Сириянын жетекчиси өлкөдө жаңы доор башталганын жарыялаганы менен укук коргоочулар улуттук азчылыктардын тагдырына тынчсызданат.
Кечээ эле Вашингтон издөө жарыялап, башына 10 миллион доллар сайган аш-Шараа бүгүн Ак үйдө Трамп менен жолугуп отурат. Бирок, маалымат каражаттары кабарлагандай, Сириянын убактылуу мамлекет башчысы башка чет өлкөлүк лидерлердей болуп борбордук эшиктен эмес, имараттын арткы дарбазасынан кирип чыкты.
Ак үйдүн басма сөз кызматы кездешүү тууралуу учкай кабарлап, лидерлердин чогуу түшкөн видеосун чыгарган жок, биргелешкен билдирүү да жасалган жок.
Кийинчерээк Дональд Трамп аш-Шараа менен мамилелери жакшы экенин айтып, ал жүктөлгөн вазийпасын жакшы аткарат деп үмүттөнөрүн белгиледи:
"Мен аны менен макулдаштым. Ал абдан күчтүү лидер. Оңой эмес жерден чыккан, өтө курч жигит. Мага жакты. Сириянын жаңы президенти менен тил табышкам. Жакынкы Чыгыштын маанилүү бир бөлүгү болгон Сириянын ийгиликке жетүүсү үчүн бар аракетибизди жумшайбыз".
Аш-Шараа “Ал-Кайиданын” мурдагы талаа командири, АКШнын террорчулардын "кара тизмесинен" жакында эле чыгарылган.
Трамп бул жагдайды комментарийлеп, “баарыбыздын өткөн чагыбыз оор болгон” деп айтты.
Сүйлөшүүлөр алдында Израил менен Сириянын мамилелерин жакшыртуу тууралуу да кеп болору маалымдалган.
Буга чейин эки жетекчи быйыл 14-майда Эр-Риядда жолуккан. Анын алдында АКШ Сирияга каршы киргизилген санкциялар алынганын жарыялаган. Ахмед Аш-Шараа ошондо америкалык компанияларды Сириянын мунай жана газ тармагына инвестиция салууга чакырган.
Бул жолку визит чындап эле тарыхый болуп калды. 1946-жылы көз карандысыз мамлекет болуп түптөлгөн Сириянын президенттери буга чейин бир да жолу Вашингтонго расмий сапар менен барган эмес.
1999-жылы сириялык тышкы иштер министри Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн Ак үйдө болгон.
Ошондон бери Асад үй-бүлөсү башкарган өлкө жарандык согушту, репрессияларды, эл аралык изоляцияны башынан кечирди.
Былтыр жыл этегинде Дамаск режими кулагандан кийин президент Башар Асад Орусияга качып, "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун лидери Ахмед аш-Шараа убактылуу президент болуп дайындалган.
"Сириянын ар түрдүүлүгүн чагылдырган, аялдар, жаштар кирген жаңы Сириянын институттарын калыбына келтирүү милдети жүктөлгөн өкмөт куруунун үстүнөн иштейбиз", - деп убада кылган Ахмед аш-Шараа.
Бирок күрттөрдүн өкүлдөрү октябрдын башында өткөн парламенттик шайлоого камтылбай калганын айтса, мартта Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерватория Латакия провинциясында Асаддын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн эки күндүк кагылышуусунан улам алави азчылыгына кирген 745 киши өлтүрүлгөнүн билдирген. Башар Асад дал ошол жамааттын өкүлү болчу.
Аш-Шараа ошондой эле башка өлкөлөр менен мамилелерди калыбына келтирүү аракетин көрүүдө.
Вашингтон визити алдында БУУнун Коопсуздук кеңеши аны жана ички иштер министри Анас Хаттабды санкциялык тизмеден чыгарды.
Ошондо америкалык элчи Майк Уолтц документ Сирияда “жаңы доор башталып жатат деген саясий ишарат кылганын” билдирсе, Кытайдын өкүлү Фу Конг добуш берүүдөн баш тартып, Сирия терроризмге каршы күрөшүү милдеттенмелерин аткарууга тийиш деп белгилеген:
"БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы терроризмге каршы күрөш жана коопсуздук чөйрөлөрүндөгү абалды, сөз болуп жаткан өзгөртүүлөрдүн татаал кесепеттерин эске алууга тийиш. Өлкөнүн муктаждыктарын, узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын унутпоо зарыл".
7-ноябрда Британия аш-Шараага салынган санкцияларды алганын маалымдады. Ушундай эле кадамга Еврошаркет даярданууда.
"Хайат Тахрир аш-Шам" бир нече жыл мурун "Ал-Кайида менен байланыштарын үзгөнүн билдирген. Ал эми аш-Шараа радикалдуу идеялардан баш тартканын бир нече жолу кайталаган. Мамлекет башчылыкка келгенден кийин ал куралчан топторду таркатып, улуттук армия түптөлөрүн айткан.
Шерине