Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Иорданияда Сирияны кайра куруу боюнча эл аралык жыйын башталды


Иордания менен Сириянын лидерлери эки тараптуу жолугушуу учурунда. 12-август, 2025.
Иордания менен Сириянын лидерлери эки тараптуу жолугушуу учурунда. 12-август, 2025.

Амманда шейшембиде Иордания-АКШ-Сириянын расмий адамдары согуштан жапа чеккен Сирияны кайра куруу маселелерин талкуулаганы чогулушту. Сириянын өкмөтү өлкөнүн түштүк тарабында көчмөн бедуиндер менен өз динине ишенген друздар ортосундагы кагылыштар, Дамаск жана башка жерлердеги аскердик объектилерге Израилдин соккулары ансыз да узак согуштан алсыраган экономикага кесепетин тийгизип жатканын айтып, ушу тапта эл аралык компаниялардын инвестициясына абдан муктаж экенине басым жасап жатышат.

14 жылга созулган согуштан кийин Сириянын далай аймактары талкаланып бүлүнгөн бойдон. Былтыр декабрда экс-президент Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан берки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 12-август күнү Амманда Сириянын жаңы бийликтери 12 эл аралык макулдашууга кол коюп, башка да коңшулаш араб мамлекеттеринин колдоосу астында бардыгы 14 миллиард долларлык экономикалык долбоорлорду бекитип, анын ичинде Дамасктагы аэропортту кайра куруу иштери башталганы турат.

Аммандагы кол коюу аземине Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа, АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Томас Баррак да катышууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG