АКШ бийликтеринин Ирактагы жана Ооганстандагы түрмөлөрүндөгү адам укугун бузууларды ашкерелеген фотосүрөттөрдү ачыкка чыгарууга макулдук берүүсүнө “Жарандык эркиндиктин америкалык союзунун” арызы негиз болду. Адам укугун коргоочу таанымал уюм
Багдаддын ныптасындагы Абу Грейб абагында америкалык аскерлер туткундарга көрсөткөн кордуктарды күбөлөгөн сүрөттөр президент Буштун тушунда эле коомчулукка жайылып кеткен эле.
“Жаңы жарыяланчу фотосүрөттөр Буштун администрациясынын сөзүн калпка чыгарып, туткундарды кемсинтүүлөр Абу Грейб менен эле чектелбегенин айкын күбөлөйт”, дейт “Жарандык эркиндиктин америкалык союзунун” адвокаты Амрит Сингх.
Барак Обама 16-апрелдеги меморандумунда кээ бир адам укугун коргоочу уюмдарды сооротуу үчүн Буш заманындагы туткундарды ашыкча кыйноолор териштирилип, жооптуу адамдар жазага тарталат деп билдирген. Бирок “Борбордук чалгындоо кызматы-ЦРУнун кызмат жоболоруна ылайык аракеттенген агенттери жоопко тартылбайт”, деп сөз берген АКШ президенти. Обаманын айтышынча, “Өткөн иш үчүн бирөөнү күнөөлөгө убакыт жана күч сарптагандан эч ким пайда таппайт”.
Учурда Кошмо Штаттарда мурдакы президент Буштун тушунда террорчу деп шектелип кармалган адамдарды кыйноолорду иликтөөнүн зарылдыгы боюнча курч талкуу жүрүүдө.
Коргоо министри Роберт Гейтс да бейшемби күнү Түндүк Каролинадагы Кэмп-Лежен аскер базасында болгон кезде өз ишин мыйзам чегинде аткарган ЦРУнун кызматкерлери жоопко тартылбайт деп ишендирди:
-Биринчиден жана баарынан мурда ишендирип кетем: Суракка катышкан ЦРУнун кызматкерлери өз милдетин Адилет министрлигинин мыйзамый көрсөтмөсүнө жараша аткарган болсо жоопкерчиликтен корголот, алар корголоорун мен жазбай туюп турам.
Барак Обама үстүбүздөгү жумада мыйзамда жок кыйноолорду колдонгон адамдарды жоопко тартуу жагын Адилеттик министрлиги чече турганын, Конгресс туткундарды кордоп-кемсинтүүлөрдү иликтөө боюнча бейтарап комиссия түзүшү этимал экенин билдирген кабарчыларга.
Ал эми Буштун өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү, анын ичинде вице-президент Дик Чейни мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен туткундардан баалуу чалгындоо маалыматтары алынганын айтышып, аны тастыктаган документтерди жарыялоону Ак Үйдөн сурап жатышат.
Мурда америкалык аскерлер туткундарды кыйнаган абакта отурган адамдар тыш дүйнө менен Интернет аркылуу байланыша алышат. Ирак өкмөтү Абу Грейб түрмөсүн февралда "Багдаддын борбордук түрмөсү" деп кайра атаган.
2004-жылы АКШнын Адилет министрлигине жолдогон катында терроризмге каршы согушта кармалган туткундарды жобунсуз кыйноолор түшүрүлгөн 42 сүрөттү жарыялоону, эгер “жок” десе, анын жүйөөсүн айтууну сураган.Багдаддын ныптасындагы Абу Грейб абагында америкалык аскерлер туткундарга көрсөткөн кордуктарды күбөлөгөн сүрөттөр президент Буштун тушунда эле коомчулукка жайылып кеткен эле.