Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

"Мандат бербей жатат". Атазовдун ордуна талапкер БШКны айыптады


Абдурахманхажи Муртазалиев
Абдурахманхажи Муртазалиев

Бишкектин Свердлов шайлоо округу боюнча талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев парламенттен кеткен Шайлообек Атазовдун мандаты ага берилбей жатканына нааразы.

Бул маселе боюнча Боршайкомдун мүчөлөрүнүн пикири бир кылка эмес, арасында Свердлов округу боюнча кайра шайлоо өткөрүү керек дегендер бар.

Талапкердин Башкы прокуратурага берген арызы

Бишкектин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округу боюнча талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылды.

Анын 11-майда берген арызында Боршайком ушул округ боюнча депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарганы менен анын ордуна Муртазалиевди депутат кылып бекитпей жатканы жазылган. Катта БШКнын бул аракетин сот чечимин аткарбагандыкка чыгарып, буга айыптоочу орган баа бериши керектиги жазылган.

“Видео аркылуу түз эфирде Борбордук шайлоо комиссиясы 7-май күнү Атазовдун депутаттык мандатын алуу боюнча чечим кабыл алып, андан кийин жыйын үзгүлтүккө учурап, добуш угулбай калды. Ага карабастан, БШКнын кабыл алган чечими төрт күн өтсө да сайтына жарыялана элек. Бул БШК мыйзамды одоно бузуп жатканын көрсөтөт […] Борбордук шайлоо комиссиясынын мындай аракетине, Бишкек шаардык административдик сотунун Атазовдун мандатын жокко чыгаруу жана анын ордуна Муртазалиевди шайлоону жеңген депутат катары таануу боюнча талабын аткарбаганына, менин бир канча жолку кайрылуумду БШК жыйынында карабаганы үчүн укуктук баа берүүнү суранам”, - деп айтылат кайрылууда.

Муртазалиев өзү азырынча комментарий бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов округунан Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын 7-майда жокко чыгарган. Буга ушул округдан Атазов менен атаандашкан талапкер Муртазалиевдин арызынын негизинде Жогорку Соттун чыгарган чечими негиз болгон.

Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын 2022-жылы 25-мартта чыгарган Муртазалиевге байланыштуу жана Атазовдун шайлоодогу жеңишин таануу боюнча чечимдерди жокко чыгаруу керектиги жазылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов буларга токтолду:

“Атазовду мандатынан ажыратуу боюнча соттун чечимин аткардык. Биздин чечимибиздин үстүнөн үч күндүн ичинде сотко кайрылуу болушу мүмкүн экенин эске алып, кийинки маселени караган эмеспиз. Муртазалиевди депутат кылып бекитүү боюнча соттун баштапкы инстанцияларында сөз болгон. Бирок Жогорку Соттун чечиминде ал талап кубатталган эмес”.

Бекматов сөз кылган "Муртазалиевди шайлоонун жеңүүчүсү катары таануу" талабы Бишкектин административдик сотунун 1-мартта чыгарган чечиминде белгиленген.

Боршайком бул чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко кайрылып, 30-апрелдеги отурумда экинчи инстанциянын чечимдерине айрым өзгөртүүлөр кирген.

Мандат берилеби же кайра шайлоо өтөбү?

2022-жылы Свердлов округу боюнча кайра шайлоодо Муртазалиев эң көп добуш алган. Борбордук шайлоо комиссиясы аны добуш сатып алууга тиешеси бар деген жүйө менен каттоосун жокко чыгарган. Ошол маалда Бишкек шаардык милициясы "добуш сатып" алууга айыпталган Фарида Талипова менен Лолахан Самилова аттуу жарандардын Муртазалиевге кыйыр байланышы болгонун билдирген.

Жогорку Соттун соңку чечиминде эки жаран “добуш сатып алууга айыпталганы” менен Муртазалиевдин өкүлү болгон тууганы Пайзилдаев жана анын атасы Шамил Муртазалиевге карата мындай айып коюлбаганы жазылган.

Мыйзамга ылайык, талапкердин каттоосу өзүнүн, анын ишенимдүү өкүлүнүн, жакын туугандарынын же байкоочусунун добуш сатып алууга катышканы аныкталган чакта жокко чыгарылары белгиленген. Сот Муртазалиевдин каттоосун алып салуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарууга ушул жагдайды жүйө келтиргендей.

Борбордук шайлоо комиссиясынын дагы бир мүчөсү Кайрат Маматов Муртазалиевдин чечимин жокко чыгарууга “добуш сатып алууга айыпталгандардын” талапкер менен байланышы болгону аныкталганы" негиз болгонун, андан бери бул боюнча муну жокко чыгарган расмий чечим болбогонун айтууда.

“Бул округда кайра шайлоо өтүшү керек. Бул менин жеке пикирим. Анткени 2023-жылы 21-декабрда Атазовго байланышы бар үгүтчүлөр соттолгон. Ошентип Атазов менен эки жыл мурун Муртазалиевдин шайлоодон алган добуштары жокко чыгарылган болууда. Экөөнүн алган добушу ошол кезде шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы добушунун 50 пайызынан көп болуп кетип жатат. Шайлоо мыйзамына ылайык, округдук шайлоодо жокко чыгарылган добуштар жалпы берилген добуштардын 1/3 бөлүгүнөн ашып кетсе, ошол округдагы шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылат”, - деди Маматов.

Бир мандаттуу системага айтылган сын

Атазовдун мандатына байланыштуу маселе Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, учурда абакта отурган Райымбек Матраимовго байланышы бар делген депутаттардын парламенттен кетип жаткан учуруна туш келди. 15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

Мунун алдында Матраимов менен чогуу соттолгон Абдыбахаб Боронбаев, көп өтпөй эле Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Айбек Осмонов өз арызынын негизинде мандатынан ажыратылган. Мындан улам 28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында кайра шайлоо өттү.

Алдыда дагы Ысык-Көл жана Ноокат бир мандаттуу округдарында кайра шайлоо өткөнү турат. Бул аймактардан шайланып келген депутаттар Максатбек Сарбагышев менен Жусупбек Коргонбай уулу өз арызы менен мандатынан ажыраган. Бир мандаттуу округдардагы кайра шайлоолордун өтүп жатышы мыйзамдагы алешемдиктин жыйынтыгы экенин, мунун айынан бюджетке чыгым келип жатканын айткандар бар.

“Убагында шайлоо мыйзамдарына өзгөрүү кирип, жаңы система кабыл алынып жаткандагы сабатсыз жана шашылыш чечимдин кесепетине туш болуп турабыз. Бул жөн гана саясий оюн же шайлоо процесси эмес. Бул жерде чоң акча жөнүндө сөз болууда. Бир округда кайра шайлоо өткөрүү үчүн кеминде 13-18 миллион сом сарпталат, бул бюджеттен бөлүнгөнү гана. Андан тышкары жергиликтүү бийликтин чыгымдары болот. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мыйзамды өзгөртүү керек. Депутаттардын улам кетип, жаңысы келип жаткан тажрыйба токтобойт, азыркы абал башаламандыкка гана жол ачат”, - деди 2021-жылы бир мандаттуу округдан талапкер болгон саясатчы Мавлян Аскарбеков.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 2021-жылы жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде шайланган. Анда депутаттардын саны 120дан 90го кыскарган. Алардын 54ү партиялык тизме аркылуу преференциялдык жол менен шайланса, калган 36сы парламентке бир мандаттуу шайлоо округдарынан келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG