Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Орусия - АКШ: дипломатиялык кармаштын жаңы толкуну


Москвадагы АКШнын элчилиги жайгашкан имарат.
Москвадагы АКШнын элчилиги жайгашкан имарат.

Путин Орусиядагы АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштеген 755 кызматкерди кыскартууга тапшырма берди.

Мамлекеттик департамент орус президенти Владимир Путиндин америкалык дипломатиялык миссияларда иштеген 755 кызматкерди кыскартуу тууралуу талабын “өкүндүргөн жана орунсуз” чечим деп баалап, Вашингтон тарап дагы буга тиешелүү жоопту караштырып жатканы маалым болду.

“Биз мындай чектөөнүн таасири кандай болорун жана ага кандай жооп берүүнү караштырып жатабыз” деп айтылат Мамлекеттик департаменттин 30-июлдагы билдирүүсүндө.

Жекшембиде Путин тележурналист Владимир Соловьевге берген маегинде Орусияда иштеп жүргөн миңден ашуун америкалык дипломаттар жана “алардын жардамчылары”, башкача айтканда “755 киши өз ишин токтоторун” айтты.

Путин Орусиядагы америкалык дипломатиялык миссияларда иштегендерди кыскартууга тапшырманы өзү бергенин, бул Конгресстин антиорусиялык санкцияларына жооп экенин белгиледи. Ал ошондой эле эки өлкөнүн алакасы «жакынкы арада оңолоруна» көзү жетпесин дагы айтты.

Америкалык мыйзам чыгаруучулар Орусияга каршы санкциялардын жаңы топтомун даярдап, аны президент Трампка кол коюуга жибергенден кийин Москва Кошмо Штаттардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштегендерди кыскартуу чечимин жарыялады.

Кремл дипломатиялык миссияларында кызмат өтөгөндөрдүн кимисин кыскартуу укугун Вашингтонго берет. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 755 кишинин арасында америкалыктар менен катар орусиялыктар дагы болушу мүмкүндүгүн 31-июлда билдирди.

“Алар жалгыз гана Орусиядагы америкалык дипломаттар эмес. Биз дипломаттар, дипломатиялык макамы жоктор жана келишим менен иштеген жергиликтүүлөр – орус жарандары тууралуу сөз кылып жатабыз” деп тактады Песков. Ошондой эле америкалык мыйзам чыгаруулар даярдаган Орусияга каршы санкиялардын жаңы топтомун “качан АКШ президенти Трамп кол коёт деп күтүп отуруунун эч кажети” жоктугун дагы айтты.

Мамлекеттик департамент болсо, Орусиянын мындай чечимин “орунсуз” деп баалайт. Кошмо Штаттардын Москадагы мурдагы элчиси Майкл Макфол эгер Кремлдин чечими ишке ашса, АКШга виза сураган орусиялыктар “жумалап, алтургай айлап” күтүп калышы мүмкүн деп эскертет.

Москвада иштеп кеткен америкалык мурдагы дипломат Дональд Йенсендин айтканы боюнча Кремлдин чечими алды менен орусиялыктарга залакасын тийгизет. Москвадагы АКШнын элчилигинде жана башка чоң шаарлардагы консулдуктарда жергиликтүү орусиялыктар келишим менен иштешет.

«Кимди кыскартуу америкалык бийликтердин кароосуна берилгендиктен, Вашингтон өз дипломаттарын эмес, орусиялык жарандардын келишимдерин токтотот» деп жоромолдойт Йенсен Би-би-си кызматына.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 1-сентябрга чейин АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө: Москвадагы элчиликте, Санкт-Петербургдагы башкы консулдукта жана Екатеринбург менен Владивостоктогу консулдуктарда 455 кишиге чейин кыскартууну жарыялаган. Москва ушунча сандагы кызматкерлер Орусиянын АКШдагы диломатиялык миссияларында кызмат өтөөрүн жүйө келтирет.

Орусиянын тышкы иштер мекемеси 1-августтан тарта америкалык дипломаттар Москвада пайдаланып жүргөн кампаларды жана Серебрянный Бор деген жердеги конок үйдү колдоно албай калышы мүмкүн экенин буга чейин эскерткен.

Өткөн жылдын этегинде президент Обаманын администрациясы Мэриленд жана Нью-Йорк штаттарындагы орусиялык дипломаттарга тиешелүү комплекстерди кайра алып, 35 дипломатты өлкөдөн чыгарган чечимине Москванын жообу жогорудагыдай болгон.

Вашингтон менен Москва ортосундагы алака Орусиянын Украинадагы агрессиясынан, Москванын Сирия согушундагы ролунан жана Кремлдин АКШдагы 2016-жылкы шайлоого кийлигишкени тууралуу шектенүү күчөгөндөн кийин начарлады.

Орусия болсо Вашингонду акыйкатсыз жана “мыйзамсыз” түрдө санкциялар, башка чаралар аркылуу изоляция кылып жатат деп айыптап келет. Тышкы иштер министрлиги америкалык санкциялардын жаңы топтомун эл аралык мамилелерде Кошмо Штаттардын “чектен чыккан агрессиясы” деп атады.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс 30-июлда Фокс-Ньюс телеканалына Эстониядан берген маегинде Трамп “чукул арада санкцияларга кол коёрун” айтты. “Бирок ошол эле маалда Орусиянын жүрүм-турумунун өзгөрүшүн күтүп жатканыбыз анык” деди Пенс.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG