Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:44

FH: Дүйнөдө демократия кризисте


Румыниянын борбору Бухаресте өткөн "Демократия курчоодо" аттуу өкмөткө каршы акция, 5-ноябрь 2017-жыл.
Румыниянын борбору Бухаресте өткөн "Демократия курчоодо" аттуу өкмөткө каршы акция, 5-ноябрь 2017-жыл.

2017-жылы дүйнөдөгү демократия соңку он жыл ичиндеги эң олуттуу кризиске туш болду. Мындай тыянагын "Фридом Хаус" (Freedom House) эл аралык уюму 16-январда жарыялады.

Эркин шайлоолор, азчылыктардын укугу, басма сөз эркиндиги жана мыйзам үстөмдүгү сыяктуу демократиялык баалуулуктарга көз салган "Фридом Хаус" уюму дүйнөдөгү демократиянын абалы боюнча коңгуроо кагып чыкты.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан уюм 16-январда "Дүйнөдөгү эркиндик - 2018" деп аталган баяндамасын жарыялап, анда 2017-жыл - глобалдык эркиндик катары менен чектелген он экинчи жыл болуп калганын билдирди.

Дүйнөдөгү демократия кризиске кептелди деген "Фридом Хаустун" маалыматы боюнча, соңку бир жылда саясий укуктар жана жарандык эркиндик жаатында 71 өлкөнүн көрсөткүчү артка кеткен. 35 өлкө гана демократия жаатында жылыштарды көрсөткөн.

- Он жыл мурда эле күчтүү демократиялык өлкө болот деген үмүттөрдү жараткан Түркия, Польша, Венгрия сыяктуу мамлекеттер артка чегинип жатат. Кытай менен Орусия өңдүү мамлекеттер өз жарандарын эле куугунтуктабастан, чек арасынан сырткаркы аймактарда да демократияга шек келтиргенге аракет кылып жатышат. Дүйнөдөгү миграция кризиси айрымдарда коркуу сезимин жаратып, мындай жагдай популист лидерлерге ал коркууну пайдалануу менен эркиндикти жана саясий укуктарды чектөөгө жол ачып берди. Медиа каражаттары чоң басымга туш болууда",-деп билдирди "Фридом Хаус" уюмунун президенти Майкл Абрамович.

"Фридом Хаус" уюмунун эркиндиктин деңгээлин көрсөткөн картасы.
"Фридом Хаус" уюмунун эркиндиктин деңгээлин көрсөткөн картасы.

Быйылкы баяндамада Түркия "жарым жартылай эркин" деген өлкөлөрдүн катарынан чыгып, "эркин эмес" мамлекеттерге кошулду. "Фридом Хаус" буга Түркиядагы 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетинен бери уланып жаткан "тазалоо" операцияларын себеп катары көрсөттү.

Соңку бир жылда дүйнөдөгү демократиянын үлгүсү жана чемпиону саналган АКШнын көрсөткүчү да начарлаган. Маселен, АКШ 2016-жылы "эң эркин" өлкөлөргө берилген 100 упайдын ичинен 89 упай алган болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч үч упайга азайган.

АКШ өкмөтү өзү каржылаган бул уюмдун баамында, “Кошмо Штаттарда акыркы жети жылда саясий эркиндик менен жарандык укуктар акырындык менен азайып” турду.

АКШ президенти Дональд Трамп менен орус лидери Владимир Путиндин Вьетнамдагы саммиттеги кездешүүсү, 11-ноябрь 2017-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп менен орус лидери Владимир Путиндин Вьетнамдагы саммиттеги кездешүүсү, 11-ноябрь 2017-жыл.

"Фридом Хаустун" президенти Абрамовичтин айтымында, президент Дональд Трамптын АКШнын чет өлкөлөрдөгү демократияны колдоо ролунан чегингени дүйнөнүн башка аймактарындагы авторитардык лидерлердин эркиндикти чектөө багытында укугурун узарткан. Бирок АКШда саясий укуктар менен эркиндиктер жаатындагы начарлоого башка да факторлор себеп болгон:

- Орустардын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүү аракетин көрдүк. Президенттин көп сандагы туура эмес жана так эмес билдирүүлөрүнө күбө болдук. Аларды фактыларды тактаган көз карандысыз тараптар да бышыкташты. Коррупция, ошондой эле коомдун кызыкчылыгындагы иш менен бизнестин аралашканы байкалды. Бул өңдүү көрүнүштөргө биз башка өлкөлөрдө туш болуп жүрсөк, эми аларды АКШда да байкап жатабыз",-деди Майкл Абрамович.

АКШнын президенти Трамп да, Орусия да, Түркия да эл аралык уюмдардын мындай айыптоолорун четке кагып келишет.

"Фридом Хаус" уюму дүйнөдөгү 195 өлкөнүн 88ин "эркин", 58ин "жарым жартылай эркин", 49ун "эркин эмес" өлкөлөрдүн тизмесине киргизген.

Орусия жана Борбор Азиядагы Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан мурдагыдай эле "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарын толуктады. Алардан айырмаланып, Кыргызстан "жарым-жартылай өлкөлөргө" кошулган. Бирок 2016-жылга салыштырмалуу Кыргызстандын көрсөткүчү бир упайга азайып, 38ден 37ге түшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG