Латакиянын тургундары жаанга карабай Сириянын желегин көтөрүп алып көчөлөргө чыгышты. Жергиликтүү жашоочу Абдул Гани ал-Мохаммед мындан бир жыл мурда болгон окуяларды кубануу менен эскерип жатты:
"60 жыл башкарган зулумчул башкаруудан кутулганыбызга ишене албай турам. Бул биздин эң чоң кыялыбыз болчу. Жаратканым бул кыялыбызды орундатты".
Майрамдык маанай өлкөнүн башка жерлеринде да өкүм сүрүүдө. Баш калаа Дамаскта аскердик парад уюштурулду.
Маалыматтарга караганда, өлкөнүн утурумдук президенти Ахмед аш-Шараа элди биримдикти көрсөтүп, бул күндү активдүү майрамдоого чакырган.
SANA кабар агенттиги ал борбордогу Умайяд мечитинде жекшембиде окулган намаз учурунда адилет жана кубаттуу Сирияны курууга убада кылганын маалымдады.
"Ал-Кайиданын" мурдагы талаа командири аш-Шараа дүйнөлүк дипломатия менен тез эле жуурулушуп, аны Ак үйдө, Елисей сарайында, Кремлде кабыл алып, террорчулардын кара тизмесинен чыгарышты. Европа менен Араб мамлекеттеринин колдоосуна ээ болгон Сириянын жаңы жетекчисине БУУнун Башкы ассамблеясында сөз берилген, санкциялардын көбү алынды. Бул да түшүнүктүү, эмне дегенде чет мамлекеттердин каражаты болбосо, 13 жылга созулган согуштан кийин өлкөнү калыбына келтирүү мүмкүн эмес.
Ошол эле маалда Түркия, Катар жана Сауд Арабия Сирияга таасир этүү үчүн талашып келет. Израил өлкөнүн түштүгүндө операция жүргүзүүдө жана аш-Шарааны Голан дөңсөөлөрүнөн баш тарттырууга аракеттенүүдө. Асаддын бийлигин колдоп, ар тараптан көмөктөшүп, ал жакта аскердик базасын орноткон Москва дагы Дамаскты колдон чыгаргысы келбейт.
Муну менен катар этникалык, диний, тайпалык араздашуулар, адам уурдоо, сотсуз өлүмгө тартуу өңдүү ички көйгөйлөр кала берүүдө.
"Биз коопсуздукту орнотууну талап кылабыз. Бирөө уурдап кетет деп коркпой мектепке баргыбыз келет. Биз ал жакта өзүбүздү коопсуз сезчүбүз. Эми уурдап кетишет деп коркобуз. Коопсуздукту гана талап кылуудабыз", - деп айткан ноябрдагы демонстрация учурунда Рейтердин кабарчысына Латакиянын Лиин аттуу тургуну.
Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад былтыр жыл аягында козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, Орусияга качууга аргасыз болгон.
Бийликти кулаткан күчтөрдүн башында турган "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун лидери Ахмед аш-Шараа быйыл январда убактылуу президент болуп дайындалган. Ал бардык сириялыктардын, этностук азчылыктардын, аялдардын укук-кызыкчылыктары эске алынган шартта өткөөл өкмөт түзгөн.
Мурдагы талаа командири жарандык уруштан бүлүнгөн, мамлекеттик институттары иштебеген, эли жакырчылыкка баткан өлкөнү мурастап алды.
Электр жарыгы күнүнө эки саат гана берилет, кургакчылыктан улам суу цистерналар менен ташылат. Эки миллиондон ашуун киши чатырларда жашайт. Мамлекеттик кызматкерлердин маянасын төлөөгө Катар жардамдашат.
"Башында мекениме кайтып келгениме сүйүнгөм. Эми ал чечимиме өкүнүп турам. Жумуш таба албайм. Айыл чарба тармагында иштесем дегем. Бирок жыл сайын кайталанган кургакчылык бүт талкалаптыр. Өз бизнесимди баштоого акчам жетпейт. Ага 4-5 миң доллар керек", - деп түшүндүрдү Ахмед Балууш.
Бир жылда өзгөчө диний-этностук азчылык өкүлдөрү арасында оптимизм бара-бара өчүп, коркуу сезими көбүрөөк сезилип жаткандай.
Мындай маанай мартта Сириянын деңиз тарабында бир нече күндө 1400 киши, негизинен алавилер киши колдуу болуп өлгөндөн кийин пайда болгон.
Укук коргоочулар бул сан расмий маалыматтан ашарын айтышат. Мурдагы президент Асад дал ушул диний азчылыктын өкүлү болчу.
Аш-Шараа ал окуяларга борбордук бийликтин тиешеси жок деп айтканы менен Рейтер агенттигинин иликтөөсү кол салгандар менен жаңы жетекчилерге баш ийген адамдар менен байланышын аныктаган.
Июлдун ортосунда түштүктөгү Сувейда провинциясында шия друз азчылыгынын кошуундары менен сунни бедуин уруусунун өкүлдөрү кагылышканда ондогон киши каза тапкан. Өкмөттүк аскерлер тартип орнотуу үчүн чөлкөмгө жөнөтүлгөн, бирок алар друз согушкерлери менен атыша баштаган. Бирок Ички иштер министрлиги ал окуяны дин аралык чыр-чатак эмес, мамлекет менен бандиттер, кылмышкерлер ортосундагы жаңжал деп мүнөздөгөн.
Друздар Сириянын түштүк бөлүгүндө үстөмдүк кылса, түндүк-чыгыш тарабын азыркыга чейин күрд кошуундары көзөмөлдөйт, түндүктө түркиячыл топтор активдүү.
Күрддөр жетектеген администрация коопсуздукка шилтеп, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды.
Муну менен катар Сириянын эли аш-Шараага көп үмүт артууда. Аны калктын көбү дагы эле колдойт, эмне дегенде зомбулуктун тутанышынан чочулагандар көп.
Жогоруда сөз болгон көйгөйлөрдөн улам калыс жана коомдун бардык катмарлары камтылган шайлоо өткөрүү мүмкүн болбогондуктан, өлкөнүн утурумдук бийлиги төрт жыл ичинде добуш берүү уюштурууга убада кылууда.
Сириядагы согуш жүз миңдеген кишинин өмүрүн кыйган, 2011-жылдан бери миллиондогон киши жер которууга, чет жактарга кетүүгө аргасыз болгон.
БУУнун Качкындар агенттигинин 8-декабрдагы маалыматында, Асаддын режими кулатылгандан кийин 1,2 миллион киши чет өлкөлөрдөн, 1,9 миллиону өлкөнүн ичиндеги жерлерден үйлөрүнө кайтып барды.
Шерине