Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:51

Президент жарым доосунан баш тартты


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү талабынан баш тартты.

Бул тууралуу агенттик өзү Свердлов райондук сотунун сот аткаруучулар кызматынын маалыматына таянып, маалымат таратты. Ал эми соттошууга себеп болгон макаланын автору, журналист Кабай Карабековдон 5 млн. сом өндүрүү тууралуу сот чечими күчүндө калды. Ошентсе да жарандык активисттер менен журналисттер чөйрөсү президенттин алгачкы кадамын кубаттап, башкаларга үлгү болот деп үмүт артышууда.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүүдөн баш тартканын агенттиктин негиздөөчүсү Асел Оторбаева “Азаттык” радиосуна ырастады. Анын негизинде иш кыскартылды.

- Азырынча маалымат агенттиги төлөй турган айыппулдан гана баш тартты, - деди ал.

Бул маалыматты президенттин басма сөз кызматы да бышыктап, бул Жээнбековдун жеке чечими болгону айтылды.

Жарандык активисттер жана журналисттер мамлекет башчынын бул кадамын жакшы жышаан катары кабыл алып жатышат. Алар мындай чечим башкаларга үлгү болот, сөз эркиндигине басым азайып, мамиле өзгөрөт деп үмүт артышууда.

"Сөз эркиндигин коргоо" комитетинин мүчөсү Адил Турдукулов президенттин бул чечими анын өз алдынча лидер экенин көрсөтүүдө деп эсептейт.

- Өнүккөн өлкөлөр сөз эркиндиги жок мамлекет боло албайт. Сооронбай Жээнбековдун мындай кадамы анын өз алдынча лидер болуп жатканынын белгиси деп ишенип жатам. Анткени буга чейин ал "мураскер" экени, "Атамбаевдин кылганынан чыкпайт, ошол эле салтты улантат" деген көп сөз болгон. Ал эми бул доо боюнча арызды чакыртып алганы - "сөз эркиндигине башкача мамиле кылат" деген ойду жаратат.

Буга чейин адам укуктары боюнча иш алып барган эл аралык уюмдар 2017-жылы Кыргызстандагы сөз эркиндиги катаал сыноого туш болгонун белгилеп, миллиондогон доолор үчүн тынчсызданганын билдиришкен. Сот тарабынан жабылган "Сентябрь" телеканалынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова Жээнбековдун соңку чечими сотторго да белги болуп калганын айтып жатат. Мындан сырткары, ал маалымат каражаттарына карата чыккан буга чейинки сот чечимдерин талдап чыгууну мамлекет башчыга сунуш кылды.

Анткен менен президент ушул эле сайтка чыккан макаланын автору, журналист Кабай Карабековдон 5 миллион сом өндүрүү боюнча арызын чакыртып алган эмес. Сот бул каражатты төлөп бергенге чейин ага Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салды. Автор өзү сотко берүүгө негиз жок болчу деп эсептейт.

Кабай Карабеков.
Кабай Карабеков.

- Бүт өлкө жакырчылыкта жашап жатат. Ал эми булар "миллиондор асмандан түшөт" деп ойлоп жатышат. Адегенде мага ошол "акчага муктаж болуп жаткан" үй-бүлөгө төлөш үчүн каражат иштеп табышыма шарт түзүп беришсин. Андай шарт түзүп беришкен жок да? Мени сотко берүүгө эч кандай негиз жок болчу. Бул үй-бүлөгө акча керек болуп жатат деп эле түшүндүм.

Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы былтыр сентябрда 24.kg сайтына жарыяланган. Анда “президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук уюм деп табылган "Социалдык реформалар коому" менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты" деп жазылган.

Ошол учурда президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "ушак жана жалган жалаа" деп сыпаттап, сотко кайрылган. Доочу моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен 5 миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган. Свердлов райондук жана Бишкек шаардык соту Жээнбековдун штабынын талабын канааттандырган.

Журналист Аскер Сакыбаева Кыргызстанда ММКларга карата дагы башка миллиондогон доо арыздар каралып, алардын өкүлдөрү айыпка жыгылып турган шартта сөз эркиндиги жакшырды деп айтууга эрте деп эсептейт. Анын айтымында, мамлекет бул багытта кескин өзгөрүүлөрдү жасашы керек.

Аскер Сакыбаева. Архивдик сүрөт.
Аскер Сакыбаева. Архивдик сүрөт.

- Журналист катары мен Жээнбековдун кылганын сөз эркиндигине жасаган жакшы кадам деп эсептебейт элем. Эгер андай кадам кылгысы келсе, ал киши кардиналдуу, таптакыр башкача аракет кылмак. Чыныгы маалымат мейкиндигин бекемдеш үчүн журналисттерди колдоо, салык багытында, алардын ишине шарт түзүү багытында кескин чара көрүшү керек эле деп ойлойм. Азыр Бишкек шаарында жашаган көпчүлүк Интернет айдыңына ооп кетти. Ошол эле учурда гезит-журналдардын, башка ММКлардын абалы начар болуп жатат. Мен социалдык кам көрүү жөнүндө айткан жокмун. Кесиптик ишмердигин коркпой-үркпөй жүргүзүүгө түзүлө турган шарттар тууралуу айттым.

Ал ортодо укук коргоочулар тобу Жогорку Кеңешке жана акыйкатчы Кубат Оторбаевге кайрылып, журналисттердин укугун коргоону өтүнүштү. Ошондой эле алар депутат Дастан Бекешев Жарандык кодекске сунуш кылып жаткан өзгөртүүлөргө юридикалык баа берилиши керек экенин, себеби алар сөз эркиндигине байланыштуу конституциялык принциптерге каршы келерин айтууда.

Бишкектеги “Медиа полиси” уюмунун маалыматына караганда алты жыл ичинде Башкы прокуратура баш болуп, депутаттар, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана бийликтеги аткаминерлер маалымат каражаттарына каршы 25 арыз жазышкан. Аларга коюлган доонун жалпы суммасы 80 миллион сомго чукулдаган. Кыргызстандагы мыйзамдарга ылайык, журналисттерге каршы кылмыш иши козголбойт, бирок акчалай айып төлөтүү сыяктуу административдик жаза каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG