мындай иш-аракеттери инвестициялык климатка кандай таасирин тийгизет?

25-сентябрда жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган жаран кармалганын президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Бул маалымат президент Садыр Жапаровго жетип, ал териштирүү тапшырмасын берген. Ички иштер министрлиги аны кармоонун чоо-жайын улуттук телеканалдан мындайча түшүндүрдү:

“Үйүндө жатып жана Бишкек шаарындагы кафелердин биринин ичинде 200 миң АКШ долларын талап кылганы кабарланган. Президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардын ар биринен 150 сомдон акчасын алган деп айтылган”.

Ошол эле күнү кечинде президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев да ошол иш боюнча тергөө органдарында күбө катары көрсөтмө берип чыкканы маалымдалды.

Социалдык тармактарда кармалган ишкер Төлөнбай Нурбаев аттуу жаран экени жазылды. Шектүүнүн расмий таратылган сүрөттөрдөгү өң-түспөлү да Нурбаевге окшоп турат.

Төлөнбай Нурбаев жайында Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушун баштоо аземине катышып, журналисттерге эл аралык ири инвестицияларды тартып жатканы тууралуу сүйлөгөн.

“Мен мына ушул инвесторлорду тартып келип, ушул долбоорду баштап атабыз. Инвесторлор менен жеке отуруп сүйлөшүп, тамактанып, аларга убадасын берип “мен кепилдик берем, салгыла, келгиле, силер үчүн Кыргызстан ачык, бизде айкын, коррупция жок, бүт баары, Кудай буюрса, таптаза болот” деп ишендирген алгачкы президенттердин бири болду деп эсептейм. Кудайга шүгүр, эми дагы колдоо көрсөтүп турса, Алла Таалам колдосо, ушул долбоорду ишке ашырганга себепчилерден кылса, биз өтө кубанмакпыз. “Бизде бүгүнкү күндө мындай өзгөрүүлөр, мындай камоолор, тазалануулар, өнүгүүлөр болуп атат, мурдагыдай эмес, азыр такыр бөлөк жашоо кетип атат, башкача саясат кетип атат” деп ар тараптуу ынандырып, аларды алып келиш өзү бир чоң жумуш болду биз үчүн. Кыргызча бир макал менен айтканда, “жыттаган билет гүл баркын” деп коёт. Биз ошону жыттап көрдүк”.

Бул жогорку бийликтеги адамдарга, өзгөчө президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевдин атына жамынып, ишкерлер менен инвесторлордон акча өндүрүүгө аракет кылгандардын алгачкысы эмес. Буга чейин да мындай фактылар бир нече жолу катталган.

Арийне, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ири инвестициялык долбоорлорго ачык эле аралашып келатканын журналисттер улам-улам жазып, чуулгандуу иликтөөлөрдү жасап келет.

Жапаров менен Ташиевдин жакындары инвесторлор менен тыгыз иштейт

Август айында “Клооп” медиасы Жалал-Абад шаарына “Барселона” футбол академиясын куруу долбоорунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын катышы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Көп узабай, Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, “Барселона” академиясына Ташиевдер жана Жапаровдор кандай үлүш менен катышып жатканын айтып берген:

“Жалал-Абад шаарына Ташиевдер тээ мурдатан эле таштанды болуп жаткан жерди тазалап, футбол академиясын кура башташкан экен. Ал академия азыр жаркырап бүтүп калды. Ал академияны толугу менен Бишкектеги академияга өткөрүп берели, Бишкектеги академияны силер кургула деп сүйлөшүшүптүр. Ташиев-Жапаровдор ошол үлүш менен катышып жатышат. Ошондо Кыргызстанда эки академия пайда болот. Бирөө түштүктө, бирөө түндүктө. Жалал-Абаддагысы Бишкектеги академиянын филиалы болуп калат. Жашыра турган эч нерсе жок”.

2022-жылдын башында УКМК Ысык-Көлдө көп функциялуу ири гольф клуб куруп жаткан “СК Девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев баштаган бир катар адамдарды камакка алган. Ага көл жээгиндеги баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча айып тагылган.

“ПолитКлиника” медиасы бул фактыны иликтеп, кылмыш иши козголгондон кийин Конев “СК Девелопмент” компаниясынын 50% үлүшүн президенттин уулу Рустам Жапаровдун досу Элдос Усенбековго 500 сомго сатып, өзү чет өлкөгө чыгып кеткени аныкталган. “СК Девелопмент” Ысык-Көлдөгү жана Бишкектеги мурда Бакиевдерге тиешелүү делген баалуу кыймылсыз мүлктөрдү куруу менен алектенип келген.

Президент “Кабар” агенттигине курган маегинде уулу Рустам Жапаров гольф клубун куруу долбоорун көзөмөлдөп жатканын билдирген.

“Конев дегенди мурда тааныбайт элем. Камалгандан кийин билдим. "Керемет банктан" 3 миллион доллардын тегерегинде кредит алып төкпөй кетип камалыптыр. "Керемет банк", өзүңөр билесиңер, мамлекеттик банк. Кредиттин баарын толук төктүрдүк. Аврора плюстагы Максим Бакиевдики делген 4 коттеджди, 33 квартиранын баарын мамлекетке өткөрүп алдык. “СК Девелопмент” деген компаниясы Кош-Көл айылына гольф клуб салам деп 92 гектар жерди конкурстан утуп алыптыр. Ал жерди киши жиберип текшертсем, тагдыры Жогорку Нарын ГЭС каскадынын тагдырын кайталаганы калыптыр. "Бисмилла" деп иш баштаганда эле курулуштун баасын 10 эсеге чейин жогору көрсөтүп кура башташкан экен. Дагы жакшы, курулуш жаңы башталган экен. Эч нерсе салына элек. Жер түздөө иштери гана жүрүп жаткан. Дароо токтотуп калдык. Ошентип ал жер да Жогорку Нарын каскад ГЭСиндей болуп биздин мамлекеттин мойнуна илинмек. Биз азыр ошол Нарын ГЭСи боюнча 40 миллион доллардан ашык сумма Орусияга карызбыз. Эл аралык соттон утулганбыз. Анан ушул сыяктуу 92 гектар Кош-Көлдүн жерин дагы уттуруп жиберип отуруп калабызбы деп Рустамды жиберип, көзөмөлдөтүп койдум. Курулуш аягына чыкканга чейин көзөмөлдөп, курулуштун баасын текшерип турат. Жибергеним жакшы эле болгон экен. “СК Девелопмент" курулушту аягына чыгара алмак эмес экен. Акчасы жок. РКӨФнан кредит алабыз деп арыз беришкен экен. Алар баш тартып, беришпептир. Анткени тарыхы начар да. "Керемет банктан" насыя алып төкпөй кеткени бар. Азыр Рустам инвесторлорду тартып жатат. Президенттин баласы деп ишенген үчүн келип атышса керек. Бир инвестор келип, иш баштагандары боюнча кабарым бар”.

Temirov Live иликтөө тобу жакында президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын “Эне-балага тирек” фонду кытай элчилигинен ири суммада гранттык каражат алганын иликтеп чыкты. Бул иликтөө кыргыз өкмөтү Кытайдын корпорациялары менен отун-энергетикалык ири долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча меморандумдарды түзүп, тиешелүү уруксат документтерди даярдап жаткан убакка туш келди.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстанда инвесторлорду чочулаткан жагдайлар көп экенин жана мыйзам тартиби аларды коргой албастыгын айтат:

“Бизге ачык инвесторлор келбейт. Себеби пара сурашат же үлүшкө кирип алышат. Анан коррупцияга макул болгон инвесторлор сарптаган акчасын мамлекеттен, элден сыгып алышат. Ошондуктан инвестиция чыныгы инвестицияга окшошпойт. Көбүнчө Хабибула (Хабибула Абдукадыр – ред.) сыяктуулар келип, отелдерди кургандан сырткары, Эркечтам жакта логистикалык борбор куруп атат. Бул эмнени көрсөтөт? Бул бажыдагы мурунку коррупцияны улантканы атышат дегенди билдирет. Бул зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Инвестициялык климатка коррупция жана соттордун алдамчыларды колдогон чечимдери таасир этүүдө. Бизде чет элдик жана ички инвесторлордон “биздин бизнести тартып алды” деген бир топ кайрылуулар бар. Анын баарын соттор колдоп жатат. Мындай көрүнүш инвесторлорду коркутат. Мыйзам иштебеген мамлекетке эч качан жакшы, чоң инвесторлор келбейт. Мамлекетти тоноп, сыгып алайын деген инвесторлордон качыш керек, бирок азыр ошондой көрүнүшкө күбө болуп жатабыз. Бул бардык инвесторлорго бирдей шарт түзбөйт. Негизи, биздин ички инвесторлор өтө күчтүү. Ошол эле мигранттар, ошол эле жарандарыбыз бир топ инвестиция кылганга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок коркушат. Себеби бир аз башын көтөрсө эле бизнесин тартып алышат. Мыйзам иштебей калган”.

Каныбек Туманбаев жана анын инвестиция тартуудагы орду

Кармалган ишкер Төлөнбай Нурбаев социалдык тармактагы баракчасында инвестиция тартуудагы жасап жаткан иштери жөнүндө фото-видеолор менен байма-бай маалымат берип турчу. Ал өз видеолорунда президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаевдин ысымы жана анын Кыргызстанга инвестиция тартуудагы таасирдүү орду тууралуу көп кеп кылат. Соңку кездери президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу кандай жүрүп жатканы тууралуу видеолорду байма-бай чыгарып турчу.

"Ким эмне дебесин, жумуш жүрүп жатат, түнү-күнү иштеп атышат. Кудай буюрса, буга окшогон имараттар мамлекетибиздин бүт облустарында жаңылансын, жаңы имараттар салынсын. Ийгиликтер боло берсин. Ушул жаңы имарат аркылуу жаңы Кыргызстан жаралсын. Садыр Нургожоевичке, Камчыбек Кыдыршаевичке, Каныбек Тургунбековичке Алла Таала күч-кубат берип, өмүр берип турсун. Биз кызматты кыла берели", - деп сүйлөгөн бир видеосунда.

Иш башкармалык - президент менен Министрлер кабинетинин аппаратынын ишмердигин чарбалык-финансылык жактан тейлеген мекеме. Арийне, 2022-жылы анын башына келгенден бери Каныбек Туманбаев президенттин эл аралык сапарларында чогуу коштоп жүргөн жана мамлекеттик ири курулуш долбоорлорун башкарган жагынан көбүрөөк таанылды. Каныбек Туманбаев тууралуу соңку жылдары журналисттик иликтөөлөр да көп чыгып келет. Иликтөөлөрдө анын өзүнө жакын адамдары жана аларга катталган фирмалар аркылуу мамлекеттик ири долбоорлорду колго алып келатканы жөнүндө кеп болот.

“Азаттык” жакында президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жана акысына Бишкектин эң кымбат түштүк районунан 25,7 гектар жер тилкесин алган “Иншаат строй билдинг” компаниясынын ага тиешеси тууралуу иликтөө жарыялаган.

Кыргызстандык ишкер Амантур Акматов бир нече бизнеске инвестиция салган. Алардын арасында Айдаркенде тоо-кен долбоору да бар. Мындан бир нече күн мурун ишкер ал тоо-кен долбоорунун лицензиясын кайра алдырып койгонун, ага президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев кийлигишип жатканын жергиликтүү медиалар аркылуу билдирип чыкты:

“Кептин баары эмнеде? Бул эч ким карабаган, көп деле кызыктырбаган жөнөкөй эле лицензия экен. Сурьма чыккандан кийин супер жылдыз болду, элдин баары жабышты. Геологиядан маалымат кандай таркайт, билбейм. Акчасы, бийлиги бар адамдардын баары айланып эле кетпей коюшту. Анан, өзүңүздөр билгендей, ошонун жанында “Айдаркен” деген завод бар, алар сурьма чыгарат. Аны түрктөр иштетет. Алар ошол жерден сурьма иштеп чыгуу үчүн тоону казыш керек. Же болбосо Тажикстандан сырье сатып келип, аны иштетип чыгарат экен деп угуп атабыз. Биздин маалымат берилгенден кийин аларга кызык болуп калды. Себеби тээтигил жерден, ар кайсы жактан издегенче, эшигинин алдында жаткан таштандыдан сурьма иштеткени жеңил экени билинди. Эң кызыктуусу, ошол “Дуваташ” түрктөр компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн курамында мамлекеттик кызматкер болуп жашынып отурган Каныбек Туманбаевдин 37% үлүшү бар экен. Азыркы күндө президенттин иш башкармасы болуп иштейт. Бүгүнкү күндө белгилүү бир чиновниктер “бул ишти чечкиңер келсе Туманбаевдин алдынан өткүлө, ошону менен сүйлөшсөңөр анан ишиңер чечилет, болбосо эч качан чечилбейт” деп ачык эле айтууда”.

Көп өтпөй Туманбаев ишкерди мыйзам жоопкерчилигине тарттырарын билдирген видеокайрылуу жасады:

“Биринчиден, ошол Акматов деген сүйлөп аткан жаран, сүйлөшүн го сүйлөп койдуң, бирок эртең мыйзам астында кандай жооп бересиң? Мен ойлойм, мыйзамдын чегинде, мыйзам астында сен жоопкерчиликке тартыласың. Бирок, урматтуу достор, бир нерсени айтып коюш керек, мени каралоо менен эч качан ... нерсеге алдыра албайсыңар. Азыр ошол Акматовго кайрылып атам. Сенин артыңда ким турат, ким үйрөтүп атат, бизге белгилүү. Мына ошолор мамлекетке чыккынчылык кылып, мыйзамсыз иштерди жасаганыңар үчүн бүгүнкү күндө жоопко тартыласыңар”.

“Азаттык” сурамжылаган эксперттер Кыргызстандын инвестициялык климатына көбүнчө коомдук-саясий туруксуздук жана утур-утур өтүп турган шайлоо процесстери терс таасирин тийгизерин белгилешет. Муну менен катар, соңку жылдары кызуу жүрүп жаткан мыйзам чыгаруу жана реформалоо иштери да ишкерлер жана инвесторлор үчүн арасат абал жаратууда.

Экономист Элдар Абакиров Кыргызстандагы инвестициялык климат бийлик башындагылардын олуттуу чечимдерине муктаж болуп турганын айтат:

“Жеке оюм боюнча, инвестициялык климат анча жакшы эмес. Соңку 1-2 жылдагы ишкерлерге болгон мамиле. Ошол эле “Үмүттүн” 800 млн сомун алуу, анан кечээ эле “менин имаратымды вице-мэр келип талашып атат” деген сыяктуу терс жаңылыктар көп болуп атат. Ошол эле сот адилеттүүлүгүндө маселе бар. Жалпысынан, жаңылыктарды караганда Кыргызстанды көрүп, инвестор бир аз ойлонот болуш керек. Эгер кайсы бир өлкөдө бийликтегилердин туугандары катышып атса, албетте, бул жаман көрүнүш. Ошол эле инвесторлорго коңгуроо. Демек, бул өлкөдө мыйзам иштебейт, тааныштык иштейт, бийликтин күчү иштейт деген сөз, албетте, жакшы эмес. Мен биздин бийликтегилер дагы бир ойлонуп, карап, мүмкүн, мындайга жол бербегенге аракет кылышат го деп ойлойм”.

Инвестиция боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку директору Шумкарбек Адилбек уулу мамлекеттик мыйзамдуу механизмдер кынтыксыз иштебеген жерде ортомчулардын таасири күчөп кетерин белгилейт:

“Эң биринчи таасирин биздин потенциалдуу инвесторлорго тийгизиши мүмкүн. Экинчи маселе, биздеги мамлекеттик структураларда абдан чоң оору – кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда өз кызыкчылыктарын көздөп, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу маселеси азайбай, тескерисинче күчөп кетиши мүмкүн. Себеби “аа, ортомчулар аркылуу бир органды көзгө илбей койсок болот экен, же бир маселелерди мындай эле, ортомчулар аркылуу чечип алсак болот экен” деп ойлошот да. Ортомчулардын баркын көтөрүп, ошолорго кошомат кылып калышат. Анын баары, тилекке каршы, терс жагына иштей берет. Бул жерде мамлекеттик механизмдер, жакшы маанидеги мамлекеттик бюрократия иштеши керек. Ошондой болсо, ар кандай ортомчулардын баркы да жок болот, алардын кереги да жок болуп калат. Себеби мамлекеттик машина, мамлекеттик механизм иштеп, өз жыйынтыгын бере баштайт”.

Быйыл Кыргызстанга кирген түз инвестиция кескин азайып кетти. Улуттук статистикалык комитет 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөгө кирген түз инвестициянын суммасын 429 млн доллар деп эсептеген. Бул сан былтыркы ушул мезгилге караганда 31,7% аз болууда. Соода насыясы 30%, кайра инвестицияланган пайда 34,5% аз болду. Иштетүү өнөр жайына салынган инвестиция 66%, кыймылсыз мүлккө 20%, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга келген инвестиция 12,7% азайган. Ири инвестор өлкөлөрдүн ичинде Кытайдын инвестициясы 20,8%, Орусиянын инвестициясы 12,9% жана Түркиянын инвестициясы 16,3% азайды.

XS
SM
MD
LG