Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:30

Кайра шайлоо: талапкердин талабы, системага сын


Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунда парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнга дайындалды. Буга чейин сот, анын артынан Борбордук шайлоо комиссиясы аталган округдан депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.

2022-жылкы шайлоодо ага атаандаш талапкер Муртазалиев БШК чечимине нааразы болуп, президентке чейин кайрылды. Дагы бир округда эрте шайлоо жарыяланышы бул системага карата сынды көбөйттү.

Муртазалиевдин нааразылыгы

Борбордук шайлоо комиссиясы 7-майда Атазовдун мандатын Жогорку Соттун чечиминин негизинде алган. Буга чейинки шайлоодо Атазов менен атаандашкан талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев Боршайкомго кайрылып, Атазовдун үгүтчүлөрүнө добуш сатып алуу боюнча соттун өкүмү чыкканын, буга байланыштуу аны мандатынан ажыратууну, анын ордуна өзүн депутат кылып бекитүүнү суранган.

Боршайком анын өтүнүчүн четке каккандан кийин Муртазалиев бул чечимдин үстүнөн сотко кайрылган. Жогорку Сот 30-апрелде Атазовдун мандатын жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырып, Боршайком бул талапты аткарган.

Муртазалиев бул округ боюнча кайра шайлоо дайындабай, Атазовдун жокко чыккан мандатын бергиле деп президентке чейин кайрылды:

“Менин оюмча, президент Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясын мага депутаттык мандат берүүгө милдеттендиргенинен кабардар болсо, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу жарлыкка кол коймок эмес. Мен 16-майда Бишкек административдик сотунан аткаруу баракчасын алдым. Ал жерде Боршайком мага мандат берилиши керектиги баса белгиленген. Мен адилеттүү чечимден үмүт кылам. Мен бул баракчаны Башкы прокуратурага, президенттин адмистрациясына жана Боршайкомго жолдодум”.

Муртазалиевдин Бишкек шаардык административдик сотунан алган аткаруу барагынын сүрөтү.
Муртазалиевдин Бишкек шаардык административдик сотунан алган аткаруу барагынын сүрөтү.

Муртазалиев соттун 2022-жылы анын каттоосун жокко чыгарган чечиминен кийин жагдай өзгөргөнүн, добуш сатып алууга айыпталган жарандардын аны менен байланышы жоктугу аныкталганын айтууда.

"Шайлоонун дайындалышы мыйзамдуу"

Свердлов округунда 2022-жылы өткөн шайлоодо Муртазалиев эң көп добуш алган. Боршайком добуш сатып алууга байланыштуу анын каттоосун жокко чыгарып, депутаттык мандатты Атазовго берген. Бул чечимди соттун үч инстанциясы колдогон. Боршайком ушул жагдайды эске алганда, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланышын негиздүү деп санайт.

“Биринчи инстанцияларда кайра каттоосун калыбына келтирүү жана Борбордук шайлоо комиссиясын ага мандат берүүгө милдеттендирүү чечими чыккан. Биз буга макул болбой, Жогорку Сотко кайрылганбыз. Сот милдеттендирүү чечимин алып салып, калгандары күчүндө калган. Жогорку Соттун 2022-жылкы чечимин да эч ким жокко чыгарган эмес. Айрым жарандар мыйзамды айланып өтүп максатына жеткиси келип жатса, биз мыйзамды сактап жатабыз. Ошол себептүү бул чечим мыйзамдуу”, - БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев.

Ал арада Боршайком 17-майдагы жыйынында Свердлов округунда белгиленген кайра шайлоонун календарынын планын бекитип, талапкер болуу үчүн арыз бергендерди каттай баштады.

Ушуну менен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча жетинчи ирет мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Буга чейин Бишкектин Ленин округунда эки ирет кайра шайлоо өткөн. 28-апрелде Баткен, Кара-Суу, Ош округдарында да шайлоо болду. Эми алдыда Ноокат жана Ысык-Көл округдарына шайлоо белгиленди. Мындан улам бул система өзүн актаган жок деген көз караш да бар.

Шайлоолордун жүрүшүнө байкоо салып жүргөн эксперт Тагир Осмоналиев мындай пикирин билдирди:

“Турмуш көрсөткөндөй, бир мандаттуу система өзүн актаган жок. Жыйынтыгында капчыгы калың талапкерлер утуп келүүдө. Ошол себептүү партиялык системаны өнүктүрүп, парламентке ушул ыкма менен тандоо туура болот. Эгер депутат мандатын тапшырса, анын ордуна шайлоо болбой эле кийинки катардагы талапкер келе бермек. Бул бюджетке дагы ашыкча чыгым алып келбейт".

Кыргызстанда бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар мандатын тапшырган учурдун дээрлик баарында эле мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалып келүүдө.

№4 Көк-Жар округу боюнча маселеде гана мандат шайлоодо добуш боюнча экинчи орундагы талапкерге берилген. Ошол кезде депутат Өмүрбек Бакиров менен шайлоодо ат салышкан талапкер Равшанбек Рысбаев сотко кайрылып, Бакировду добуш сатып алууга айыптаган.

Боршайком сот чечиминин негизинде Бакировду депутат кылып каттаган чечимди жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгарган. Депутаттык мандатты ушул округ боюнча экинчи катардагы Равшанбек Рысбаевге ыйгарып, ал былтыр 6-сентябрда депутаттык ишмердигин баштаган.

Мындан улам бир мандаттуу округдардан чыккан талаштар бир кылка чечилбейт деген пикирлер да бар. Бул боюнча Жылкыбаев мындай түшүндүрмө берди:

"Ар бир жагдай өзүнчө каралат. Көк-Жар округундагы иш боюнча соттун чечими абалды шайлоодон кийинки жагдайга туш кылып койгон. БШК ошонун негизинде чечим кабыл алган. Мыйзамдын талаптары баарына бирдей иштейт".

Ал шайлоо мыйзамдары боюнча жумушчу топ иш алып барып жатканын, бул аянтчада парламентти шайлоонун жол-жобосу каралып, мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 2021-жылы жаңы мыйзамдын негизинде шайланган. Анда депутаттардын саны 120дан 90го кыскарган. Алардын 54ү партиялык тизме аркылуу преференциалдык жол менен шайланса, калган 36сы бир мандаттуу округдардан келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG